Жакшы саамалык улантыла берет

Даанышман устатыбыз Х.К.Карасаев түзгөн “Орфографиялык сөздүк” басмадан чыккандан бери (1983-ж.) чейрек кылым өттү.

Ошол күндөн бери өлкөбүздөгү бардык тилчи-филологдор, редакторлор, корректорлор, мугалимдер аны жетекчиликке алып, пайдаланып келишет. Андан бери көп заман алмашып, биздин турмушубузда да, тилибизде да көп өзгөрүүлөр болуп өттү. Ушундай оош-кыйыш учурда кыргыз тилдүү коомчулукка кайрадан тирөөч, таяныч болуп бере ала турган сөздүк керек болду десек жаңылышпайбыз. Мындай өктөм талапты канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси менен орфо-графиялык сөздүктүн толукталган вариантын даярдоо долбоору ишке киргизилген эле. Бул долбоордун үстүндө Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын алдында түзүлгөн, курамы илимдин докторлорунан, белгилүү окумуштуулар менен тилчилерден турган редакциялык коллегия иштеди.

Бүгүнкү күндө ушул долбоор ишке ашып, Х.Карасаевдин редакциясы менен басылып чыккан “Орфографиялык сөздүктүн” негизинде, аны толуктоо жана кошумчалоо менен 80 000 сөздөн турган “Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү” жарык көрдү. Бул маселеге мамлекеттик камкордук көрүлүп, сөздүктү чыгарууга мамлекет башчысы К.Бакиев Президенттик фонддун эсебинен 800 000 сом бөлдүрүп берди. Бул сөздүктө мамлекеттик органдардын, юридикалык жактардын, эл аралык уюмдардын кыргызча, орусча аталыштары, Кыргыз Республикасынын администрациялык бөлүнүшү, дүйнөдөгү өлкөлөрдүн, мамлекеттердин жана ээликтердин аттары берилген.

Элдин тилегин орундатып бул сөздүк да кыргыз тилиндеги чар-жайыттыкты четтетип, системалуулугун сактап калганга чоң көмөкчү болот деген ойдобуз. Ал эми учурда Мамлекеттик тил комиссиясы Улуттук илимдер академиясынын тил институту менен биргеликте “Түшүндүрмө сөздүктүн” жаңы редакциясын чыгаруу боюнча кызуу иштерди жүргүзүүдө.

Ибраим Сатыбаев,
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын
башкы адиси,
«Кыргыз туусу», («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.