Экиге бөлүнгөн бир дүйнө

“Агым” гезити 14-августта калем кармаган чөйрөгө “Жазуучумун деш азыр жаман уят, Жаңы көчтү баштайбы адабият?” деген бетин арнады эле. Анда улуттук адабияттын азыркы көйгөйлөрү тууралуу учкай кеп болгон. Бул теманы улачулар көп экен. Албетте, биз ушул маселенин айланасында талаш-тартыш болуп, акыры тактык жаралышына кызыкдарбыз. Деги эле эгемендик алгандан бери калем кармагандар арасында адабият деген эмне, чыгарманы кандай жазыш керек, азыр биздин адабиятка цензура, адабий сын керекпи же жокпу, учурдун акын, жазуучусу кандай идеологияга таянат, базарларда сатылып жаткан китептерди идеялык жактан тескеш керекпи же жөн койгон оңбу деген суроолор калкып келет. Кудайга шүгүр, бизде адабияттын ата-жотосун жакшы билем дегендер толтура. Алар да кезеги келгенде үн катышар. Бүгүн жеңил тема жазгандардын өкүлү Айгүл ШАРШЕН менен жаш акын, жазуучулардын башын кошкон “Калемгер” адабий клубунун жетекчиси Мирлан САМЫЙКОЖОну сөзгө тарттык.
Жазмакер Айгүл Шаршен: “Мен өзүмдү жазуучу деп эсептебейм”
Айгүл Шаршен 24 китептин автору. Мурун өз алдынча ыр жазып, ырлары мезгилдүү басма сөзгө жарыяланып жүргөн. 2003-жылдан баштап сүйүү, тагдыр, төшөк темасын жана курч окуялуу детектив жазууга киришкен. Базарда китеп саткандардын айтуусу боюнча азыр бул калемгердин ар бир жаңы чыгармасы каны жерге тамбай өтүп, айрым чыгармалары кайта-кайта басылып турат. Мисалы “Ойнош” аттуу китеби беш жолу кайра чыгарылган.

Айгүл эже, ириде ар бир китебиңизден түшкөн киреше тууралуу айтсаңыз. 24 китеби чыккан жазуучу миллионер болсо керек.
Китептерим байма-бай чыгып жатса эл чындап эле мени акчасы көп деп ойлошу мүмкүн. Бирок менин шаарда үйүм жок. 2300 сом төлөп ижарада турам. Бала-чакам, беш неберем бар. Чындыгында өзүм эптеп оокат кылган энемин.

Анда кайсыл акчаңызга китеп артынан китеп чыгарып жатасыз?
Мен болгону жазганды эле билем. Чыгармаларымдын андан кийинки тагдырын бөлөктөр чечет. Өздөрү каражат жумшап китеп кылып бастырып, өздөрү сатып дегендей. Бул чөйрөдө атайын ушундай ишкерлик менен алектенгендер бар. Азыр мен Жаныбек Жанызак менен иштешип жатам. Ал менин бүткөн ар бир китебимди жети миң сомго сатып алып, өзү чыгарат. Кагазга канча каражат кетти, ал кантип элге тарады, ал менин ишим эмес.

Чыгарманын баалуулугу тууралуу сөз кылбай эле коелу. Чындыгында уккан окуяны тизмектеп жазуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Сиз чү дегенде эле китеп жаза баштадыңызбы?
Аныгын айтканда мен бала кезден эле чыгармачылыкка жакын болуп өскөм. 1990-жылы драмалык жанр боюнча республикалык конкурска катышып, белгилүү жазуучулардын жакшы пикирине татыдым. Ушундан кийин кайра бала кездеги жазмакерликке болгон ынтызарлыгым күчөдү. Алгач облустук, анан республикалык гезиттерге ырларым, чакан прозаларым чыга баштады. Ошол учурда гезиттер үчүн сериал жазуу модага айланып кетпеди беле. Мен да ушу жагына ык койдум. Дайыма иштегенге чакырган гезиттер да болду. Бирок менин гезиттерде дайым иштегенге мүмкүнчүлүгүм жок болчу. Бала-чака багам деп базарга чыгып жүргөм. Ал эми базар турмуштун кайнаган жери да. Анда ар түркүн тагдырлар, окуялар кездешет. Менин жазган китептеримдеги сюжеттердин көпчүлүгү базар турмушунан алынган окуялар.

