Асек Казиевдин балдар китептеринин көргөзмөсү

kazievКасымалы Баялинов атындагы балдар китепканасында акын Асек Казиевдин балдарга арналган жети китебинин көргөзмөсү ачылды.

Асек Казиев эгемендиктин алгачкы жылдарынан – кыргыз тилине, улут байлыктарына, коомдо болуп жаткан ар кандай көрүнүштөргө карата өзүнүн атуулдук мамилесин билдирип, ырлардан, поэмалардан турган китептерди чыгарды. Ал эми соңку учурда балдар чыгармаларына кайрылып, “Тамгалар ырдайт”, “Сөздөр сүйлөйт”, “Жаныбарлар табышмактар”, “Канаттуулар табышмактар”, “Үй жаныбарлар табышмактар”, “Курт-кумурскалар табышмактары”, “Марска саякат” жана “Жети гуз жөнүндө жомок” аттуу балдарга арналган китептерди чыгарды.

Акындын балдарга арналган түстүү китептерине Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков демөөрчүлүк этти. Асек Казиевдин “Тамгалар сүйлөйт” китебинен үзүндү келтирели:

Данек, дарак, дарбызга,
“Д” жазылат дайыма,
Дамир, Дөөлөт эки дос,
Жардам берди Дайырга.

Асек Казиевдин балдар үчүн жазылган китептеринин көргөзмөсүнө Президенттин маалымат катчысы Алмаз Турдумаматов, Жазуучулар союзунан, Билим берүү академиясынан, Маданият министрлигинен жана жогорку окуу жайлардан өкүлдөр катышты.

Алмаз Турдумаматов аталган иш чараны уюштуруучулардын бири:

Асек Казиевдин нукура кыргызча жазганы мага жакты. Ырларынан анын мекенчилдиги көрүнүп турат. Өзгөчө бизде башталгыч класстардын окуучулары үчүн китептер аз. Асек Казиевдин балдар үчүн чыгып жаткан китептери ошол кенемтени толтурууга салым кошуп жатат.

Эми автор “Сандар сүйлөйт” китепчесинен үзүндү окуп бермекчи:

Санак бирден башталган,
Саным “бир” деп аталган,
Сан башында турамын,
Сандын баарын башкарган.

Эң эле кооз койкойгон,
“Эки” деген сан болом,
Эринчээкке, жалкоого,
“Эки” деген баа коем.

Асек Казиевдин пикиринде балдар тууралу чыгарма жаратуу – автордун көз карашынын кеңейишине, жан дүйнөсүнүн тазарышына өбөлгө түзөт:

Балдардын табияты таза болгондуктан, жаратылыштын кооздуктарын өзгөчө кабыл алып, башкача сүйлөп да берет экен. Ошо балдардын айткандарын көркөмдөп, бирок өздөрү жеңил түшүнгүдөй кылып жазып берсек, жакшы болчудай. Эми азыр кыргыз балдар үчүн китептер аз. Бишкекте кыргызча сүйлөгөн балдар да азайып баратат.

Асек Казиев жогорку окуу жайынан билим ала элек. Ал өзүнүн шык-деми менен жазып келатат. Эгерде билимин дагы кеңейтсе, анын чыгармаларынын деңгээли дагы жогоруламак деген пикирде педагогика илимдеринин кандидаты Каныбек Кенжешов:

Асек Казиев жогорку билими болбосо да табияттан шык-деми бар акын. Чыгармаларында коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө өз үнү менен кабатырланат. Бирок Асек Казиевге дагы да изденүүлөр керек. Билимин жогорулатса, мүмкүн дагы жакшы чыгармаларды жаратат.

Асек Казиевдин балдарга арналган китептери Касымалы Баялинов атындагы балдар китепканасында өтүп жаткан көргөзмөдө сатыкка да коюлду.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 16.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.