Жаңырган “Россия” кинотеатры

“Россия” кинотеатрын оңдоп-түзөө иштери «SK Cinema» компаниясы тарабынан жасалып, бир жарым жылга созулган.

Мурда кинотеатр 1000 орундуу болсо, эми 300 көрүүчүгө ылайыкталган. Мындан тышкары кафе-ресторан ачылып, боулинг зал жана балдар ойноочу бөлмө жасалган. Мунун баарына 3 млн доллардан ашык каражат жумшалган. Кинотеатрдын жетекчиси Елена Коханенко жаңыртылган “Россия” кинотетары көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт деген ишенимде:

– Бул кинотеатр шаардын тургундары үчүн татыкттуу эс алуучу борбор болду го деп ойлойм. Эң негизгиси кинотеатр улуу муундагы көрүүчүлөргө да жаштарга да ылайыкташтырылган. Жаш балалуу ата-энелер, кино көрүп, балдарын да ойнотуп, кафе-ресторанга кирип, көңүлдүү кеч өткөрүшсө болот.

Ал эми фото журналисттер уюмунун жетекчиси Владислав Ушаковдун айтуусунда, кинотеатр жогорку деңгээлде жакшы жасалгаланган:

– Мага аябай жакты. Мен ойлойм, бул кинотеатр эл аралык деңгээлде жасалган Бишкектеги алгачкы эс алуучу борбор болот. Эми сырттан коноктор келип калса, ушул жерге алып келип сыйласа болот экен. Буга чейин “Октябрь”, “Ала-Тоо” кинотеатрлары деле оңдоп-түзөлгөн. Бирок алардын кээ бир жери жакшы болсо, айрым нерселери анча коошпой калган.

Бул кинотеатрда ар кыл өлкөлөрдүн киножумалыктары, маданият күндөрү өтүп турат. Кинозалдан көрүүчүлөр жаңы чыккан, дүйнөгө белгилүү тасмаларды көрө алышат. Ал фильмдердин тизмеси бир ай мурда илинет. Ошондой эле кыргыз тасмалар да байма-бай көрсөтүлүп тураарын билдирди кинотеатрдын жетекчиси Елена Коханенко:

Албетте, биз Кыргызстанда жашап жаткандан кийин өз элибиз, өз жерибиздин маданиятын, көркөм өнөрүн өнүктүрүүгө салым кошуп, колдойбуз. Андыктан кинотеатрдын кире беришине кыргыздын режиссерлору тарткан тасмалардын галереясын ачууну ойлоп жатабыз.

Мына ушундай жаңы жасалган Россия кинотеатрынын ачылыш аземи эреңкиге пландаштырылууда. Ага бийлик өкүлдөрү, көркөм өнөр ишмерлери чакырылган. Келген коноктор жаңы кинозалдан тасма көрүшүп, “Артекс” тобунун киноконцертине күбө болушат. Мындан сырткары ар-кыл оюн-зооктор уюштурулуп, кечинде кинотеатрдын алдына курулган фонтандын ачылышы болот деп кабарлады Елена Коханенко.

Киноеатрдын ачылышы бүгүн кечки саат бешке пландаштырылууда.

Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 06.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.