Тарбиядагы белгисиз маршрут

Борбордогу Билим берүү академиясынын вице-президенти, профессор Советбек Байгазиев менен тарбия, таалим жаатында сукбат
Тарбия системасы дегенде көздөгөн максаттын, андан улам алдыга коюлган милдеттердин, ал максат-милдеттерди жүзөгө ашырууга омок, база болуп бере турган тиешелүү мазмундун, ошол мазмунду баланын жан дүйнөсүнө терең сиңирүүгө жөндөмдүү таалим-тарбия методдорунун жана формаларынын өз ара логикалуу байланышкан бирдиктүү тутумун түшүнүү зарыл.

Советбек Орозканович, СССР доорунда жаштар негизинен коллективист эле, социалдык романтика күчтүү эле. “Дың жерге барабыз!” деп ырдашчу. Бүгүнкү жаштардын, окуучулардын социалдык психологиясынан кандай нерсе көбүрөөк байкалат?
Изилдөөлөр бүгүнкү окуучу өспүрүмдөрдүн баягы СССР доорундагыдай жамааттын мүдөөлөрү жөнүндө эмес, көбүнчө өз керт башынын маселелери жөнүндө ойлонуп, турмушка прагматикалык мамиле тарабына, материалдык байлыкка ооп баратканын ачыкка чыгарууда. Маселен, балдар бүгүн моминтип ойлонушат: “Мен шаардын сыртында дем ала турган үйлүү болууну каалар элем. Мен үч кабаттуу жеке үйлүү болууну каалайм. Мен миллионер болууну каалайм. Мен BMW машиналуу болууну каалайм. Мен бизнесмен болууну каалайт элем, себеби жакшы жашап, “крутой” болуп, өлкөдө “авторитет” болуу үчүн көп акчалуу болгум келет”. Чет өлкөлүк долбоордун негизинде уюштурулган бул изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөтүп тургандай, азыркы балдардын арасында руханий-адептик, атуулдук-патриоттук багытта ой жүгүрткөндөр аз. Ырас, бирин-экин окуучу “Мен кыргыздын эски ырларын кайрадан жаратууну каалайм”, “Мен президент болуп, өлкөмдү бай өлкө кылгым келет” дешкен. Өспүрүмдөрдүн анкеталык жооптору негизинен “акча”, “пайда”, “бийлик-байлык”, “жеке атак-даңк” сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде айланчыктап турат. Бул албетте, базар мамилелеринин таасири деңизчи. Ошентсе да, балдардын дүйнөсүндөгү мындай тенденция адеп-ыйман тарбиясынын кызыкчылыгынан караганда, коом саламатчылыгынын кооптуу көрсөткүчү эмей эмне?

2006-жылы апрель айында кыргыз телесинин бир көрсөтүүсүндө 5-6 кыргыз улутундагы өспүрүмгө “эгер кайра төрөлүп калсаң, ким болор элең?” деген суроо берилген. Окуучулар аларга француз болгум келет, орус болууну каалайм, немис болгум келет, англичан болгум келет деп жооп беришкен. Өз улутуна таандык экенине сыймыктана албаган балдардын жообу коомубуздун тереңинде, түп жактан түйүлдүк алып келаткан бир социалдык жаман илдеттин жышанасы эмеспи?
Жаштардын тарбиясына байланышкан жогорудагы кырдаалдар өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктардын шартында ата-энелер тарбия ишинен четтеп, көбүнчө көртирлик менен алек болуп, ал эми улуттук элита жалаң саясат менен шугулданып, коомдо ырааттуу түрдө жолго коюлган тарбия системасынын жашабагандыгы көз көрүнөө.

Тарбия системасы дегенде көздөгөн максаттын, андан улам алдыга коюлган милдеттердин, ал максат-милдеттерди жүзөгө ашырууга омок, база болуп бере турган тиешелүү мазмундун, ошол мазмунду баланын жан дүйнөсүнө терең сиңирүүгө жөндөмдүү таалим-тарбия методдорунун жана формаларынын өз ара логикалуу байланышкан бирдиктүү тутумун түшүнүү зарыл. Демек, тарбия процесси бул – коом тарабынан ар тараптуу ойлонулган, алдын ала пландалган, атайын максат көздөп ырааттуу уюштурулган, башкарылып жөнгө салынып турган, өтүшү, жүрүшү жана берип жаткан натыйжалары көзөмөлгө алынып турууга тийиш болгон, өзүнө комплекстүү мамилени талап кылган олуттуу нерсе. Коомдогу бардык институттар, үй-бүлө, бала бакча, мектеп, айыл, мекемелер, уюмдар, фондулар, мамлекеттик органдар, өкмөт тарбиянын мүдөөлөрү үчүн өз ара кол кармашкан байланышта, аракетте тура турган болсо гана тарбия ишинде ийгиликке жетишүүгө болот.

