Жаш жазуучулар үчүн тренинг өтөт

Ушул жылдын 20-августунан 23-августка чейин 16-25 жаш курактагы чыгармачыл жаштар үчүн тренинг өтөт. Иш чараны «Көчмөн» жаш жазуучулардын демилгелүү тобу уюштурууда. Тренинг И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филиалында «Сорос-Кыргызстан» фондусу менен аталган университеттин алдындагы Адабиятчылар клубунун колдоосунда өтөт. буул туурасында «Көчмөн» жаш жазуучулар демилгелүү тобунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тренингке жалпысынан 27 адам катышып, иш чаранын акырында конференция өтүп, мыкты үч авторго баалуу байгелер, калган катышуучуларга сертификаттар берилет.

Уюштуруучулардын айтуусунда, тренингдин максаты жаш жазуучуларга проза жана поэзия айдыңында профессионалдуу адабий жазуу боюнча ыкмаларды үйрөтүү, адабий мүмкүнчүлүктөрдү артырууга көмөктөшүү, ошондой эле жаш акындар менен жазуучулар пикир алыша тургандай адабий чөйрөнү түзүү болуп саналат.

Мындай тренинг алгач катышуучулардын таанышуусу менен башталып, андан соң алар поэзия жана проза жанры боюнча топторго бөлүнүшөт.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 17.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.