Бишкекте В.Зухиндин компьютердик графика көргөзмөсү өтөт

d0b7d183d185d0b8d0bdБишкектеги Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт  музейинде Владимир Зухиндин “Сүрөтчү жана модель” аттуу компьютердик графика көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында ачылат. Бул туурасында аталган музейден маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун колдоосу менен өтүп жаткан көргөзмөдө сүрөтчүнүн 40 эмгеги коюлат. Эмгектерде компьютердик техниканын жардамы менен боёктор жуурулушуп, өзгөчө таасирдүү графика берилген.

Владимир Зухин Кыргызстандагы белгилүү скульпторлордун бири жана акыркы жылдары компьютердик графика жаатында алгылыктуу эмгектерди жаратып келет.

Аталган көргөзмө 17-сентябрга чейин уланат.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 29.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.