Эгерде биз мектептен балдарга боорукер, мээримдүү, адамгерчиликтүү болгула деп сабак берсек, ошол эле учурда үйдө мамлекеттик телевидение уруш-мушташты, сексти, кан төгүүлөрдү даңазалаган боевик фильмдерди көрсөтүп жатса, үйдө, бала бакчада, мектепте адептүүлүккө үйрөтүп жатсак, а эшикте болсо мектептин жанында киоскаларда эротикалык, порнографиялык түстүү журналдар жайнап турса, ата-эне баласына сабырдуу, токтоо, топуктуу бол деп насаат айтса, ал эми көчөлөрдөгү жайнаган компьютердик клубдар, жеке үйлөрдө жашыруун уюштурулган видеофильмдер адамдагы агрессивдүү инстинкттерди козгогон тасмаларды чүрпөлөргө тынымсыз көрсөтүп жатса, анда биздин коомдогу институттардын, уюмдардын тарбиялык максат үчүн кол кармашып, бириккени ушубу?

Балага “менин милициям мени коргойт” деп үйрөтсөк, а турмушта милиция кээде мектеп рэкетине тымызын калканч болуп, андан пайда таап атса, а түгүл өзү киши тоноого катышып, каракчылык кылып жатса, мектепте өзүңдүн таман акы, маңдай териң, ак мээнетиң менен оокат кылуу жөнүндө сүйлөсөк, а реалдуу жашоодо алдым-жуттумдар, “прихватизаторлор”, коомдук мүлккө кол салгандар гүлдөп, “особняктарды” салып, а түгүл мамлекеттик кызматтарга көтөрүлүп жатса, турмушта МАИ кызматына 2000-5000 доллар пара берип орношсо, класста тарбия саатында мыйзамды сактоо, укукту сыйлоо, калыстык, адилеттүүлүк жөнүндө тил безеп насыят айтсак, а жашоо-тирликте айланаңдагылар кыздарды зордоп алагачып кетип жатса, бул боюнча эч ким сот жообуна тартылбаса, кылмыш кылгандар, а түгүл киши өлтүргөндөр соттун тамагын майлап коюп, жазасыз беймарал көчөдө басып жүрүшсө, айлана-чөйрөнү коррупция басып турса, эне ыйык десек, а турмушта карылар үйүнө өткөрүлгөн ата-энелер көбөйүп жатса, эне тилиң сен үчүн биринчи планда турушу керек деп окутсак, а бирок окуучу мектепти бүтүп борборго келсе, рекламалар компьютерди жана англис тилин мыкты билгендерди гана жумушка чакырып турса, балдарга өз улутун сактоо жөнүндө накыл сөздөрдү таалимдесек, а практикада болсо чет өлкөлүк дин секталарга лицензия берип, алар жаш муундарыбызды арбап, үй-бүлөлөрдү бөлүп-жарып, азганактай улутубуздун биримдигине жарака кетирип жатса анда ушундай жагдай-шарттар, ушундай атмосфера, биринин тарбиясын бири жокко чыгарган коомдук чөйрө, жаш балдардын гармониялуу тарбияланышына, өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү мүмкүнбү? Ушундай чөйрө кантип жакшы таалим-тарбия үчүн өрнөк, үлгү боло алмак?

