Киносынчы Гүлбара Төлөмүшова: «Биздин да, сиздердин да сыймыгыбыз»

Жакында Нарын шаарында Маргерет Мид атындагы  даректүү  тасмалардын II фестивалы  болуп өткөн. Фестиваль  алкагында өтүп  аткан «Киностан» коомдук фондунун даректери, кино-сынчы, Кыргызстан  кинематографисттер союзунун  төрагасынын  жардамчысы Гүлбара Төлөмүшовага өзү жетектеген  фонддун иш аракеттери, фестивалдын Кыргызстанда  өткөрүлүшү, жаш кыргыз режиссерлору, Маргарет Мид жөнүндө, жердешибиз А.Бекболотовдун  чыгармачылыгы тууралуу  айтып берүүсүн  өтүнгөнбүз.

-Мындан эки жылы мурда, 2009-жылдын августунун аягы  сентябрынын башында Кыргызстанда «Киностандын» автордук  кинолорунун I эларалык  фестивалы  өткөрүлгөн. Мени фестивалдын  деректирлигине  дайындашкан. Фестивалга кино тармагындагы көптөгөн чет элдик  эксперттер келишкен. Анда  биз Россияда, Борбордук Азияда жана  башка чет  өлкөлөрдө тартылган фильмдерди  көрсөткөнбүз. Фестивалда кыргыз-түрк «Манас» университетин  бүтүрүшкөн  жаш режиссерлор  Наргиза Маматкулованын, Марат Эргешовдун, Акжол Бекболотовдун фильмдеринин  бет ачары  да болгон. Алардын үч картинасын фестивалга катышышкан меймандарга  көрсөткөндө, зал кол чабууларга аябай  эле  жаңырып турду. Үч жаш режиссердун  эмгектерине  таңгалышканын  жашырышкан  жок. Фестивалга  катышкан Канн кинофестивалынын эксперти Жоэл Шапрон өткөн жылы Францияда кыргыз киносу жөнүндө  макала жарыялады. Макалада «Киностан» кинофестивалында Наргиза, Марат, Акжол жөнүндө жакшы  ой-пикирлер айтылган.

Эми Маргерет Мид фестивалына токтолоюн.Ал көчүп жүрүүчү фестиваль катары саналат жана  максат даректүү киного  көрүүчүлөрдүн  кызыгууларын арттыруу  болуп эсептелет.

Маалымат: Маргерет Мид атындагы даректүү фильмдердин эларалык  фестивалы 1977-жылдан тартып Нью-Йоркто  өткөрүлүп келет. Америкалык  табигый тарых музейинин  50 жана Мид айымдын 75 жылдык мааркелерине  арналып уюштурулган. М.Мид АКШнын  көрүнүктүү  антропологу. Ал окумуштуулардын даректүү тасмаларды тарткандыктарынын маанилүүлүгүн  белгилеген. Коомду маданий дебаттарга  жакшы үндөгөн, аларды ЖМКларда  жарыялап турган. Өткөн фестивалдарда  мазмуну  кызыктуу  жана формасы  башкача  фильмдер көрсөтүлгөн. Фестиваль  1992-жылдан бери  көптөгөн  чет өлкөлөрдө  өткөрүлүүдө.

Мен өткөн  жылы ноябрда «Будапешт ачык коомдор институтунун» өкүлдөрү менен  жолугушканда алар мурда  I фестивалды   өткөрдүк эле, эми Бишкекте  экинчисин  уюштур дешти. Маргерет Мид фестивалынын фильмдери  Кыргызстандын  региондорнуда да көрсөтүлүшүн  каалашарын айтышты.Мен макул болдум.Ал эми быйыл «Хивос» фондунун  «Будапешт ачык коомдор  институтунун» кураторлору  Бишкекке келишкенде  аларды Наргиза, Марат, Акжол менен  тааныштырдым. Кураторлор Акжол менен  жакшылап таанышышты. Анткени ал  тарткан  «Камсанабаңыз» фильми Акжол «Манас» университетинде  студент,  мастер-класстын угуучусу  кезинде «Хивос» фондунун каржылык көмөгү менен  тартылган. Айтмакчы бул фонддун өкүлү Танси Вранич айым Акжолдун «Камсанабаңыз»  картинасы өткөн  жылдын октябрь, ноябрь, декабрь  айларында  Голландияда  прокатта  болуп,  автордук  фильмдер  залында  көрсөтүлгөнүн, мындан башка көптөгөн  эл аралык  кинофестивалдарга  катышып, ондон ашык  ар кандай  сыйлыктарга  ээ болгонун, Кыргызстанда  жана андан сырткаркы  жактарда  гран-прилерге  ээ болгонун  маалымдаганыбызда  таң калуусун  жашыра албады.

Мен учурдан  пайдаланып  кураторлорума  Кыргызстандын региондорунда  даректүү киного көрүүчүлөрдү чогултуу  кыйын экендигин айттым. Башкача  бир  жол издейлик дедик, таптык. Марат менен Наргиза  түштүктөн, Акжол Нарындан болгондуктан бет ачарларды  алардын кичи мекендеринде  өткөрүүнү чечтик. Жаш режиссерлордуку менен  бирге  америкалык даректүү фильмдерин көрсөтмөй  болдук.Фестиваль жазында Казакстанда  өткөн. Кыргызстанда, Бишкекте  3-майда ачылды. Күзүндө Тажикстанда  болот. Бизге долбоордун Борбордук Азия  боюнча куратору  Казакстандын белгилүү кинотаануучусу Гүлнара Абикеева келди. Июндун башталышында  фестиваль Кызыл-Кыя шаарында, Наргиза  туулуп өскөн Кара-Дөбөдө жана Ошто «Семетей» кинотеатрында  өткөрүлдү.Эми мына, Нарындабыз.

Акырында айтаарым, Акжол Бекболотов чынында  кыргыздын  таланттуу  жаш режиссерлорунун бири. Турмушка, чыгармачылыкка  өтө олуттуу карайт. Сценарий  да жазат, роль да аткарат.  «Парздагы» башкы  ролду Акжол ойногон. «Камсанабаңызды» жана ал сценарийин жазган клиптерди чакан фильм  деп атаса  болот. Клипте  ырдын мазмунун чагылдыруу өтө татаал  экени  белгилүү. Акжол буга  карабай клипке толук  баалуу  фильм тарткандай  аябай  жоопкерчилик менен  мамиле кылат. Биз анын чыгармачылыктары  менен кичи мекенинде  толук  тааныштырып атканыбызга  кубанычтабыз. Кыскасы Акжол биздин да,  сиздердин да  сыймыгыбыз десем жаңылышпаймын.

Ж.Акиев, “Теңир Тоо” (№67-68 (13307-13308), 19-август, 2009-жыл)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.