“Өзүмдү алдагым келбейт”

d0bad0b0d180d182d18bd0bad0bed0b2“Заманың бөрү болсо, бөрү бол” дегендей, учурда кыргыз музыкасы кай жакты карап түздөнүп, кимдерден үлгү алып, деңгээли кандай экени көпчүлүккө маалым. Кезинде “Кыялдануу”, “Досторума”, “Барам сага” сыяктуу керемет обондорду жаратып, учурда Кыргыз экономикалык университетинин маданий эстетикалык борборунда таланттуу, шыктуу студенттерди тарбиялап жаткан обончу, композитор Кадыралы АРТЫКОВ менен ушул темада баарлаштык.

Кадыралы ага, сиздин “Кыялдануу” деген обонуңуздун керемет экенин менден биринчи угуп атпасаңыз керек…
Албетте, ар бир чыгарма бир нерсеге таасирленүүдөн пайда болот. Ата-энем чабан болгондуктан бала кезде жайлоолордо көп жүрүп, жаратылыш кооздугу көкүрөккө абдан сиңип калган. 1976-жылы атам кайтыш болду. Чабандык кесипти токтотуп, дыйканчылык менен алектенип калдык. Ошондо апамдын, биртуугандардын көкүрөгүндө, менин жүрөгүмдө жайлоого болгон кусалык пайда болуп, абдан сагынып жүрдүк. Ошентип 10-классты бүттүм. Ош педагогикалык институтунун музыка факультетине тапшырып, окуп калдым. Ал жерде Рыспай Абдыкадыров, Кубанычбек Осмонов, Иса Кебеков сыяктуу мыкты обончу, композиторлор, Саадабай Шабданов, Фахриддин Баяков деген комузчулар иштечү. Бир күнү Рыспай ага менен сүйлөшүп отуруп “ага, обонду кантип жаратат?” деп сурап калдым. Ал “обон жаратуу деген кыйын” деп мага түшүнүксүз терминдер менен түшүндүрүп кирди. Мен жөнөкөйүрөөк кылып түшүндүрүүнү өтүндүм. Ага мени бир аудиторияга киргизди да, ноталык станда “до” нотасынан баштап обон толкун сымал өсүп кульминациялык чекитке жетип, кайра толкундай болуп ылдыйлап “до” нотасынан обон бүтөөрүн түшүндүрдү. Ошол түшүнүк көзүмдү жаап турган челди алып салгандай болду. Кийин үч-төрт обон жаздым. Бирок алар көңүлүмө анча толбоду. Бир күнү үйгө келип чай ичкенче Алмаш Чойбекованын алгачкы ырлар жыйнагын барактап отуруп, “Кыялдануу” деген ырын окуп калдым. Ырды окуп чыгарым менен денемде башка дүйнөгө киргендей эргүү пайда болду. Ошол замат гитарамды колго алып черте баштадым эле, обондун кайырмасы чыкты. Аябай сүйүнүп, келинчегим, карындашыма ырдап берсем экөө тең жактырды. Эртеси жумуш бүткөндө кабинетимди акырын бекиттим да, түйшөлүп атып баягы эргүүнү кайра чакырып, ошол мурунку күндөгү абалга түштүм. Ал күнү кайырмага чейинки обонду жаздым. Ошентип, менин көөдөнүмдөгү жайлоого болгон эңсөө, бала кездеги жаратылыш кооздугу обонго айланды.

Азыр “Досторума”, “Барам сага” сыяктуу обондорду жарата алдыңызбы? Сураганым, көптөн бери көрүнбөйсүз…
Биринчиден, мен обондорду жазып атам. Экинчиден, обонду жаратуу бир маселе, аны элге жеткирүү өзүнчө иш. Азыр жаш кездегидей тынымсыз обон жаратпасам да, атайын темаларга обондорду жазып жүрөм. Аларды чыгаары менен эле элге тартуулап жиберүү да кыйын экен. Анын үстүнө азыр элдин, угармандардын талабы башкача. Илгеркидей кургак эле аккордеон, комуз, гитара менен ырдап койсоң эл кабыл албайт. Борборго келгенден бери менин да обонго болгон талабым өзгөрдү. Азыр мен оркестрлештирилген, жакшы аранжировкаланган, музыкалык жактан бай обондорду жаратып, ырдагым келет. Жакшы обонум жазылып, музыкалык коштоосу, аткаруусу начар болуп калса элден мурда өзүм иренжишим мүмкүн. Ошондуктан өзүмдү өзүм алдагым келбейт.

Кыргыз элиме бир эле обон эмес, композитордук деңгээлдеги аспаптык, вокалдык музыкаларды жаратсам деген тилегим бар. Ага жетүү тагдырга, турмушка байланыштуу болот экен.

Кайсы аспаптарда ойнойсуз?
Жети жашымда атам билектей комуз чаап берип, комуз үйрөнгөм. Кийин мандолин черттим. Андан кийин гармондо ойноону өздөштүрдүм. Баян, аккордеон тартам. Шаарга келгенде гитара, фортепиано үйрөндүм. Азыр синтезатордо ойнойм.

