«Жаңы Ала-Тоо» журналынын № 2-3-сандары жарык көрдү

Журналдын бул санында М. Элебаевдин «Зарлык» аңгемеси, Ч. Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын уландысы, М. Сабыровдун «Кино» повестинен үзүндү, Ж. Токтогазиевдин «Зарурат закым» аңгемеси, Ш. Калыковдун элет кайрыктары, кыргызчага У. Жунушбаев тарабынан алгач которулган А. Солженицындын «Иван Денисовичтин бир күнү» чыгармасы, тажик жазуучусу Саттор Турсундун «Түнкү сапар» аңгемеси Мирзохалим Каримовдун котормосунда, уйгур жазуучусу Рахимжан Ушуровдун «Кейбир» аңгемеси Абдылда Карасартовдун котормосунда, Исраил Ибрагимовдун «Сорока на виселице» чыгармасы орус тилинде, дүйнө элдеринин көөнөрбөс казынасына айланган «Миң бир түн» жомогунун Жылкычы Жапиев тарабынан которулуп жаткан жаңы котормосу жарыяланды.

Андан сырткары Майрамкан Абылкасымованын, Кемел Белековдун, Атантай Акбаровдун, Абдыжапар Эгембердиевдин, Таалай Бакытаевдин, Мээрим Сатарованын жана Чолпон Субакожоева которгон боордош казак элинин белгилүү акыны Есенгали Раушановдун жан эргиткен поэзияларын да окуй аласыздар. Ошондой эле Балбай Алагушовдун изилдөөлөрү, Болот Акматовдун адабий талдоосу, Советбек Байгазиевдин публицистикасы, Токторбек Өмүрбековдун кыргыз тарыхындагы белгилүү инсандар тууралуу жана Темирбек Токтогазиевдин «Апостол Варнава» аттуу макалалары окурмандарды кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.

“Кыргызстандын жаңы адабияты”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.