ЫЙЫК РАМАЗАН АЙЫҢЫЗДАР КУТТУУ БОЛСУН!

20-сентябрь – Орозо айт 27-ноябрь – Курман айт

Орозонун тарыхынан

Орозо – бул тамактан, суусундук ичүүдөн, аялы менен кошулуудан баш тартып, таң аткандан күн батканча ибадат кылыш үчүн берилген ай.

1426-жылдан бери мусулмандар орозо кармап келишет. Алла Таала Куранда: “Рамазан айы – адамдарга түз жол көрсөткөн жана чындык менен жалганды ажыратуу үчүн Куран түшүрүлгөн ай” деген. Ошентип, “орозо кармоону Алла Таала милдеттендирген, ал эми Мухаммед пайгамбар аны элге жеткирген” делет.

Орозодо тыюу салынган нерселер:

1. Аялзаты, эркектер менен өбү­шүү.
2. Аялзатын кумарланып көпкө тиктөө.
3. Жыныстык катнаш туурасында ойлонуу.
4. Аялга колу менен же денеси менен тийишүү.
5. Оозду шилекейге толтуруп, анан жутуу.
6. Эч зарылсыз тамактан ооз тийип көрүү.

Орозону буза турган себептер:

1. Күндүз атайлап тамак ичүү.
2. Ооз жабык учурунда жыныстык катнашта болуу.
3. Атайлап кусуу.
4. Ичеги-карынды тазалаш максатында клизма жасоо, кан азыктарын венага куюу.
5. Айыз кандын келиши.
6. Дарылоо максатында организмден кан алуу.

Эскертүү

1. Ким эгерде Рамазан айында күн­дүзү жыныстык катнашка барса, орозо кармап бүткөндөн кийин күнөөсүн жууш керек. Бул күнөөнү жууш үчүн катары менен эки ай (60 күн) орозо кармалат.
2. Эгер орозо кармоого шарты, мүм­күнчүлүгү жок болсо, анда 60 кембагалга тамак бериши керек.
3. Ким орозодон карызы бар болсо, кийинки орозого чейин карыз орозосун кармашы керек.
4. Эгер “Меккеге барам же орозо кармайм” деп убада кылган адам көз жумса, анда анын ордуна убадасын өкүл аткарат.

Ооз бекитүү дубасы:

Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илил магриби, халисан лиллахи таүала Аллаху акбар.

Мааниси:

Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллоху акбар.

Ооз ачуу дубасы:

Аллохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва аүлайка таваккалту, ва аүла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту.

Мааниси:

Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.

Кадыр түн 15-сентябрдан 16-сентябрга караган түнү болот.

Рамазан 2009-жыл

Рамазан айы

Август-Сентябрь

Ооз бекитүү убагы
(саарлык)

Ооз ачуу убагы

(ифтар)

1

Август 21

4:15

20:04

2

22

4:17

20:03

3

23

4:18

20:01

4

24

4:20

19:59

5

25

4:22

19:57

6

26

4:2

19:55

7

27

4:25

19:54

8

28

4:26

19:53

9

29

4:28

19:51

10

30

4:30

19:49

11

31

4:31

19:47

12

Сентябрь 1

4:33

19:45

13

2

4:34

19:44

14

3

4:36

19:42

15

4

4:38

19:40

16

5

4:39

19:39

17

6

4:41

19:37

18

7

4:43

19:35

19

8

4:44

19:34

20

9

4:46

19:32

21

10

4:48

19:30

22

11

4:50

19:28

23

12

4:51

19:26

24

13

4:53

19:25

25

14

4:55

19:24

26

15

4:56

19:22

27

16

4:58

19:20

28

17

4:59

19:19

29

18

5:00

19:17

30

19

5:01

19:15

Убакыттар Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынан алынды.

Эскертүү: Ооз бекитүү, ооз ачуу убактылары Бишкек убактысы боюнча берилди. Айдын чыгышына карап орозонун башталышы бир күнгө айырмаланышы мүмкүн. Ысык-Көлдө Бишкек убактысынан 10 мүнөт мурда, ал эми Ош аймагында 15 мүнөт кийин эсептелет.

Сүйүн Кулматова (koom@super.kg),
«Супер-инфо», 14-20.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.