Көчмөндөр цивилизациясы

(Уландысы. Башталышы газетанын өткөн санында)

Кыргыз эли мына ушундай кайталангыс руханий, адеп-ыймандык жана материалдык маданиятын өзүнүн миңдеген жылдык узак тарыхында дүйнөнүн ой-чуңкурун көрүп, Азиянын бороон-чапкындуу мейкиндеринде, жашоо үчүн каарман күрөштүн жолдорунда азап-тозокту, ысык-суукту, ачуу-таттууну баштан кечирген татаал жана эң бай өмүр тажрыйбасынан жууруп жараткан. Дагы бир жолу айталы, тарыхый тажрыйбасына таянып, миң жылдап иштеп чыгып, туу катары карманып, өзөгүндө сары майдай сактап, медер туткан жогорудагыдай ыйык дөөлөттөрү, идеялары болгону үчүн кыргыз калкы тарыхтын бурганактуу булуң-буйткаларында жоголуп кетпей, тагдырдын катаал сыноолоруна туруштук берип, элдигин сактап, 20-кылымга жеткен. Өзөгүндө пир туткан, бекем карманган ыйык идея-туулары, кыртышка терең орноткон рух түркүктөрү болбогон элдин өзүнчө жумуру-журт болуп жашай албастыгын жана андай элдин кыйын-кезеңдерде ич жагынан өзүнөн өзү ыдырап бүлүнүп, бириндеп, чабылып-чачылып, азып-тозуп жок болорун карт тарых нечен жолу далилдеген.

Ушул жерден айтарыбыз, кыргыздын тарыхына, маданиятына баа берүүдө жанагы айтылуу марксисттик-большевиктик окуунун коомдук-экономикалык формация жөнүндөгү методологиясына караганда, бүгүнкү күндөгү маданияттардын көп түрдүүлүгү, же болбосо өнүгүүнүн маданий-тарыхый типтери (культурно-исторический тип) туурасындагы методологияны колдонуу ылайыктуу болор эле деген ойдобуз. Бул культурологиялык методология боюнча дүйнөлүк тарых өз алдынча өнүккөн, өзүнүн кайталангыс жүзү бар түркүн маданияттардын же цивилизациялардын жашашы менен мүнөздөлөт. Эгер ушул ыңгайдан карай турган болсок, анда кыргыз эли 5 миң жылдык тарыхында башкаларга өрнөк боло турган өзүнүн руханий-гуманисттик, нагыз адамдык жүзү бар маданиятын, цивилизациясын жараткан. Кыргыз-түрк цивилизациясы деген түшүнүктү дүйнөлүк маданий айлампага киргизүү керек. Кыргыздын гумандуу рух цивилизациясынын буга чейин татыктуу баасын албай келиши бардыгына европоцентристтик жана артта калган азиялык коомдук-экономикалык формация жөнүндөгү белгилүү методологиянын кесепетинен улам болуп келди деп айткым келет. Биз европоцентристтик позициядан кетишибиз керек.

Дагы бир жолу айталы, коомдук өнүгүүнүн сапаттык көрсөткүчү техникалык жетишкендиктер менен эмес, инсандын жан дүйнө маданиятынын жана адеп-ахлак сапаттарынын өскөн даражасы менен мүнөздөлөт. Бул жагынан биздин кыргыз жамаатынын адептик-ыймандык деңгээли көпкө үлгү болорлук даражада кыйла бийиктикте тургандыгы айкын болуп отурат го.

Эми акырында корутундуларга келели. Мына көрдүк, улуттук коломтобузда кылымдарды карыткан, илгертен түптөнгөн рух казынабыз, ыймандык гүлазыгыбыз, кыртышыбызда уюп жаткан көрөңгөбүз бар экен. Мындай болгон соң эмне кылышыбыз керек?

Биринчи иретте, мамлекетибиздин улуттук негиздерин чыңашыбыз керек. Жаш муундарыбызды, жарандарыбызды улуттук коломтобуздагы жогорудагыдай элдик салттарыбыздын, Рух кенчтерибиздин, адептик-ыймандык даанышмандыгыбыздын, уюткулуу нарк-насилибиздин нугунда калыптандыра турган тарбия-таалимдин концепциясын түзүп, анын негизинде мамлекеттик тарбия программасын кабыл алып, аны ырааттуу ишке ашыруунун натыйжалуу усул-жолдорун иштеп чыгышыбыз зарыл.

Бир сөз менен айтканда, өзүбүздүн улуттук казына-көрөңгөбүздү ыкчам түрдө кыймылга келтирип, руханий-атуулдук-азаматтык наркыбыздын нугунда кайра жаралышыбыз керек. Рыноктун жапайы селине биз өзүбүздүн улуттук эркибизди каршы коюп, улуттук салт-наркыбызды сактап, коргоп, асырап багып, аны аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтууга тийишпис. Өз улуттук коломтосуна, кыртышына таянбаган ар кандай өнүгүү туюкка барып кептелерин тарых тажрыйбасы көрсөтүп келет. Эгерде улуттук маданиятыбыздын түркүгү бекем орнотула турган болсо, анда калкыбыз ар кандай чоочун маданий баскынчылыктын, сырткы терс таасирлердин бийлигине алдырбай, дүйнөлүк глобалдашуунун оп тартып жутуп коюучу өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өз жүзүн сактап, жалпы адамзат көчүнө татыктуу кошула алмак.

Дагы бир бир жолу айталы, коомду коом катары сактай турган нерсе бул – адеп-ахлак. Кылымдарды карытып, илгертен келе жаткан түптүү заң-эрежелер, адеп-ахлак мыйзамдары адамдар тарабынан сакталбай бузула турган болсо, улуу акындарыбыз Калыгул менен Арстанбек айтып, эскерткендей: урматы кетип, уул уул болбой калганда, уяты кетип, ата ата болбой калганда, сөөлөтү кетип, кемпир кемпир болбой калганда, кымбаты кетип, кыз кыз болбой калганда, салт салт болбой калганда, Ата Журтубуздан кут кетип, талаабыз такыр болуп, тообуз токол болуп “акыр заманга” туш болоорубузду унутпайлы.

(Аягы)

Советбек БАЙГАЗИЕВ,
“Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.