Токтогул сыйлыгы жаңы лауреаттарга тапшырылды

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовго “Архат” романы үчүн жана Кыргыз эл артисти Элвира Асанкуловага Вердинин “Травиата” операсындагы Виолеттанын партиясы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу салтанаты болду.

Салтанатты вице премьер министр Өктөмкан Абдуллаева ачып, өкмөттүн Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовго жана Кыргыз эл артисти Элвира Асанкуловага Токтогул мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу боюнча Жарлыгын окуду. Андан кийин Өктөмкан Абдуллаева аталган сыйлыктын жаңы лауреаттарына Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын дипломун, төш белгисин жана 50 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгын тапшырды.

Токтогул мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу комиссиясынын төрагасы Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев аталган сыйлыктын жаңы лауреаттары Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов менен Кыргыз эл артисти Элвира Асанкулованын сыйлыкка татыган чыгармалары тууралу “Азаттыкка” мындай пикирин билдирди:

Элвира Асанкулованы уккандар жакшы баалай билиш керек. Ал Италияда стажировкадан өтүп келген. Аякка бекер эле кабыл ала бербейт. Анан ал жерде стажировкадан өтүп келгендердин ырдоо маданияты да жогору болот. Ал эми Казат Акматовдун “Архат” романы адабиятыбызда жаңылык катары эсептелүүдө. Бул жөнүндө талаш-тартыштар да болуп кетип жатат. Мунун баары табигый нерсе албетте. “Архат” эми көндүм болуп калган чыгармалардан тышкары, жаңылык катары жазылган чыгарма.

Казат Акматовдун “Архат” романын Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Кеңеш Жусупов да Кыргыз адабиятындагы жаңы нуктагы, жаңы бурулуш багыттагы чыгарма деп атады:

Чет элде жашаган жаш кыргыз жигитинин тагдыры жөнүндө, анын чыгыш философиясына кызыгуусу тууралу мындай чыгарма кыргыз адабиятында алгачкы жолу жазылып жатат.

Ал эми Кыргыз эл артисти Элвира Асанкулова Вердинин “Травиата” операсында ойногон Виолеттанын партиясы тууралу “Азаттыкка” мындай оюн билдирди:

Бул менин аябай жакшы көргөн чыгармам. Бул чыгарманын үстүндө абдан көп иштедим. Ар бир ариясынын өзү өзүң тууралу бирдеме айткың келгендегидей таасир калтырат. Дегинкисин Вердинин музыкаларынын бирде назик, бирде терең, бирде дарыядай шоокум аткан техникаларын көп иштедим.

Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматов “Архат” романын учурунда Чыңгыз Айтматов жогору баалаганын эскерди:

Бул китептеги эң башкы тема – “эго” темасы. Адамда “мен” деген жеке сезим болот. Ал баарыбызда бар. Ошол “мен” деген өкүм сезим, “эго” сезим – жер үстүндөгү бардык адилетсиздикти жасаган ошол. Романдын негизги философиялык темасы ошол. Анан “Архатты” Чыңгыз Айтматов “бул супер тема” деди, кыргыз телесинен сүйлөп. “Бул тема дүйнөлүк адабиятта жок эле, Казат супер теманы дүйнөлүк адабиятка алып келди” деп айткан Чыңгыз Айтматов ошондо.

Фатима Абдалова, «Азаттык», 13.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.