Мындайда улуу педагог А.С.Макаренконун “Тарбиячы кеп-кеңеш айтып жатса, непада ошол акыл-кеңештер, насааттар балдардын турмуш-тиричиликтин күндөлүк процессинен көрүп-билип турган нерселерине кайчы чыкса, анда алар андай акыл-кеңешке кулак какпай коюшу мүмкүн” деген ою чынга чыгат да, туурабы?
Маселен, бизде ээлеген майлуу кызматынын аркасы менен кимдир бирөөнүн тымызын жеп-ичип, алып-жулуп, коомдук мүлккө кол салып, чардап жатканын баары эле көрүп турат. Арам жол менен табылган акчага заматта заңгырата салган “особнягына” той берсе, туугандардын, тааныштын, чоңдордун баары, а түгүл депутаттар белек-бечкегин көтөрүп келип, куттук айтып, бетинен өөп, дасторкон үстүндө анын дарегине не бир укмуш даңаза сөздөрдү жаадырышат. Оокат кылганды билген азамат дешет. Мынакей, реалдуу турмуштун кебете-кешпири. Мектептен бала чындык, акыйкат, адал мээнет, ак ниет эмгек жөнүндө насааттарды угат, а турмуш “университети” болсо моминтип башка өрнөктөрдү көрсөтөт. Ушундай социалдык чөйрөдө жакшы менен жамандын чеги ажыратылбай, адамды баалоонун моралдык чен-өлчөмдөрү девальвацияланган шарттарда өспүрүм кантип оң жолго түшөт? Өйдөтө А.С. Макаренко айткандай, мектепте айтылган насааттарга кантип ынана алат? Мындай учурда жаш адам трибуна деген кызыл тилди сабап, калети жок, туура, бирок турмушка кереги жок сөздөрдү кыйкырып айтып коюш үчүн жаралган, ал эми турмуш болсо кооз сөздөрдү керектебеген өзүнүн жапайы нугу менен агат, ал жапайы нукта өзүмчүлдүктүн, мен сага – сен мага деген орой эреженин, бийлик, байлык деген кара жемсөө кумарлардын арааны жүрөт деген чечимге да бекип алышы мүмкүн. Мындай ой менимче, адамда коомдун, мамлекеттин бийик мүдөөлөрүнө көңүлкоштукту жаратат. Эгер мындай маанай бүтүндөй журтту, айрыкча жаштарды каптап алса, бул өтө коркунучтуу.

Жагдайдын оордугу көз көрүнөө. Сиздин оюңузча тарбия ишин жолго коюу үчүн мындан ары эмне кылышыбыз керек?
Кыскасын айтканда, өспүрүмдөрдүн, жаштардын тарбиясына байланыштуу келтирилген жогорудагы негативдүү фактылар Кыргыз мамлекетинин таалим-тарбия стратегиясы, программасы улуттук руханий дөөлөттөрдүн жана элдик педагогиканын негизинде кең-кесири иштелип, системалуу түрдө жолго коюлбагандыгынан улам, өлкөдөгү вакуумду массалык маданияттын экспансиясы жана түркүн күчтөр тарбия “арабабызды” Крыловдун тамсилиндегидей бири туурага тартса, бири өйдөгө тартып, бири төмөнгө тартып, жаш муундарыбыздын социалдашуусунун ыраатсыз, башаламан өтүп жаткандыгын күбөлөйт.

Тарбия ишинде мектеп жалгыз болуп, көп нерселерге алы жетпей жатат. Мындан улам кандай жыйынтыкка, корутундуга келүүгө болот? Тарбия ишин чындап жана чечкиндүү түрдө колго алуу зарыл. Тарбия болгондо да руханий-адептик (нравалык) тарбияны. Руханий-адептик тарбия коом үчүн эң орчундуу, эң зарыл нерсени – моралды, абийир-ыйманды жаратуунун куралы. Ал эми коомду коом катары сактай турган нерсе бул – адеп-ахлак. Кылымдарды карытып, илгертен келе жаткан түптүү адеп-ахлак мыйзамдары адамдар тарабынан сакталбай, бузулуп келген болсо, улуу акындар Калыгул менен Арстанбек айтып эскерткендей, урматы кетип, уул уул болбой калганда, уяты кетип, ата ата болбой калганда, сөөлөтү кетип, кемпир кемпир болбой калганда, кымбаты кетип, кыз кыз болбой калганда, салт салт болбой калганда, ата журтубуздан кут кетип, талаабыз “такыр болуп”, тообуз “токол болуп”, коомубузга “акыр заман” келмек.

Анын белгилери байкала да баштаганын жогорудагы фактылар каңкуулап туру. Демек, биринчи иретте руханий-адептик тарбия системасын жолго коюу жөнүндөгү идея толук логикалуу жана ал эгемендүү ата журтубуздун азыркы өктөм муктаждыгы.

Кыргыз республикасы мамлекеттик деңгээлде президент Курманбек Бакиевдин улуттук дөөлөттөргө негизденүү жөнүндөгү көрсөтмөсүн жетекчиликке алып, улуттук рух нарктарына таянып, өзүнүн жаңы таалим-тарбия концепциясын түзүп, анын негизинде мамлекеттик тарбия программасын иштеп чыгып, кабыл алышы аба менен суудай зарыл.

Жума Мамбетов, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.