Азыркы кыргыз эстрадасы боюнча эмне айта аласыз?
Кыргыз эстрадасы башка элдин эстрадасынын таасиринде заманга жараша өнүгүп баратат. Мурунку эстрадалык музыкага караганда азыр эстрада стилдик, гармониялык, аткаруучулук жактан кыйла өнүккөн. Бир гана аксаган жери – азыркы эстрадалык музыка жазгандар батыштын таасиринен улам улуттук колоритибизди, кыргызга тиешелүү кайрыктарды биринчи орунга койбой жатышат. Албетте, азыр Европа музыкасынын таасири болбой койбойт. Бирок, кыргыз музыканттары аны чыгарманын сырткы эффекттерине – стилдик, гармониялык жактарына эле пайдаланышса. Азыр бир эстрадалык обондун 20 пайызы кыргыздыкы, 80 пайызы батыштыкы болуп калды. А сөздөрүндө поэтикалуулук, уйкаштык жок. Бирок, арасында жакшылары да жок эмес. Өкүнүчтүүсү, угармандардын табити абдан төмөн түшүп, обончу, ырчыларга илгеркидей сын жетишпей жатат. Буюрса, мындан дагы өтөбүз.

Обон биринчи жазылышы керекпи же ырбы?
Менин жеке чыгармачылыгымда тигиниси да, мунусу да болот. Мисалы, “Кыялдануунун” тексти мыкты болгон үчүн, обон да жакшы чыкты. А кээде капаланып, аша кубанып же толкунданып турганда ушундай сонун, шедевр обон жаралат, бирок, ага ылайыктуу ыр табылбайт. Менин 1980-90-жылдары жазган обондорумдун дагы деле сөзү жок. Акын болбогондуктан бул обондорго ыр жаза албайм. Бирөөлөргө жаздырсам мен каалагандай болбой калат. Акындар жаман жазат дей албайм. Бирок алардын тексттери негедир обонго төп келбей, экөө бири-бирин толуктай албай калат.

Чыгармачыл адамга чөйрө, достор, үй-бүлө дем берип турбаса, талант өзүнөн-өзү жок болуп кетет деп калышат…
Бала кезден баштап чыгармачыл чөйрөдө өскөндүктөн обончулукка аралашып калсам керек. Чоң атам ыраматылык Артык, чоң энем Бүбүкыз экөө тең көрөңгөлүү адамдар болгон. Чоң атам комуз чаап, боз үйдүн уук-керегелерин жасаган, жан- дүйнөсүндө чыгармачылыктын угуту бар киши эле. Чоң энем жамакчы, эки сөзүнүн бирин макалдатып сүйлөгөн, чечен аял болгон. Атам Жусуп да таланттуу, комузда кол ойнотуп, “Карагул ботом”, “Ак мөөр” сыяктуу дастандарды айткан. Атам бала кезинде Кыргызстанда жаңы филармония түзүлүп, Калык Акиев, Осмонкул Бөлөбалаев таланттуу жаштарды айылдардан чогултуп, тарбиялайбыз деп өлкөнү кыдырышкан экен. Ошондо атамды ырдатып көрүшүп, борборго алып кетмек болушуптур. Бир үйдүн улуу баласы болгондуктан чоң атам “сен кетсең койлорду ким багат?” деп жибербей коюптур. Кийин атам теледен Эстебес, Тууганбай агаларыбызды көргөндө “аттигиниң, ошондо кеткенимде, мен дагы ушулардай болмокмун” деп арман кылчу. Ош, Бишкектеги окуган, иштеген чөйрөм да чыгармачылыгыма жакшы эле өбөлгө болуп келатат. Үй-бүлөм да чыгармачылыкты түшүнөт.

Канткенде кыргыз кайрыктарын жаштарга көбүрөөк сиңирип, сиз айткан 20 пайызды жогорулата алабыз?
Муну мамлекет, маданият министрлиги колго алып, бакчадан, мектептен башташ керек. Улуттук музыкабызды окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жөнөкөйлөштүрүп, алардын кан-жанына сиңиришибиз кажет. Боогачынын, Атай Огомбаевдин, Рыспай Абдыкадыровдун кайрыктарын угуп чоңойгон кыргыз баласынын музыкалык табитин эч ким буза албайт. Анткени ал калыптанып калат. Азыр өңү кыргыз, бирок жан дүйнөсү орусташып, батышташып кеткендер өтө көп.

Замандаштарыңыздан кимди баалайсыз?
Азыр атайын музыкалык билими жок туруп жакшы обон жараткандар, музыкалык билими бар, атайын консерваторияны бүтүрүп эч нерсе жазбагандар да бар. Диплому бар, тынымсыз изденип, жакшы чыгарма жараткандарды чыныгы композитор деп эсептейм. Азыркы жаштардан Мырзаалы Жээнбаевди баалайм. Азыр анын эстрада, кино музыкасындагы изденүүлөрү жакшы. Ушул жигит тынбай эмгектенсе, ал келечектеги кыргыздын улуттук профессионалдык музыканттарынын алдыңкыларынан болот деп ишенем.

Учурда комуз күүлөрүн ар кандай эстрада ырларына жамап жатышат. Бул кыргыз кайрыктарын өркүндөтөбү же тескерисинче бузабы?
Кыргыздын комуз күүсүн эле эмес, 17-18-кылымдарда жазылып калган музыкаларды, Бах, Моцарттын чыгармаларын эстрадага колдонуп жатышпайбы. Эгерде бирөө кыргыздын күүсүн эстрадага салып, оригиналынын деңгээлинде же андан да жогору кылып угармандарга тартууласа, аны колдош керек. Күүнү сындырып, ар кандай кооздоп, бузгандарды мен колдобойм. Обондун акмагын чыгарып салыш чоң күнөө. Азыр ошондой айрым начар музыканттардын өздөрүн өтө бийик сезишкени мени өкүндүрөт.

Мелис Совет уулу, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.