Көчмөндөр цивилизациясы

Башы

Дегеле, кыргыздын адеп-ахлактык көз карашы боюнча адамдын жашоосунун баа-баркы кишинин кандайдыр бир өзүнөн бийик турган ыйык нерсе, жогорку ыйык коомдук дөөлөт менен болгон тыгыз байланышында, бүтүндүн бөлүкчөсүмүн деп эсептеген акыл-эстүүлүгүндө жатат. Кыргыз атуулу үчүн ошондой жогорку ыйык нерсе, бул – Ата журт, “ак элечек” Алатоо, ак калпак калктын, эл журттун, көпчүлүктүн мүдөө-кызыкчылыктары”. “Калкым кыргыз сен үчүн, курман болуп кетейин”, – дейт Манас атабыз.

Биздин атуулдук-жарандык салтыбыздын идеалы үлүлчөсүнөн кабыгынын ичине кирип кеткен өзүмчүл эмес, коомду ийни менен тиреп, жамаатка түркүк боло билген мекенчил, айкөл атуул. “Ата баласы болбос болбо, эл баласы бол”, “Жаман киши өз камы үчүн жүгүрөт, жакшы киши эл камы үчүн жүгүрөт”, – дейт эл макалы.

Тоолук менталитетибизде кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара кол кармашкан, жардамдашкан боордоштук салты өнүккөн. Кыргыздын инсан аралык өз ара мамилелерде да абдан кылдат, мааниси терең ырысмы-эрежелери, этикеттери бар. Маселен, биздин элибиздеги келиндин жүгүнүүсү башка калктарда жок өзүнчө бир, өзгөчө бир ызааттоо этикети эмеспи.

Камчыны моюнга салып кечирим суроо ырасмысын эске түшүрүп көрүңүз. Баланын тушоосун кесүү салты не деген жакшынакай маани-тилектерге ээ. Улууну сыйлоо, кичүүнү ызааттоо, ата-энени урматтоо, меймандостук, жамандык-жакшылыкта бири-бирине жөлөк-таяк болуу, ашар усулу менен үй куруу, сууга ыйык мамиле жасоо, табиятка залал кылбоо ж.б. көптөгөн нарктарыбыз не деген асыл касиеттер. Кыргызда эч убакта улуудан озунуп, эч ким төргө өтпөйт. Адам каза болсо бүт айыл чогулуп топурак салат. Кыргыз баласы жамаатчыл адеп – ахлакка эгедер. Ал адамгерчиликти биринчи планга коёт. Ал эми “Кыз куумай”, “Көкбөрү”, “Ордо” өндүү кайталангыс оюндарыбызчы? Булар эскирбей турган, дайыма өзүбүз менен кошо ала жүрө турган, улуттук жүзүбүздү, жүрүм-турумубузду кооздоп, көрктөндүрүп турган жүрүм-турум, адат-салт нарктары. Ата-бабаларыбыздын адеп-ахлагы күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген экен го. Индивидуалисттик батыш эбак жоготуп койгон мындай ыймандык-руханий касиеттер, жан дүйнө айкөлдүгү бүгүнкү күндө “ак чач” Алатообуздун коюнунда “тирүү” жашап турат. Бул биздин мактана турган дөөлөтүбүз эмеспи?

Кыскасын айтканда, биздин кыргыз элибизде дүнүйө-мүлктөн, материалдык байлыктан рухий байлык, ыймандык дөөлөт ар качан жогору коюлуп келген. Кыргыз насилинде биринчи орунда адамдык нарк, кишилик касиет, адамкерчилик турат. Ошон үчүн акын: “Карайлычы, кечээги өткөн бабама, жашай билген жетип өмүр баркына, атаң көрү, бу опосуз дүйнө деп, кызыкпаган акча менен алтынга, кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа, бекем турган адамчылык шартына” деп туура ырдап, мүнөздөп жатат.

Биз жана өйдө жакта дүйнөлүк даанышмандар бүгүн адамзат коомунун мындан аркы өнүгүшүнүн маңызы жана чен-өлчөмү ыйман-абийирдин, рухтун, жандилдин өркүндөшүндө, адамдын адамдык касиеттеринин гүлдөп өсүшүндө деген бүтүмгө токтоп турушкандыгы жөнүндө айттык. Андай болсо, кыргыз акылмандыгы илгертен эле ушундай философиянын нугунда ойлонуп келген дегибиз келет. Демек, кыргыз баласынын руханий-гуманисттик ойлонуу ыгы жана адептик-ыймандык жашоо таризи бүгүнкү технократиялык дүйнө үчүн көп жагынан үлгү болууга татыктуу өрнөк деп дагы бир жолу айтып өткүм келет.

Биз батыш менен чыгыштын өнүккөн өлкөлөрүнөн, албетте, экономикалык инвестицияларды, технологиялык жаңылыктарды алабыз. Бирок, ыйман, адеп, рух маселесине келгенде бизге чет өлкөлүк адеп-ахлак инвестициясынын кереги жок. Бул жагынан өзүбүздө улуттук көрөңгө-казына толтура. Бир гана ушул казына-байлыгыбызды аңдап түшүнүүбүз жана өздөштүрө, пайдалана билишибиз керек. Эмесе, мен ошол байлыгыбыз менен сиздерди дагы да көрөсөндүүрөөк тааныштырып өтөйүн.

