Кино ишмерлери көрүүчүлөр менен айына эки жолу жолугушат

Республикалык Кино үйү кино ишемерлеринин көрүүчүлөр жана жөн эле ышкыбоздор менен “Бетме бет” жолугушууларынын сериясын өткөрөт. Бул туурасында 1-сентябрда “КАБАР агенттигинин кабарчысына Маданият жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография департаментинин деректири Абибилла Пазылов билдирди.

Жолугушуулар сентябрдан декабрга чейин айына эки жолу өтөт. “Республиканын белгилүү кинодраматургдары, актерлору, режиссерлору, продюсерлери, кинооператорлору меймандарга өзүлөрүнүн иштери, чыгармачылык пландары жөнүндө айтып беришет, маекчилердин суроолоруна жооп беришет. Ар бир жолугушуулардан кийин сөзсүз кинотасма көрсөтүлөт”,- деп айтты А.Пазылов.

Биринчи жолугушуу 4-сентябрда болот. Ага продюсер, “Канат менен Зарина” коомдук фондусунун президенти Клара Кадыршаева катышат.Көрүүчүлөр кыргыз кинопрокатына 2008-жылы чыккан режиссер Эркин Рыспаевдин “Сүйүүнүн өзүнүн асманы бар” деген толук метраждуу көркөм фильмин көрө алышат, ал эми 18-сентябрда кино ышкыбоздору жазуучу, кинодраматург Мар Байжиев менен жолугушат жана анын “Окуя фильмин көрүшөт.

А.Бенгард, ЖТ, “Кабар” МА, 02.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.