“Тоолор кулаганда” романы – “Жаңы Ала-Тоо” журналында

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын 4-5-сандарына Ч. Айтматовдун, А.Солженицындын, К.Өгөбаевдин жана башкалардын чыгармалары чыгып жатат.

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын басууга даярдалып жаткан 4-5-жаңы сандарына Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынан, орус жазуучусу Александр Солженицындын “Иван Денисевичтин бир күнү” чыгармасынан үзүндүлөр жарыяланып жатат. Ошондой эле жазуучу Курманбек Өгөбаевдин “Баласагын” романы, Жээнбай Түрктүн аңгемелери, атактуу “Миң бир түн” жомогунун жазуучу Жылкычы Жапиевдин котормосундагы үзүндүлөрү жана жаш акын Гүлзада Турдалиеванын ырлары жарык көрмөкчү.

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын 2-3-сандары биригип жарык көрдү. Эми 4-5-номурлары да биригип чыкмакчы. Мунун себебин аталган журналдын кызматкери Нурлан Кыдыков авторлор менен байланышыбыз жакшы болбой, учурунда чыгарганга жетишпей калып жатабыз деди:

Чыгармаларды топтоодо, авторлор менен иштешүүдө бир аз кыйынчылыктар болуп жатат. Авторлор пассивдүү да болуп, бир чети редакцияга келип түшкөн көп материалдар купулга толбой калууда.

Көп жылдар басылбай токтоп калган “Ала-Тоо” журналынын уландысы катары жаңыдан чыгып жаткан “Жаңы Ала-Тоо” журналына карата айрым акын-жазуучулар өз пикирлерин билдиришкен. Алгач Алыкул фондунун жетекчиси, “Маданият” мамлекеттик басмасынын башкы редактору Памирбек Казыбаев “Жаңы Ала-Тоо” журналынын жасалгасына пикир жолдоду:

Менимче журналдын техникалык жасалгасы начар болуп чыгыптыр. Балким мунун өзүнчө себептери бардыр. Бирок “Ала-Тоону” кайра чыгаруу аракети – алкоого татырлык.

“Кыргыз Туусу” гезитинин түштүк аймагы боюнча өз кабарчысы, акын Жыпар Акунованын пикири мындай болду:

-Албетте акын-жазуучуларга, чыгармачыл инсандарга жакшы болду. Чыгармалары аз-аздан болсо да жарыяланып турат. Экинчиден окурмандарга да көркөм чыгармалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк болуп калды.

Ал эми Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү акын Байтемир Асаналиев “Жаңы Ала Тоо” журналына карата мындай сын пикирлерди айтты:

Азыркы адабиятты талдоо жок. Күчтүү жаш калемгерлердин чыгармалары жарыяланса болмок. Негизи башкы сандарын күчтүү кылып чыгаруу керек болчу. Биринчиге карай түздөлөт элдин көз-карашы да, кийинки сандары да. Бүгүнкү адабияттын жүзү чагылбаган.

“Жаңы Ала-Тоо” журналынын кызматкери Нурлан Кыдыков өзү да журналдын авторлор менен байланышы солгун болуп жатканын, андыктан журнал жаңы авторлорду, жаңы чыгармаларды күтөрүн билдирди “Азаттыкка”:

Туура, биз өзүбүз деле моюнга алып жатпайбызбы кемчиликтерди. Андыктан биз калемгерлерден мыкты-мыкты чыгармаларды күтөбүз.

Фатима Абдалова, «Азаттык», 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.