Рухка биринчи маани берген кыргыз калкы өзүнүн тарыхый жашоосунда пендеге адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир корун иштеп чыккан. Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов бизге жеткен улуттук тарыхый-көркөм маданий мурастардагы, макал-лакаптардагы, “Манас” баштаган улуу эпосторубуздагы, болумуш-санжыраларыбыздагы насыяттарды, адеп-ахлак нускаларды, осуяттарды, эреже-заңдарды жана калкыбыздын жашоо практикасын терең талдап отуруп, ошол дөөлөттөр катарын төмөндөгүчө жалпылап, жыйынтыктап, алдыбызга тартат:”Жер – сууну ыйык тут, боордоштой ылым сана, шайкеш жаша. Жер-энени көзүң менен көрүп, жүрөгүң менен таанып, аны ыйык сакта. Тең бөлгөндү Теңирим сүйөт, ата-бабанын арбагына, улуу касиеттерине сыйын! Алар сенин колдоочуң жана жол көрсөтөөрүң. Бабаларга жана келечек муунга төлөмөрсүң. Берегилерди жадыңа түй: дайыма кишичилик милдеттериңди (адамкерчилик) бил. Адал жаша. Оюңду тазарт. Адептүү бол. Ичиң тар болбосун. Бар-жокко каниет, топук кыл. Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол. Арам ойдон, арамдыктан кач, карасанатай болбо. Намыскөй бол. Намысты өлгөнчө колдон түшүрбө. Жерди корго, тууңду сакта. Дос, душманды айыр. Бал сөзгө, жалтырак дүнүйөгө алданба. Антты бузба. Салт, наркты сакта. Атаны, улууну урматта. Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт. Акылмандык – калканың. Акылга баш ий, жакшыга жанаш. Сөз кунун баркта. Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба. Башканын никесин бузба. Энени, аялзатын сыйла. Калыс бол. Чынчыл бол. Өзгө, жатка болсун акыйкаттан тайба, ушак, калп айтпа. Ач көз болбо. Башканын дүйнөсүнө көз артпа. Сабырдуу бол. Кыялыңды оңдо. Ачууңду бек карма. Ниет пейлиңди таза алып жүр. Жаман ойдон, жаман жолдон кайт. Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык жаса. Тирүүлүктү ая. Жабык көзүңдү ач, устатыңа ишен. Акыл көкүрөгүңдү өзүң жар. Дүйнөнү өзүң тааны. Өзүңдүн оюң менен ишиңди тең, таза алып жүр. Аалам жашоосу чексиз. Адам өмүрү кыска, узак да. Сен өз жолуңду тап. Теңир колдосун!” (Кеңеш Жусупов. Кыргыздардын байыркы маданияты. – Бишкек, 2006, 63-64-б.) Мына, кыргыз элинин адеп-ыймандык улуу эрежелери. Өзүнүн жалпы адамзаттык мүнөзү менен айырмаланган бул эрежелер, керек болсо дүйнөлүк ыйык китептер “Куран” менен “Библиянын” негизине жата турган асылнарктар го. Ушул эрежелер кечөөкү мекенчил, айкөл ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун жөнгө салуучусу болуп келген жана тарыхтын “аяздуу бороон-чапкындарында” улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон.

Улуттук-этникалык кыртышыбыздагы рухий-ыймандык гүлазык демекчи, бул жагынан айрыкча, акылгөй, каражаак жезтаңдай акындарыбыздын мурастарында жалпы дүйнөлүк улуу этикалык-философиялык идеялар менен үндөш, шайкеш чыккан акыл-ой уюткулары да арбын экендиги айкын болуп отурат. Ар дайым арканды узун таштап, алысты ойлонгон, кенен ой жүгүрткөн олуя Калыгул атабыз өзүнүн гуманисттик даанышмандыгын мындайча алдыбызга тартат:
“Орой айтсаң адамга жукпайт, Орой сөздү киши укпайт, Сылык-сыпаа сөз жетет, Ал мээге эмес, жүлүнгө кетет. Түшүндүрүп жай айтсаң, Уялып, ыраазы болуп кетет”.

Акындын ишениминде оройлукту назиктик, сылыктык, ачууну токтоолук, сабырдуулук, жек көрүүнү мээрим менен сүйүү жеңет.

