Юристанбек Шыгаев Бээжинде көргөзмө өткөрөт

Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев Бээжинде коюлчу жеке көргөзмөсүнө даярдык көрүүдө.

Сүрөтчү бир чети Пекинде өтчү эл аралык жеке көргөзмөсүнө, бир чети Бишкекте күзүндө ачылчу кыргыз сүрөтчүлөрүнүн “Акварельдин кайрылуусу” көргөзмөсүнө даярдык көрүп, кийинки учурда сүрөтчүлөр көп иштебей калган кадимки акварель боектору менен сүрөттөрдү тартууда. Учурунда акварель менен белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрү Айтиев, Чуйков, Ильина, Осташев, Жумабаев, Кошоевдер жана орустун атактуу сүрөтчүлөрү Репин, Суриков, Серовдор иштеп келген.

Юристанбек мырзанын пикиринде, “Акварельдин кайрылуусу” көргөзмөсүн ачуунун максаты да сүрөт жаратуунун мына ушул техникасын сактап калуу жана андан ары өөрчүтүү. Сүрөтчүнүн айтымында, акварель менен иштөө – кыйла жоопкерчиликти талап кылат:

Мен азыр көл жээгинде баягы студент кездегидей акварель боекторуна кайрылып, сүрөттөрдү тартып жатам. Себеби акварельдин суу менен иштеген өзгөчө бир техникасы бар. Бул жерде май боекко ак краска кошуп, бузуп алсаң, кайра иштей бергендегидей эмес. Бир бузуп алсаң, кайра башка кагаздан баштоого туура келет. Ошондуктан акварель менен иштөө бир чети кыйын, бир чети өзгөчө сезгичтикти талап кылат.

Аталган “Акварель кайрылуусу” көргөзмөсү өткөндөн кийин, анда коюлган эмгектердин негизинде өзүнчө китеп чыкмакчы. Ал китеп кийинки убакта акварель боектору менен иштебей калган жаш кыл калемчилерге методикалык колдонмо болуп калат.

Акварель боектору менен кыргыз турмушун, кыргыз жаратылышын кагазга түшүрүү менен Юристанбек мырза көл жээгинде дүйнөлүк жомокторго, уламыштарга кайрылган “Троя уламыштары” жана “Алтай” аттуу түрмөктөрдүн үстүндө иштөөдө:

Негизи менин чыгармаларымдын өзөгүн – мифтер, жомоктор, уламыштар түзөт. Ошондуктан мен Троя мифтеринен өзүнчө серия жаратып жатам. Андан тышкары, мен 2002-жылы Алтай жергесине чыгармачылык сапар менен барып келген элем. Ошондо ал жердеги бир тууган элдин элесинен, турмушунан бир шилтемдерди жараткам. Ошолорду азыр кайрадан бышыктап, акварель боектору менен иштеп жатам. “Алтай түрмөктөрү” “Акварель кайрылуусу” сүрөт көргөзмөсүнө катышам буйруса.

Кыргыз элинин атактуу акыны Алыкул Осмоновдун 2010-жылы 95 жылдык мааракеси белгиленмекчи. Андыктан Алыкул фонду кечээ жакында сүрөтчүлөр арасында “Мезгил жана Алыкул” сүрөт сынагын жарыялады. Юристанбек Шыгаев өз кыл калеминде Алыкул Осмоновдун бейнесине да кайрылмакчы.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 05.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.