“Эптеп эле “чампаланган” китептер көбөйдү”

“Адам өз башынан өткөргөн сезимдерди кайра жаратып, аларды турмуш мисалдарынын жардамы менен кайра жаратып башка адамдарга баяндаган учурда гана китеп даңазасы артат”
Лев Толстой

Студенттик кезимде А.Осмонов (мурунку В.И.Ленин) атындагы улуттук китепканага баратып дагы, келатып дагы кирген жерим “Нуска” китеп дүкөнү болоор эле. Ичи салкын, чакан бөлмө кирген адамды өзүнө тартып, китептердин керемет дүйнөсүнө алып кетээр эле. Күнүмдүк көйгөйдөн алыстап, жан-дүйнөң тазара түшкөнсүйт. Ошондой касиети бар биздин жалгыз “Нуска” кыргыз дүкөнүбүздү кенен билүү үчүн ушул китеп дүкөнүнүн башчысы Садыркулова Анархан Рыскулбековнаны сөзгө тарттык.

Саламатсызбы эже, алгач дүкөндүн тарыхы жөнүндө кыскача айтып бербейсизби?
Союз тараганда мурунку китеп дүкөндөрүнүн баары менчикке өтүп, сатылып кеткен. Ал эми бул “Нуска” китеп дүкөнүн биз 1988-жылы июль айында “Энциклопедия” борбору менен биргелешип ачканбыз. Быйыл 11 жыл болду. Бул “Нуска” китеп дүкөнү Кыргызстан боюнча жалгыз кыргыз китеп дүкөнү болуп эсептелет. Эл ушул жерден өзү жактырган акын-жазуучуларынын китептерин таап алып кетишет.

Демек, биз да кайсы бир жаңы басылып чыккан китепти издесек, ушул жерден таба алат экенбиз да?
– Жаңы китепти биринчи өз туугандарына, теңтуштарына таратат. Анан алып келишет. Азыр жазуучулар өзүн-өзү каржылайт да. Бала-бакырасы тыңдар ата-энесинин жазгандарын китеп кылып чыгарып жүрүшөт. Орусу болобу, кыргызы болобу эптеп чампалаганы деле китеп жазып жатат. “Саны бар сапаты жок” – десем, жаш жазармандар нааразы болушат. Менин минтип айтканга акым бар. Себеби, өз окурманын таппаган 11 жылдан бери текчени ээлеп турган китептин эмне кереги бар? Мен жаштарга көп айтам. Жазгыла, бирок, сапатына карагыла – деп. Жамаат болуп иштешсе сонун болмок. Көп киши бириксе бир мыкты ой чыгат да, өтүмдүү да болмок.

Чындыгында, өзүңүз айткандай, классик акын-жазуучуларыбыздын китептери жокко эсе экен. Акыркы мезгилдерде улуу чыгармалар жеңил чыгармаларга алмашып калгандай?
– Туура айтасың. Классик акын-жазуучуларыбыздын китептери чыкпай жатат. Бул чындыгында улуттук көйгөй. Өкмөттүн каржылайын деген ою жок. Же балдары, туугандары көңүл бурбайт. Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” китебин чыгаары менен алып кетишти. Кайра чыгарса болмок эле. А.Осмоновдун ырларын чыгарып жүрүшөт. Бирок, ичине өз таржымалдарын кошуп жазышат. Азыр заман ошондой болуп калбадыбы. Бирөөнүн аркасы менен өзүн-өзү таанытуу болуп жатпайбы.

Бул жерден окуу китептерин көрө алган жокпуз го?
– Окуу китептерин каякта чыгарып, каякта сатылып жатканы белгисиз. Балдарына китеп издеген жаштар көп кайрылышат. Тилекке каршы, жардам бере албайбыз. Билим берүү министрлиги таратып жатат дешет. Бирок, каякка таратары белгисиз. Бирок, мектепке чейинки балдарга арналып жазылган китептер кийинки күндөрү көп чыга баштады.

Олуттуу көйгөй кайсы?
– Жетекчи катары эмес, окурман катары айтат элем, маани-маңызы жок жазылган чыгармаларды окуган балдар кантип тарбия алат? Грамматикалык каталары көп кетет. Кээде окурмандар келип: “Бул жеринен чоң ката кеткен” – деп айтышат. Мурда китептин беттери тескери карап калган каталар кетер эле. Ал кезде “тиражная комиссия” деген болгон. Алар иргеп, оңдоп чыгарчу. Азыркылар оңдогусу келбейт, жаман көрүнгүсү келбейт. Ар ким “өзүм үчүн” деген заман болбодубу. Негизинен биздин китеп дүкөндө балдар үчүн жазылган китептер көп өтөт. Бирок, илгеркидей талашып “үйгө китеп коюш керек, мындай китеп жаңы чыгыптыр, алыш керек” деген ой элде жок. “Кыргыз энциклопедиясын” же “Манас” китебин тойлордо белекке кошуп берсе же кыздын себин бергенде кошуп беришсе, эң эле сонун болмок. Өзгөчө ушундай тойлордо ак көйнөккө көк көйнөк кылбай, китеп берсек жакшы эле болмок. “Манас” китебин “Манас колдосун” – деп бийик жерге коюп, ыйык сакташыбыз керек.

Көпчүлүк сатып алуучулар кимдер?
– Окурмандар көп эле, иргелгени жок. Өзгөчө филология факультетинде окугандар көп келишет. Улуу муундун өкүлдөрүнөн келишет, газета-журналдарды окуп көнүп калгандар китеп сатып алгылары келишет, бирок, акчалары жок барактап- барактап кайра кетишет. Мындан тышкары алыпсатарлар бул жерден арзан баада сатып алып, алыскы райондорго алпарып кымбатка сатышат. Эми бул рыноктук замандын шарты да.

Маектешкен, Гүлмира Шаршеева,
“Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.