Талгаттын Табышмактуу Тагдыры

nigmatullinindexshtml_talgat_nigmatullin-03“Жаштар өлбөс болсочу, өмүр соолбос болсочу…” деп элдик санат ырларында айтылгандай жаштын, айрыкча жылдызы жанып, чыгармачылыктын баралына толуп турган жаш атактуулардын эрте кетиши өкүндүрбөй койбойт. Белгилүү актёр, режиссёр жана спортсмен Талгат Нигматулин ошондой кейиштүү өлүмгө кабылганда араң эле 36да экен…

Кырчындай курак жаш кезде, кыйылган өмүр чет жерде
1985-жылдын 11-февралы. Вильнюс шаарынын Ленин проспектисинде 49-үйдүн 44-квартирасы түнү бою ызы-чуу түшүп жатканынан улам кошуналар булар эмне эле тынчтык бербей жатышат деген кыязда милиция чакыртышат. Заматта жетип келишкен укук коргоочуларга үй ичиндегилер: “Кечиресиздер, үй ээсинин диплом алган күнү болчу, ошону белгилеп отурабыз. Анча-мынча түшүнбөстүктөр болуп кетти. Азыр бардыгы жайында”-дешет. Органдын кызматкерлери бөлмөлөргө баш багып, жолго түшүшөт. Ошол убакта жуунуучу бөлмөнүн сыздак полунда эс-учунан танып, денеси жанчылган Талгат жаны кыйналып, түбүң түшкүр тирүүлүктүн өзү менен коштошуу кандай оор, кандай азап экенин жан-дили менен сезип, жазмышка аргасыз баш ийип бараткан.

Ал кезде бул окуя Союзга дүң болуп, аңызга айланган. Соттук-медициналык экспертизанын адистери миңдеген кино ышкыбоздорунун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон актёрдун денесинен 119 оор жаракат, сыныктарды табышкан. Көрсө, ошол каргашалуу түнү “диплом майлоочулар” актёрду аёосуз жазалашыптыр. Төрт саатча топтой тепкилешип, эстери оогондо чайдан ууртап демдерин басышып, тыныккан соң кайрадан ур-токмокко алышыптыр.

Талгаттын жакын досторунун бири сүрөтчү Вячеслав Ахунов мындай деп эскерет: “Талгат досум Абай Бөрүбаевдин сектасына азгырылып, убактылуу ага берилип кеткен. Бирок, көп өтпөй өзүнүн чечиминен баш тартып, сектадан чыгып кайрадан чыгармачылыкка баш-оту менен кирерде күтүлбөгөн жерден жогоруда айтылгандай кырсыкка туш болуп отурат. Аны акыркы ирет көргөнүм эсимден кетпейт. Талгат Кишиневго көп сериялуу “Сергей Лазо” фильминин бүтүшүнө жөнөп жаткан. Анын ортосунда “устаты” Абай телефон чалып “разборкага” чакырат. Ал Абайды өзүнүн мугалими катары аябай сыйлагандыктан, Кишиневго эмес, Вильнюска учуп кетет”.

Кыска өмүрүнөн кыскача сүртүмдөр
Талгат 1949-жылы 5-мартта Кызыл-Кыя шаарында туулган. Бала күнүнөн бакыттын даамын татканга абдан куштар болгон жаш актёрдун тагдыры абдан оор болуптур. Атасы Кадырды көрмөк тургай, элесин эсине сактай албай калган. Талгат 1 жашка чыга элегинде кырсык басып атасы көчкү астында калып жан таслим болуптур. Энеси балдарын жалгыз багып өстүрүүдө абдан кыйналып жатса, жаны ачыган бирөөлөр наристени балдар үйүнө киргизишет. Ошол жайдан таалим алып, турмуштун узак сапарына аттанган Талгаттын канында өжөрлүк, намыскөйлүк шакардай кайнап турчу экен. Талгат айыл жеринде өсүп чоңойгонуна карабай, орусча жакшы билчү. Лев Толстойдун “Согуш жана Тынчтык” китебинин эки томун дептерге көчүрүп жазып чыгышы тилди өздөштүрүүгө таасирин тийгизиптир.