Карачы, дейт Нурмолдо “Өнөрүн үйрөн” деген чыгармасында, тээ тетиги алмустакта түрк атанын балдары арабдардын күлүн көккө сапырып чапты эле, кийин эмне болду? Дүйнө келме-кезек экен, кийин Искендер Зулкарнайын басып кирип, арабдар түрктөрдү тебеледи. Кечээ эле Чынгызхан орустардын ордосун майкандады эле, мына бүгүн “ондогу кегин кубалап” орус келип тебелеп турат. Бул тирүүлүктө мыйзам ушундай: “Таш аласың – таш урсаң, жаш аласың, жаш берсең, кыш берсең, кыш аларсың, ыш берсең, ышын аларсың”, – деп жыйынтыктайт, Нурмолдо. Акын-даанышман башка дүйнөгө карата мындай мамилеге карама-каршы жолду издейт. Найза, кылыч керек эмес, дейт Нурмолдо, мунун аркасынан кийин балдарың азап тартып калат, иштин эң жакшысы бул – бөлөктөргө ырайымдуу, ак пейил, адал ниетте болуу. Ошондо “ыракатка канасың”. Элдер арасындагы ошондой ак ниет мамилени бекемдей турган нерсе бул – тынччылык, бейпилчилик шарттагы соода. “Андан көрө соода кыл, товарга товар аласың” дейт философ Нурмолдо. Нурмолдо мына ушундай товарга товар алган мамиле бөлөк дүйнө менен болгон алаканын мыйзамы болууга тийиш деген ишенимге бекиген. Ошондо зордук өзүнүн ордун жакшылыкка бошотуп берет.

Таш менен урганды аш менен ур, кан канды, кек кекти жаратат, жакшылыкка жетүү үчүн адамдын куралы – жүлүнгө жеткен жылуу сөз, сылык-сыпаа аяр мамиле, мээрим, кечиримдүүлүк, айкөлдүк, ынтымак болуш керек деген Калыгул менен Нурмолдонун этикалык гуманисттик даанышмандыгы дүйнөлүк улуу ойчулдар Лев Толстой менен Махатма Гандинин жамандыкты жакшылык менен жеңүү, жамандыкка күч менен каршылык көрсөтпөө (“Непротивление злу насилием”) жөнүндөгү айтылуу моралдык философиясы менен түздөн-түз үндөшүп турат. Бүгүнкү күндө жер бетине үгүттөлүп жаткан “зордуксуздук философиясын” (философия ненасилия), “зордук-зомбулуксуз дүйнөнү түзүү” аттуу глобалдык тынчтык кыймылын эске алсак, мындай дүйнөлүк деңгээлдеги адеп-ахлак философиясы биздин жергиликтүү улуттук кыртышыбызда да узактан бери жашап келаткандыгы сыймыктуу.

“Куйругу жок, жалы жок, кулан байкуш кантти экен, же сойлоорго буту жок, жылаан байкуш кантти экен” деген улуу Асан кайгы кыргыздын экологиялык маданиятынын, экологиялык акылмандыгынын көрүнүшү. Кишинин жер менен киндиктеш экенин, жер менен коюн-колтук алышкан улуу биримдиктин зарылдыгын туюнтуп, ата-бабалар ким табиятка каршы барса Кожожашчасынан аскада калып, “Буудайык” жомогундагы саятчы Төлөктөй апаатка учурарын адамзат балдарына эскертип кеткен. Мындай адеп-ахлак даанышмандыгы бүгүнкү заманга кандайча өрнөк эмес?

Жогорудагыдай терең акыл-ойго негизделген бийик адеп-ахлак философиясын, адамкерчиликтүү нарк-насилди, каада-салттарды кыргыз эли качан, кандайча жараткан деген суроо туулбай койбойт. Марксизмдин коомдук өнүгүүнү формациялык тепкичтерге ажыратып, байыркы общиналык, кул ээлөөчүлүк, патриархалдык-феодалдык ж.б.у.с. деп бөлүп келгени белгилүү. Патриархалдык-феодалдык, демек, артта калгандык деп түшүнүш керек. Чын-чынында терең карай келсек, кыргыз коомун кандайдыр бир коомдук-формациялык тепкичтин алкагына камап алып ченеп-бычыш кыйын. Ал көнүмүш марксисттик алкакка сыйбаган өзгөчөлүү кубулуш экен. Караңызчы, Кыргыз тарыхы – сыймыктана турган тарых. Кыргыздар Азияда биринчилерден болуп өзүнүн жазмасына ээ болгон эл. Кыргыздардын биздин эранын V кылымында эле рун жазуусун колдонгондугун Чыгыш менен Батыштын окумуштуулары эбак эле далилдеп көрсөтүшкөн. Борбордук Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар илгерки доорлордо алгачкылардан болуп алтын, темир кендерин иштеткен, өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), а түгүл Азияда өзүнүн империясын түзгөн (IX кылым), темирден аскердик куралдарды жасоо жагынан алдына киши чыгарбаган, кытай жазмаларынын жана орто кылымдагы саякатчылардын берген маалыматы боюнча чептерди, шаарларды (маселен, “Алакчын”, “Кыргыз хан” шаарлары) курган, башка тайпалар, калктар менен дипломатиялык мамилелери өнүккөн, эпостордо айтылгандай “Эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган” жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Соңку тарыхый даректер кыргыздардын ата бабалары байыркы сактар жана чыгыш менен батышты титиреткен илгерки гунндар экенин кабарлап жатат го.

(Уландысы кийинки санда)

“Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.