Ат-Башы районунда китеп марафону өткөрүлдү

КР Маданият жана маалымат министрлиги быйылкы жылды «Китепкана жылы» деп жарыялаганына байланыштуу Ат-Башы районунда да китепканалардын ишин оңдоого карата аракеттер көрүлүүдө. Бул үчүн китепканаларда китеп марафону өткөрүлүп, жалпысынан элден жардам катарында 1685 нускада адабий китептер жана 78622 сом топтолду. Китептер менен каражат райондогу китепканаларга бөлүштүрүлүп, аз да болсо алардагы ишти оңдоого негиз түзмөкчү.

Таалайбек Дүйшөналиев, «Кабар» МА, 27.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.