Кызга өчөшүп, өжөрлүктөн ийгилик жараткан спорт чебери
Лагерден капилет бир кызга ашык болуп калып, ага көнүлдөгүсүн билдирсе “өз теңиңди изде” деп бозойду шылдың кылып басып кетет. Ошондо ызага ууккан болочоктогу актёр кадимкидей чыйралып, өзүнүн башкалардан мыктылыгын ошол кызга эле эмес, бүтүндөй элге далилдемекчи болот. Ошол күндөн тартып жанын кыйнап спорт менен машыгат. Өжөрлүгүнүн аркасы менен кийин каратэ боюнча өлкөнүн чемпиону болуп “кара курду” тагынууга да үлгүрөт. Өзүнүн шык-дараметин поэзия, прозада да сынап көрөт. Алгач Цирк окуу жайына, анан ВГИКтин актёрлук бөлүмүнө тапшырыптыр. Аны ийгиликтүү аяктаган соң тасмаларга тартыла баштайт. Бирок ал “Акыркы ок”, “Жалгыз жана куралсыз”, “Атууга кезек”, “Том Сойердин жоруктары” жана башка жыйырмадан ашык тасмада тартылса да, өзүн актёр катары ачып бере албай, негедир дайыма эпизоддук ролдорго туш келе берет. Актёр акыры “ХХ кылымдын деңиз каракчылары” тасмасында Салихтин образын жаратат. Бирок ал каарман өзүнө жакчу эмес экен.

Талгаттын тагдыр жолундагы бурулуш учуру анын кыргыз киночулары менен кездешүүсүнө туш келиптир. “Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү” тасмасында кыргыз режиссёру Мелис Убукеев Талгатка Назардын ролун сунуш кылат. Жубайы Венера Нигматулина экөөнүн үй-бүлөлүк турмуш чыйыры да так ушул съёмкадан башталган. Талгаттын “паспорттук” ролу Болот Шамшиевдин “Бөрү зындан” кинотасмасындагы Саматтын образы. Бул ал ойногон образдардын туу чокусу болгондуктан, анын өз аты Самат деген ат менен алмашып кеткендиги жөнүндө аны билгендер сөз кылышат. Тагдыры ушунчалык бийик жана катаал болгон Талгат Нигматулин эгер көзү тирүү болгондо быйыл болгону 60 гана жашка чыкмак экен…

Анын жубайы Венера Нигматулина бүгүнкү күндө да таланты толуп-ташып иштеп жаткандыгы белгилүү. Ал эми артында калган жалгыз туягы Саид Нигматулиндин ата кесибин улантып ондогон кинотасмаларда ойноп, Мосфильмде эмгектенип жаткандыгын жалпы коомчулук биле бербесе керек.

Линда Нигматулина:
“Атамды өлтүргөндөрдөн өч алууну көксөгөм…”
– Мен таланттуу актёрлор Талгат Нигматулин жана Венера Нигматулинанын кызы экениме сыймыктанам. Алгачкы актёрлук чыгармачылык жолум апамдын курсагында алты айлык түйүлдүк кезимде, тактап айтканда, “Бөрү зындан” фильминде апам Саматтын карындашы Мариямдын ролун аткарып жүргөндө эле башталган.

Атам каза болгондо мен эки жарым жашта элем. Зөөкүрлөр мыкаачылык менен өлтүрүштү. “Кан изин суутпайт” дегендей диний экстрасенстерди оңой эле колго түшүрүштү. Угушума караганда бири түрмөдө кургак учуктан көз жумган, бири эркиндикке чыкканда азап чегип селсаяктын жашоосун кечирип жаткан кези. Бирок, ушул кезге чейин “Атамды не себептен өлтүрүштү?” деп бүдөмүк ойлордон арыла албай келем. Балким, анын ар тараптуу талантын көрө албастан бут тосушкандыр, же диний сектага өтө берилгендиктен андан кутула албай калгандыр. Ошондуктан атам спортсмен болгонуна карабастан, экстрасенстер кара магиянын күчүнө таянып оңой өлтүрүштү. Мен “канга кан, жанга жан” деп өч алууну көксөгөм, бирок Кудай өзү жазалады.

