Жигери бар жигиттер же улут келечегине инвестиция

Учурда аты бар заты жок кайрымдуулук фонддору толтура. Бирок алардын чындап кайрымдуулук иштерин жасап келаткандары саналуу эле. “Бүргө баатыр” коомдук кайрымдуулук фонду мындан үч жыл мурун негизделген. Аталган фонддун президенти, жазуучу Кушубек Качыбеков өткөн доордун белгилүү инсандары Бүргө баатыр, Эр Солтоной, Сатыкей баатыр тууралуу изилдеп, көркөм чыгарма аркылуу келечек муунга бабалардын салтын, наркын жеткирип, ал аркылуу кыргыз тарыхынын актай барактарын толтурууга салым кошуп келатканы маалым. Уюшулгандан бери эле “Бүргө баатыр” коомдук кайрымдуулук фонду Чүй облусунун Панфилов районундагы жетим жана кароосуз калган балдар үйүнө каралашып келет. Быйыл фонд Суусамыр жайлоосуна 14 канат боз үй тигип, тагдырдын тай күлүк ташы аксаткан наристелер үчүн жайкы эс алуу лагерин уюштурушкан.

“Бүргө баатыр” кайрымдуулук фондунун президенти, жазуучу Кушубек Качыбеков:
“Балдар кыргыздын боз үйүн, кымызын, жайлоосун билсин дедик”

Кушубек Исанович, бул эс алуу лагери кантип түзүлүп калды?
Бир ирет мен Панфилов районундагы жетим жана кароосуз калган балдар үйүнө иш сапары менен барып, жайкы эс алуу учурунда бара турган жери жок ошол жерде жүргөн балдарды жолуктуруп, көңүлүмө ушул ой кылт дей түшкөн. Анда мектеп-интернаттын директору Райымбек Усупбаев жайкы саратанда окуучуларын эс алууга жөнөтүүнүн айласын издеп, ар кайсы жакка чапкылап жүргөн экен. Алардын бул түйшүгүн жеңилдетүү боюнча сунушумду фонддун мүчөлөрү колдоп, аны ишке ашыруу үчүн жакындан жардам берчүлөр чыкты. Биздин фонддун жигердүү мүчөсү Бакыт Кыдырмаев деген ишкер жигитибиз бул идеяны уюштурууга кеткен каражаттын негизги бөлүгүн көтөрдү. Ошондой эле бул иш- чарага “Бүргө баатыр” кайрымдуулук фондунун тышкы иштер боюнча жетекчиси Тилек Мамбеталиев да чоң эмгек сиңирди. Фонддун дагы бир мүчөсү Кубанычбек Молдобеков күн-түнү ушул иштин артынан чуркап, өзү 14 канат боз үйдүн долбоорун түзүп, чарбалык иштерин бүткөрдү. Тийиштүү жерлерге кат жазып кайрылып, жер алып, балдардын эс алуу лагерин Суусамырга уюштурдук. Мында ата-эне камкордугунан ажыраган балдар жайлоодо улуттук нарк-насилди, салт-санааны, тарыхты, нукура кыргыз турмушун үйрөнүп, ошол эле учурда кымыз ичип, эт жеп, таза абадан дем алып ден соолугун чыңдайт эмеспи. Ал эми көлгө баары эле барып эс алып жатпайбы. Азыр ошол идеянын биринчи этабы гана башталды. Биринчи кезекте 15 баланы эс алдырып жатабыз, эми 20 баланы алып келебиз.

Айтканыңызга караганда быйыл бул лагердин уюштурулушуна ишкер Бакыт Кыдырмаев демөөрчү болгон экен. А кийинки жылы кандай болот? Дегеним, баштаган иштин келечеги барбы?
Албетте, биз дайым эле кимдир бирөөлөрдөн акча сурап жүрө албайбыз. Бардык эле ишкерлер мындай чоң чыгым кыла бербейт. “Бишкек- Ош” жолу өткөн биз алган Суусамырдагы жердин бир чекеси так ушул жетим жана кароосуз калган балдарга эс алуу лагерин уюштуруу үчүн жумшалат. Мен жакында Дубайда болуп, бул аймакка санаторий куруу боюнча инвесторлор менен келишим түзүү тууралуу сүйлөшүп келдим. Бул аракет ишке ашса жакында аталган аймакка жалпы республикалык масштабдагы жетим жана кароосуз калган жана аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдар үчүн комплекстүү туруктуу эс алуу жайы курулат. Балдар ал жерге барып тек гана эс албастан, айлана-тегерегиндеги малчылардын айылына экскурсия жасап, алардын турмушун үйрөнөт, ден соолугун чыңдайт жана улуттук аң-сезимин калыптандырат.

Ишиңиз илгери болсун.

