“Көкүрөгүм канааттанды, а көңүлчү?”

Кыргыз улуттук Т.Абдымомунов атындагы драма театрында элүү жылдан ашуун эмгектенип, бир нече фильмдерде баш каармандарды жараткан, КР эмгек сиңирген артисти Искра РАИМКУЛОВАнын жарым кылым басып өткөн чыгармачылык жолуна кылчая карап, азыркы абалы тууралуу кеп курдук. Маектешибиз бир аз ооруп аткан экен. Ошентсе да, сыр сандыгын бизге төгүп бергендей болду.

А.Малдыбаев жезде, А.Аманбаев таяке эле
Мектепте окуп жүргөндө эле артист болууну самачумун. Апам: “бир туугандарымдын баары искусство адамдары” деп кичине чагымда көп айтып калар эле. Апамдын жездеси атактуу Абдылас Малдыбаев, таякеси кыргыздын кыйырына таанымал бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын күйөөсү, композитор Акмат Аманбаев болчу. Орто мектепти аяктаганда Москвага театралдык институтка тапшырып, актриса болом деген тилегим ташкапты. Себеби, Москвадагы театралдык институтка тапшыруу сынагы беш жылда бир болгондуктан кабыл алуу болбойт экен. Дагы үч жыл күтпөй окуй берейин деп педагогикалык институттун англис тили адистигине кирдим. Апама күнүгө: “Туугандарымдын баары искусство адамдары деп мактанасыз, мени театрга кабыл алышсынчы” деп калчу элем. Экинчи курста окуп жүргөндө көктөн издегеним жерден табылгандай болду. Ошол кезде белгилүү советтик кинорежиссерлор А.Сахаров менен Э.Шенгелая “Муз жүрөк жөнүндө баян” көркөм фильмин тартып жатышкан экен. Мени ошол фильмдеги Берметтин ролун аткарууга чакырышты. Албетте, бул ишеним мен үчүн ары сыймыктуу да, жооптуу да алгачкы кадам болду.

Сынаган Бакен эже, ызаланган мен
Ушул фильмге тартылгандан кийин искусствого деген каалоом ого бетер күч алды. 1957-жылы институттагы окуумду таштап, театрга экзамен берип, кызматка орноштум. Адеп кирүү сынагына киргенде комиссия мүчөлөрүнүн арасынан Бакен Кыдыкеева менден этюд жасоону талап кылды. Сценарий боюнча талаада кыңылдап ырдап, тезек терип жүрүп, капысынан жылан көрүп чочуп кеткен кыздын образын жаратышым керек эле. Жакшы эле кыңылдап ырдап, тезек теримиш болуп жүгүрүп келе жатып, чындап эле жылан көргөндөй бакырып чочуп, андан качам деп чалынып жыгылып түштүм. Мени карап отургандардын баары каткырып күлүп калышты. Жыгылганыма ызаланып, мени шылдыңдап атышат деп көмкөрөмөн түшүп ыйлап атсам, Арсен Өмүралиев: “Ой, сен эмне ыйлап атасың. Сени театрга кабыл алмай болушту, мактап жатышат, тур өйдө!” дегенде кубанычымда чек жок эле. Ошондон кийин көптөн күткөн тилегим орундалып, театрга кабыл алышты. Мурда эки-үч ай сынак менен иштетип, анан театрга кабыл алышчу. Мени дароо эле кабыл алып, бирок, эч кимге айтпай тур, атаандашуу болбосун дешти. Иштегениме бир ай болуп калган кезде алгачкы маянамды алдым. Алган акчаны колумда уучтап жүрө берип, кечинде апама алып барсам, тердеген алакандан акчанын бир тобу эзилип кетиптир. Менин акча алып келгенимди көргөн апам сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберди.