Апамдын көзүнөн аялзаттык бакытты көргүм келди
Апам атамды жоготконун көтөрө албай абдан кыйналды. Алгач он күн эч нерсе ичпей-жебей койду. Мен үчүн гана акырындап өзүнө келип, жашап кетти. Кийинчерээк эки-үч кинотасмага тартылды. 15 жыл апам экөөбүз чогуу жашадык. Апам Руслан аттуу мырзага турмушка чыкты. Балким, мен бой жеткенден кийин үйлөнүшкөндүктөнбү, апамды кызганбадым. Эсимде, ошондо өгөй атам “мен канчалык сени өз кызымдай көрсөм да, баарыбир өз атаңдай боло албайм, бирок, мени бир тууган агаң катары эсептей бер” деп айткан. Апам мен үчүн жашап келген, мен апама өмүр бою карызмын. Апамдын көзүнөн аялзаттык бакытты көргүм келди, анын бактылуулугу менин бактым.

Мен өзүмдү улуу эки инсандын шедеври деп эсептейм
Биринчи кезекте актрисалык кесипти жогору коём, анан ырчылык өнөрүм экинчи планда. Себеби атам жетпей калган кыялдарды орундатсам, атам эңсеп жүргөн максаттарды багындырсам дейм.

Мен Алматыда “Ниссо” кыздар тобунда ырдачумун. Биз менен катар “Бублики” балдар тобу бар болчу. Чогуу гостролго чыктык. Болочок жолдошум Мухтар менен ошондо таанышкам. Көп өтпөй сүйүүбүз күч алып, баш коштук. Альрами аттуу уулдуу болдук. Мен төрөгөндөн 22 күндөн кийин апам да Альтаир аттуу уул төрөдү. Мухтар экөөбүздүн отубуз күйүшпөй эки жылга жетип-жетпей жашагандан кийин ажыраштык. Себеби, абдан кызганчаак, кокустан үйгө күйөрмандар чалып калса, чыр-чатакты салчу. Кол көтөрбөдү го, бирок, жок жерден жаңжал чыгарганы жанга батып кетер эле. Негизи, Мухтар жүрөгү таза, бардык ишти майын чыгарган мыкты жигит. Бирок, менин жан-дүйнөмдү түшүнгөн жар боло албады.

Чыгармачылык чыйыр жолумдун гүлдөп турган учуру 2000-2006-жылдарга туш келет. Экрандагы алгачкы тушоо кесүү ролум десем да болчудай, “Перекресток” сериалында Маришканын курбусу Дананын образын жараттым. Мазмуну 1990-жылдардагы ары оорчундуу, ары татаал заманды баштан кечирген казак эли тууралуу. Андан кийин “Чоң оюн” жана “Максатка карай умтулуу” фильмдеринде элеттик кыз Сания Султанова аттуу баш каармандын ролун ойногом. Кийин актёрдук талантымды андан ары да өркүндөтүү үчүн Москвага бардым. Популярдуу сериал “Виола Тараканова. Кылмыштуулуктун өлкөсү-2” курч сюжеттүү сериалында, “Платина” сериалында Жумагүлдүн ролун ачып бердим.

Талгат Нигматулин кыргыз жеринде төрөлгөн. Өзбекстандын атуулу, улуту татар болгондугуна карабастан, ал кыргыз режиссерлору Мелис Убукеев менен Болот Шамшиевдин койгон кинотасмаларында башкы ролдорду жаратып, кыргыз жүзү катары таанылган. Ал тургай жубайы Венера да ал өзүн “кыргызмын” деп эсептегендиги жөнүндө эскерет. Анын элеси миллиондогон кино сүйүүчүлөрдүн сүйүктүү каарманы катарында эсинде кала берет.

“Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 25.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.