Мисалы сиздин “Өз атасынан тууган кыз” деген китебиңиз бар экен. Бул дагы турмушта болгон окуябы?
Бир нерсени тактай кетиш керек. Менин жазган китептерим негизинен базарга ылайыкташкан. Андыктан өтүмдүү болуш үчүн андагы окуялар бир аз апыртылып, темасы да элди тарта тургандай болушу мүмкүн. Сен айткан китептин ичиндеги окуяда кыз өзүнүн өгөй атасынан боюна болуп калат. Анан китептин атын “Өзүнүн өгөй атасынан боюна болгон кыз” деп узартып койбойбуз да.

Алгачкы китебиңиз качан жарык көрдү?
Алгачкы чыгармам гезиттер үчүн сериал катары жазылган “Маскачан аял” деген чыгарма болчу. Мен аны китеп кылайын деп деле ойлогон эмесмин. Бир жигит аны китеп кылып чыгарайын деген сунушун айтты. Албетте, көңүлүндө чыгармачылыкка болгон кызыгуу бар жөнөкөй аял үчүн бул сунуш көктөн тилегенин жерден бергендей болду. Айтылган сунушка макул деп, калем акыма болгону өз китебимден онду берүүсүн сурандым. Ал мага китеп чыккандан кийин элүү нускасын берди. Бул 2003-жыл эле. “Маскачан аял-2ни” “Бийиктик” басмаканасынын директору Жумадин Кадыров чыгарып берип, калем акы катары 20 миң сомдук китеп берди. Ушундан кийин менин жеңил тема жазуу боюнча жолум ачылды. Колум бошой калганда уккан, көргөн тагдырларды чыгармага айлантып келем. Жазгандарымды китеп кылып басып берчүлөр да көбөйө баштады.

Бир китепти канча убакытта жазасыз?
Эгер такай отурсам он күндүн ичинде бир китеп жазып коем. Мен негизи андагы окуяларды атайын тизмектештирип, муну жазам, тигини жазбайм деп бөлүп албайм. Чыгармамдын темасын коюп, баштап алсам эле болду. Калганы өзүнөн-өзү уланып кете берет.

-Өзүңүздү жазуучу деп эсептейсизби?
Жок, мен өзүмдү жазуучу деп эсептебейм.

Чоң жазуучулар сиздей жеңил-желпи теманы жазгандар элди бузуп жатышат дейт. Буга эмне дейсиз?
Мен эч ким менен талашып-тартышууну каалабайм. Актангым деле келбейт. Бирок айтып кетпесем болбос, жеке мен өз китептерим элди бузат деп ойлобойм. Аларда аз болсо да тарбиялык маани бар.

Мирлан Самыйкожо:
“Биз окурмандарды китеп окубайт деп күнөөлөбөшүбүз керек”
“Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу 2004-жылы уюштурулган. Жаш акын, жазуучулардын чыгармачылык кечелерин, жылына бир жолу республикалык деңгээлдеги аңгемечилер жана драматургдардын сынагын уюштуруп, жеңишке жеткен авторлорго акчалай сыйлык берип, “Булак” аттуу тандалган чыгармалардын жана талкуудан өткөн жеке автордун ырлар жыйнагын чыгарып келишет. Аталган клубдун жетекчиси, жаш акын Мирлан Самыйкожо Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Мирлан мырза, “Булак” аттуу аңгемелер жыйнагына кирген чыгармалар кантип тандалат?
-Биз топтолгон аңгемелерди профессонал адабиятчыларга, акын, жазуучуларга, чыгарманын агын ак, көгүн көк дей ала турган зирек сынчыларга беребиз. Бул топтун курамында Алым Токтомушев, Абдыкерим Муратов, Болот Акматов, Рысбек Эшматов сыяктуу сөз кудуретин түшүнгөн, дүйнөлүк адабиятты өздөрүнө сиңирген калыс инсандар бар. Редколлегия ар бир чыгарманы астейдил карап чыгып, жашыруун добуш менен ар кими өз алдынча жеке бааларын беришет. Жалпы жыйынтык чыкмайынча сынчыларга авторлордун ысымдары да белгисиз болот. Тааныш-билиштик, дос-жарлык болуп кетпес үчүн чыгарманы жазган атуулдун аты-жөнүн жашырып сандар менен белгилеп коебуз. Редколлегия мүчөлөрү бул кызматына “Калемгер” адабий клубунун эсебинен тиешелүү акы алышат. Ал эми жеке авторлордун поэтикалык жыйнагын чыгаруу да ушундай эле талап менен ишке ашат. Алгач ошол өз чыгармаларын китеп кылып чыгарууга сунуштаган автордун ар бир ыры “Калемгердин” мүчөлөрү тарабынан талкууга алынат. Эгер чындап эле китеп кылууга жараса анда дагы бир жолу профессионал адабиятчылардан түзүлгөн редколлегиянын көз кырынан өтүп, алардын бири баш сөз жазып, анан басмага берилет.

