Бүт кетебиз. Биздин өмүр – көз ирмем. Бир жакшылык калат элдин эсинде

Журналисттик кесиптин аркасынан жүрүп, элибиздин азыр аты уламышка айланып бараткан айрым залкар адамдары менен бетме-бет жолуккам. Алар азыр арабызда жок. Ошолордун учкундай жылт этип эсте калгандары жөнүндө азыноолак.

1968- жылдын күзү эле. Акын Совет Урмамбетовдун энеси кайтыш болгондон кийин куран окутканы айылдаштары, жакын санаалаштары чогулуп жатыптыр. “Аттуу-баштуу кишилерди көрөсүң” деп акын Абзий Кыдыров мени да ээрчитип алды. Анда “Мугалимдер газетасында” корректор болуп иштечүмүн. Бардык.

Конок бөлмөдөгү узун үстөлдүн башында өңү карасур, алп денелүү киши отуруптур. Абзий байке: “Иса Ахунбаев деген атактуу дарыгер ушул киши” деп үнүн акырын чыгарды. Совет Урмамбетов экөө айылдаш. Көлдүн Тору-Айгырынан экен. Куран окулуп, батадан кийин тамак-ашка кезек келди. “Карган кишиникин той деп коелу. Беркиден айып көрбөсөңөр анча-мынчадан…” деп үй ээси сөзүн бүтпөй эле чай ичилген соң шиш такалуу рюмкаларды ар кимдин алдына койдура баштады. Төрдө отурган Иса Ахунбаев:

– Бул жалгыз буттуу турнадай немеңерди ары алып кеткиле. Мага баягы эле өзүмө окшогон талпайганга куйгула, – деди. Анысы 250 граммдык кырдуу стакан экен. Ошого толтура куюлганды бир гана жолу ичти да башка ичкен жок.

* * *

1975-жылдын жайы аяктап бараткан. Мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын жазганы Ош облусуна командировкага жөнөп калдым. Анда Баткен, Жалал-Абад облустары жок, бир эле Ош облусу болчу. “Мугалимдер газетасынын” башкы редактору Жунай Мавлянов “Партиянын Ош обкомунун биринчи секретары Султан Ибраимовго” деп жазылган ичинде каты бар конвертти берди. Өзү болбосо кабылдамасына беришим керек экен.

Кечки саат бештен өткөндө обкомго келсем, эшигинде турган милийсалар киргизбей койду. 10-15 мүнөт өткөндөн кийин маңдайы жайык, кең далылуу кара костюмчан орто курактагы адам сыртка чыкты. Эшикке жакын турган мени көрүп:

– Кимге келдиң эле жигит? – деп сурады.

– Султан Ибраимов агайга кире албай турам, – деп жооп бердим.

– Жүрү анда, кабинетке кирели. Ошол киши мен болом, – деп экинчи кабатка ээрчитип жөнөдү. Эшиктен киргизбей койгон милийсалар таңдана артымдан карап калышты.

Ал кезде компартиянын күчтүү мезгили, обкомду кой, райкомдун биринчи секретары оңойлук менен кабыл алчу эмес.

* * *

Фрунзенин футболдук “Алга” командасы дүңкүлдөп күчтүү болуп турган 1969-жылдын жайы. Анын оюндарынан калчу эмеспиз. “Спартак” стадионуна троллейбуста досторум менен бака-шака түшүп келатканбыз. Бир аялдамадан Кусейин Карасаев аксакал троллейбуска кирди. Отургандар ордунан козголо электе ордумдан тура калдым да:

– Келиңиз Кусейин аба, отуруңуз, – деп орундукту көргөздүм.

Ал киши жылмайып:

– Мени тааныйт турбайсыңбы. Ыракмат уулум орун бергениңе. Буларга окшоп жаштайыңдан карый элегиң жакшы, – деп тиги ордунан козголбогон жаштар жакка кол шилтеп койду.

* * *

1972-жылдын 10-май күнү Түгөлбай Сыдыкбековдун борборубуздун Раззаков (анда Биринчи май), Москва көчөлөрүнүн кесилишинин түштүгүрөөк жагындагы эки кабат үйүнүн короосундагы сөрүдө ал киши экөөбүз отурабыз. Атактуу жазуучунун 14-майда белгилене турган 60 жылдык мааракесин гезитке жазганы редакциянын тапшырмасы менен баргам. Ал киши окуучуга жат жазуу жаздырып жаткан мугалимдей ар бир сөздү тактап айтып берип жатып мындай деди:

– Менин айтканымдай даана, так жаз. Кичине эле бир илинчек болсо досторумдан көп душмандарым: “Түгөлбай оюна келгенди оттоп, былжыраптыр”, – деп ийиниме чейин жете алышпаса да ылдыйлатып асыла беришет.

Жума МАМБЕТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.