Кыргызстанда чыгарылган китептердин арасында «KG-бестселлер» акциясы башталды

Кыргызстанда басып чыгарылган китептердин арасында «KG-бестселлер» акциясы башталды. Мындай иш чаранын долбоору «Ачык Азия» кайрымдуулук фондуна таандык. Маалыматтык колдоону «Кыргызстандын жаңы адабияты» порталы менен «Европа плюс» радиосу көрсөтүүдө.

Маалыматка ылайык, аталган акциянын жыйынтыгы жыл соңунда чыгарылат. Ал эми акциянын жүрүшү жөнүндө маалымат массалык маалымат каражаттарында чагылдырылып, “Европа плюс” радиосу аркылуу маалымдалып турмакчы.

Бестселлер англис сөзүнөн алынган жана анын түз мааниси «жакшы сатылган» дегенди түшүндүрөт. Учурда бестселлер деп эң популярдуу көп сатылган китептер аталып келет.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 13.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.