Күзүндө Бишкекте эл аралык Айтматовдук окуулар өтөт

“КАБАР” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда ТЮРКСОЙдун гендеректору Дюсен Касеинов үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Бишкекте эл аралык Айтматовдук окуулар боло тургандыгын билдирди. Анын айтымында аны Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министрлиги менен бирдикте Анкара университети жана ТЮРКСОЙ уюштурууда.

“Кыргызстан ТЮРКСОЙдун активдүү катышуучуларынын бири. Биз бирдикте эл аралык конференцияларды, форумдарды, бул уюмга кирген мамлекеттердеги белгилүү даталарды бирге өткөрүп келебиз”, – деди ал.

Бул уюмда сүрөтчүлөр, фотосүрөтчүлөр лабораториялары бар.

ТЮРКСОЙ уюму 1992-жылы түзүлүп анын курамына 6 мамлекет жана Россия Федерациясынын субъектери кирген. Алар элдердин улуттук байлыгын, маданиятын сактап калуу, жаш муундарга жеткирүү даңазалоо боюнча иштеп, маданий иш чараларды, конференцияларды, форумдарды уюштурат.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 25.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.