Төкмө акын Майра Керим кызы дүйнөдөн өттү

7Төкмө акын, обончу Майра Керим кызы катуу оорудан кийин бүгүн мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу- Сай айылында туулган. Кыргыздын келини жана жээни Майра Керим  кызы Эл аралык жана Республикалык көптөгөн сыйлыктардын катышуучусу жана жеңүүчүсү болгон. Анын элүүдөн ашык обондуу ырлары эл арасында ырдалып жүрөт. Манасчы Талантаалы Бакчиевдин маалыматына караганда маркумдун сөөгү Тоң районундагы Ак-Сай айылына коюлат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу маалымдады.

Zpress.kg” МА, 18.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.