Эркек балдардын ролун Сабира эжеден өткөрүп алгам
Мен театрга киргенде эркек балдардын ролун Сабира Күмүшалиева эже ойноп жүргөн экен. “Эми мен карыдым, эркек балдардын ролун ойнобойм” деп мага айтты. А мен эркек балдардын ролун ойногонду жаман көрөм, лирикалуу, драмалуу кыздардын образын жараткым келет десем, Муратбек Рыскулов: “Учурунда аларды да ойнойсуң, азыр баланын ролуна киши жок болуп атат” деп койду. Ошентип, 1961-жылы Б.Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасындагы кичинекей Жеңишбектин образын жараттым. Театрдагы биринчи образым ийгилик алып келгендигин жашыра албайм. Драмадагы Жеңишбек бирде эрке, бирде кара мүртөз, а кээде жеткен тентек болот. Кээ бир эпизоддордо жетимсиреп, өгөй чоң энесинин жемесине теригип, кайгырат. Кыскасы, балалыгы бир орунда токтобогон кулк-мүнөзү бар Жеңишбекти аткаруу, албетте, адегенде мага татаал болду. Көчөдөгү эркек балдар кантип сүйлөшөт, кантип ойношот деп, аларды байкасам чын эле абдан кызык экен. Кээде мушташып, бирок кайра эле тил табышып, ойноп каларын баамдадым. Эркек балдар орой, кыска сүйлөшөт тура деп көңүлүмө түйүп алдым. Бир күнү эркек балдарды аңдып жүрсөм ошол жердеги бир бала мени көрүп: “Эй, ты что смотришь?!” деп жаныма келип, жамбашка бир тепти. Дагы урганы келатканда качып жөнөдүм. Качып баратып жыгылып колум да канап кетти. Ошентип жүрүп эркек балдардын кулк-мүнөзүн толук өздөштүрүп алдым.

Искра атым өчүп, Жеңишбек атка кондум
Биринчи жолу сахнада Жеңишбекти ойногондон кийин элдин баары туруп дүркүрөтө кол чабышты. Спектакль бүткөндө көшөгөнүн артынан Муратбек Рыскулов көзүнүн жашын көлдөтүп: “Жекин, сен анык Жекинтай болдуң” деп бооруна кучактап алып экөөбүз көпкө ыйладык. Бизди баары келип куттуктап, өөп жатышты. Мен болсо кандай ойногонумду өзүм сезген жокмун. “Атанын тагдырынан” кийин мени Искра дебей, Жеңишбек деп да чакырып калышты. Ушул спектакль сахнада беш жүздөн ашуун коюлду.Ошондон кийин үстөккө-босток эркек балдардын ролун бере башташты. Баш-аягы он эки эркек баланын ролун ойноптурмун. Эркек балдардын ролун аткарарда көкүрөгүм билинбесин деп катуу таңып алар элем. Катуу таңып алганга кээде үнүм чыкпай, дем алалбай калган учурлар да болгон. Бирок, эч кимге сыр бербей, сахнада “эркек” экенимди далилдечүмүн. Ал эми Муратбек Рыскулов ошол спектаклден кийин мени Жекинтай деп атап калды, мен аны өмүрү өткөнчө ата деп жүрдүм.

Эркек эмес, аял экениме таң беришти
1965-жылы Москвага “Атанын тагдырын” коюп барып калдык. Спектакль аяктагандан кийин москвалык театр сынчысы жаныма келип: “Кайсы театралдык институтту бүткөнсүң жигит?” деп сурап калбаспы. Эмне айтаарымды билбей, мукактанып туруп калсам, Муратбек Рыскулов келип: “бул биздин улуттук театрыбыздын мектебинен окуган” деп мени ыңгайсыз абалдан чыгарды. Ал эми москвалык сынчы Жеңишбектин ролун эркек эмес, аял аткарганын билгенде аябай таң калды. Мындай окуялар менин турмушумда көп эле жолу болду.

Жульеттадай сулуу элем…
Жерге-сууга батпаган, шок өспүрүм балдардын образын жаратып жүрүп Мукем айткандай кермаралдай созулган, назик кыздардын ролдоруна өттүм. Мисалы, “Ромео менен Жульеттада” Жульеттанын образын жараттым. “Биринчи мугалимден” Алтынайды, “Уркуядан” Дүрдананы, “Күттүргөн жаз да келээр” спектаклинен Зейнепти жана башка ушул сыяктуу созулган кыздардын кейипкерин кийдим. Таттыбүбү Турсунбаева экөөбүз эже-сиңди болуп көп жүрдүк. “Ромео менен Жульеттаны” дублда ойночубуз. Бир жолу сахнада Таттыбүбү ойноп жатып бутунун оорусу кармап, жыгылды. Режиссер Бообек Ибраев мага келип: “Бол, гримм койбой эле чыга калыңыз, эл күтүп калды”, – деп шаштырды. Шашкалактап чуркап чыктым. Ромео менен Жульетта чиркөө кызматкеринин жанында бири-бирине жете албай турган эпизоду экен. Бир маалда залдан бирөө “Экинчи Жульетта деле сулуу экен” деп кыйкырып калбаспы. Андай мактоону угуп, ого бетер берилип ойнодум. Негизи Таттыбүбү атына заты жарашкан бала кыял, өтө назик жан эле. Өмүрүмдө кыргызга бир келген таланттуу өнөр адамдары Муратбек Рыскулов, Таттыбүбү Турсунбаева, Абдыашым Көбөгөнов, Бакен Кыдыкеева сыяктуу залкарлар менен иштешкениме сыймыктанам.