Панфилов районундагы жетим жана кароосуз калган балдардын мектеп-интернатынын директору Райымбек Усупбаев:
Мен өзү ушул “Бүргө баатыр” коомдук фондунун мүчөсүмүн. Суусамырда Панфилов районуна тиешелүү 50-60 гектар жер бар эле. Аталган фонддун жетекчилиги жана мүчөлөрү менен бирдикте ушул жерди балдар үчүн эс алуу лагерине айлантып, аны башкарууну Кубанычбек Молдобековго жүктөгөнбүз. Балдар менен кошо алардын тарбиячылары да өздөрүнүн иш пландары менен келген. Окуучулар кадимкидей эле эреже-шарттын негизинде белгиленген убакытта уктап, белгиленген убакытта тамактанат. Үч боз үй, эки чатыр бар. Балдар анын биринде укташат, биринде керектүү оокаттар сакталат. Ал эми дагы бир боз үй окуу иштери менен алектениш үчүн тигилген. Кокус жамгыр жааса балдар үй ичинде чүкө ойноп, сүрөт тартышат. Күн ачыкта ойной турган атайын аянт бар. Жайлоодо курсак бат ачат эмеспи. Ошондуктан балдарга беш маал күчтүү тамак берилет. Каймак, сары май жеп, айран, сүт, кымыз ичишет. Ошол эле учурда витамин боло турган жер-жемиштерден да өксүшпөйт. Өзүңүздөр көргөндөй эс алуу лагери атайын ыңгайлуу жерге уюштурулган. Ош-Бишкек жолунан өткөндөрдөн бардык жер-жемиштер сатылып алынат. Муну менен бирге лагерь керектүү медикаменттер менен да камсыз болгон. Электр энергиясын чыгара турган генератор да бар. Дайыма керектүү оокаттарды ары-бери ташый турган кызматтык машина күзөттө турат. Айтор балдардын эс алуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Жетим балдар үйүндөгү окуучулардын жайкы эс алуусуна мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөйбү?
Бөлүнөт, бирок баарына эмес. Быйыл мамлекет 25 балага “Красная гвоздика” эс алуу лагерине барууга жолдомо берди.

Учурда мектеп-интернатта канча бала бар? Алардын канчоосу жайында бара турган жери жок калат?
Мектеп-интернатта 191 жетим окуучу бар. Алардын кайсыл бир бөлүгү жарым жетим болсо, кайсыл бир бөлүгүнүн тууган-уругу бар. Быйыл 191 баланын ичинен 48 окуучунун бара турган жери жок калган.

Ошол 48 баланын канчоосу эс алды?
Учурда “Бүргө баатыр” коомдук кайрымдуулук фонду түзгөн лагерде 15 бала эс алып жатат. Кийинки кезекте 20 бала келет. Ал эми калган балдарды башка демөөрчүлөр эс алдырууда. Быйыл мектеп-интернаттан сыртка чыкпай калгандар болгон жок.

“Бүргө баатыр” коомдук кайрымдуулук фондунун балдарды эс алдыруу лагеринин башчысы Кубанычбек Молдобеков:
Биздин фонддун негизги максаты бул жерге бардык эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын эс алдыра турган борбор түзүү. Быйылча жаңы уюшкандык кылып, Панфилов районундагы жетим жана кароосуз калган балдардын мектеп-интернаты менен гана чектелип отурабыз. Азырынча бул борбор жаңы гана таканчыктап келатат. Келечек пландарыбыз бул жерди кеңейтип санаторий ачуу, мындан да көп балдарды кабыл алуу. Ошондой эле кийинчерек жалаң эле балдарга эмес, мүмкүнчүлүгү чектелген майып жарандарга жана кары-картаңдарга бээнин сүтү, кымыз, таза аба менен дарыланууга шарт түзүп берүү. Азыр колунан келген акчалуулар бээнин сүтүн дары катары колдонуп, жылына бир жолу өзүн-өзү дарылап жатышат. Чындыгында он күн бээнин сүтүн ичкен адам жыл бою оору дегенди билбейт экен. А тургай сасык тумоо да болбойт дешет. Негизи эле Суусамырдын таза абасы, табияты да дары эмеспи. Биз мындай мүмкүнчүлүк колунан келбегендер үчүн шарт түзүп берсек дейбиз. Буйруса бул максаттар да ишке ашат. Иш башы жаман эмес.

Тамак-аш маселеси кандай чечилген? Жетпей калган учурлар болбойбу?
Бул боюнча балдардын ар биринен сурап көрүңүз, кудай буйруса бизде оокат-аш жагынан кемчилик жок.

Жаркынбек Уметов, окуучу:
Биз агам экөөбүз тең интернатта окуйбуз. Токтогулдан болобуз. Мен быйыл 2-класска көчтүм. Азыр агам экөөбүз тең эс алып жатабыз. Лагер жакты, кымызга аябай тойдук.

Жанболот Мырзабек уулу:
Мен Кочкордон болом. Биринчи жолу жайлоого чыгып эс алып жатам. Буга чейин дайым эле интернатта калчумун. Баягүнү кошуна боз үйдөгүлөргө экскурсияга барып, жылкы сааганды, кымыз жасаганды көрүп келдик. Кулундары көп экен. Биз дагы өзүбүз кымыз жасасак жакшы болот эле.

Жүздөрүнө кызыл жүгүргөн балдар бардыгы бир үй-бүлөдөй болуп, өздөрүнө тамак-аш жасап берген Жамила эжени апасындай, чарба иштерин уюштуруп дайыма ал жерде болгон Кубанычбек Молдобеков аганы атасындай көрүп, кыялдарында өздөрү да күтүрөтүп жылкы айдап, кулундарды бирден менчиктеп мингилери келишет. Таза, кооз табияттын койнунда өздөрүн бактылуу сезип, көк кашка Көкөмерен суусун бойлой чуркашып, бирде атайын аянтта кыргыздын улуттук оюндарын ойноп моокумун кандырышат. Баса, аларга тамак-аш жасап берген Жамила эже бул кызматы үчүн эч кандай айлык албайт.

Зайырбек Ажыматов, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.