Силерден китеп чыгаруу тозок го. Анан ал китептердин өтүшү кандай болот?
“Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу коммерциялык максатта түзүлгөн эмес. Бул кыргыздын белдүү жигиттеринин бири Садык Шер-Нияздын чыгармачылык долбоорлорунун бири. Каржы маселесин өзү чечет. Чындыгын айтканда азырынча “Булак” аттуу жылына бир жолу чыгуучу аңгемелер жыйнагы да, жеке авторлордун китеби деле өзүнө кеткен чыгымды актабайт. Бирок биз келечекте элдин көркөм табити жогорулап, жеңил-желпи чыгармаларды окугандан жадап, нукура, бийик деңгээлдеги китептерди издей баштайт деп ишенебиз. Жасап жаткан ишибиз бир жагынан жаш акын, жазуучуларга моралдык жана материалдык колдоо болсо, бир жагынан окурмандардын көркөм табитин калыптандырууга же сактап калууга жасаган аракет.

Түзүлгөнүңөргө беш жыл болуптур. Баш-аягы канча китеп чыгардыңар?
Жыл сайын чыгып жаткан “Булак” альманахы менен жеке авторлордун китептерин кошкондо жалпы жонунан төрт-беш китеп чыгардык.

Аз го. Өзүң бир жыл мурун “Жүрөккө түшкөн чагылган” аттуу ырлар жыйнагыңды чыгарып, чыгармачыл чөйрө туңгуч китебиңди жылуу кабыл алган. Дагы бир-эки китеп чыгара салбайсыңбы.
Албетте, китептин чыкканы анын авторуна дем берет деңизчи. Бирок калем кармаган адам завод-фабрика эмес да. Такылдатып ыр, поэма, аңгеме жаза салып, шакылдатып басмаканага бере салгандай. Анын үстүнө китеп чыгаруу чоң чыгымды талап кылат. Албетте, өчүп калган жокпуз, чыгармалар жазылып жатат. Алар да буйруган күнү окурмандарга тиет.

Учурда базардын тилин таап китеп артынан китеп чыгарып жаткан калемдештериң тууралуу эмне айта аласың? “Калемгер” адабий клубу ошондой китептерди эмнеге чыгарбайт? Өзүн-өзү актайт, пайда да түшөт дегендей.
Азыр элдин басымдуу бөлүгү керек болсо Алыкулдун же Пушкиндин китебин чыгарсаң да албайт. Аларга караганда “жапайы жазуучулардын” китептери өтүмдүү. Себеби мындай чыгармалар адабиятыбыз кароосуз, колдоосуз калган учурда капталдан чыга калып, алгач гезиттерге сериал катары сандан-санга жарыяланып анан китепке айланып, вирус сыңары окурмандын мээсине кирип, аны “оорутуп” салды. Менимче биз бул үчүн окурмандарды күнөөлөбөшүбүз керек. Азыркы доордун Алыкулдай же Чыңгыздай калемгеринин чоң милдети: эми ошол “ооруган” китепкөйлөрдү сакайтып, бийиктиктерге алып чыгуу. Бул оңой жумуш эмес. Биздин “Калемгер” адабий клубунун милдети так ушул өнүгүүгө өз салымын кошуу. Андыктан биз өзүбүздүн талапка жооп бербеген китептерди чыгара албайбыз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.