Алымкан, ачылган кызыл гүлдөйсүң…
Бардык эле чыгармачыл адамдар үчүн биринчи роль дароо эле ийгилик алып келбеси белгилүү. Кээ бирөөлөр ушул биринчи кадамда эле көзгө көрүнүп, ийгиликтүү дебют жасаса, айрымдары акырындык менен барып чыгармачылыктын туу чокусуна чыгат. Менин кинодогу биринчи ролум көзгө көрүнөрлүк ийгилик алып келбесе да искусствого кеңири жол ачып, кийинки чыгармачылыгыма булак катары роль ойногон кадам болду. Кийин Алымкандын ролун аткарып, аткаруучулук чеберчилигимди дагы бир жолу бекемдегендей болдум.

“Алымкан атка салган дилдейсиң,
Алымкан, ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күнү оору, бир күн соо,
Алымкан,азабың тартсам билбейсиң! – деген ыр саптарды укканда ким гана болбосун Токтогул Сатылганов деп билээр эле. 1964-жылы режиссер Балташ Кайыпов тарткан “Алымкан” аттуу телефильм жарыкка чыкты. Токтогулдун жаш чагын Дооронбек Садырбаев ойносо, Алымкандын образын мен жараттым. Дооронбек абдан шок, шайыр, куудул жигит эле. Күлдүрүп атып, эсибизди оодарчу. Тасмадагы Алымкандын жеңеси Сурманын ролун Б.Кыдыкеева ойногон. Ал: “Искра ролго берилип ойнойт,ошон үчүн ага ыраазымын” деп калчу. Мен ансайын эргип ойногум келет… Чыгармачылыгымдагы эң бактылуу эстен кеткис учурлар ушулар деп ойлойм.

Наам сураш үчүн керекпи же баалаш үчүнбү?
Жашоомдо театрга деген мүдөөмө жеттим, үй-бүлөдө эки уул, эки кыздын энесимин. Жолдошумдун кесиби бухгалтер болсо да менин чыгармачылыгымды түшүнүп, колдоо көрсөтүп турат. Менин өкүнгөнүм – театрга кичинемен аралаша албаганым. Бирок, театрдын босогосун аттап, роль ойноп, иштегениме элүү жылдан ашыптыр. Азыр пенсияга чыксам да театрсыз өмүрүмдү элестете албайм. Элүү жылдан ашык бир жерде эмгектенгендиктен, театр менин экинчи үйүм десем болот. 1977-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” наамын алгам. Наамды иштеген ишиңе жараша өкмөт өзү берет деп ойлочумун. Азыр атайылап барып, өзүңүз сурашыңыз керек деп айтышты. Учурунда биздин кээ бир артисттерибиз өздөрү чуркап жүрүп наам алышкан эле. Өткөндө менин наам алуу тууралуу оюмду билгендердин “пенсионерлерге наамдын кереги не?” деп айткандарын угуп көңүлүм чөктү. Өткөн өмүр окулган китеп, же жазылган жомок сыяктуу өтүп кете берет тура. Мисалы, Чыңгыз Айтматов деле бу дүйнөдөн өтүп кетти, бирок, артында жасаган эмгеги, атак-даңкы калды. Жасаган ишиме көкүрөгүм канааттанды, ага өкүнүч жок, а бирок көңүлчү? Менин өмүрүм жөн гана жазылган жомок сыяктуу кала бербей, иштеген ишимдин өтөөсүнө жетип, наам алып, анан театрдан эс алууга чыксамбы деген тилегим бар. Маданият министрлиги да наам беребиз деп сөз берип келатышат, бирок…

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.