Кубаныч САТАЕВ: “Атам өзү айкөл, ырлары өрт эле…”

Атам сөгүнүп сүйлөөр эле. Аларды тосуп атып дагы таластыктарча сөгүнүп алат. Абидин байке анысына адегенде таарынып калат. Анда жанындагылары: “Абидин, таарынба! Чубак эки сөзүнүн биринде сөгүнөт” деп түшүндүрүшкөн дейт.

– Чубак аганын өнөрүн улаган үйдө сиз элеби же биртууганыңыз да ырга шыктуубу?
Иним Таалайдын шыгы бар эле. Бирок, ал азыр намазга жыгылып, дин жолунда. Өзү динге ооп, мен ырдап чыккандан кийин ырдан алыстап кетти. Шарият да буга жол бербейт тура. Өзүм үч-төрт жашымдан ырдай баштаптырмын. Чоң апам жаңылмач, төрт саптарды жаттатып койсо, кайра так кайталап берчү экенмин. Атамдын “Романтик” деген магнитофонуна жаздырып алып, кийин эс тартканымда угузуп жүрдү. …Атам ырчы болушумду каалачу эмес. Анын оюнда, мен космонавт же аскер адамы болсом туура болмок. Тилекке каршы, ага жетпей, мектепти бүткөнүмчө эле каза болуп кетти.

– Эмнеге ырчы болушуңузга каршы эле?
– Үйдө тун бала болгондуктан, менде олуттуулук күч. Үч уулдун улуусумун. Бакыт деген инибиз беш жашында автокырсыктан чарчап калган. Атамдын артында эки туяк калганбыз. Башта мүнөзүм деле ырчылыкка ылайык эмес болчу. Кичинемде сүрөтчү болом деп атайын ийримге катышкам. Сологой экенимди көрүп агайым: “Сол кол менен иштесең, колуң бат чарчап калат. Андан көрө атаңа окшоп ырчы бол” деп койгон. Ошондон кийин сүрөттөн кол үзгөм.

– Негизи кайсы кесип ээсисиз?
– Телеоператормун, бирок, дипломум үйдө турат. Акыры болбой эле ырга оодум. Себеп дегенде, жүрөктө ыр турса, ырдамайынча адам кысылып кетет. Бул чөйрөдөн оолак боло албайт экенмин. Кудайга шүгүр, өзүмдүн үчүнчү альбомумду чыгарганы турам. Аздыр-көптүр обондорум бар, ырлардын сөзүн да өзүм жазып калам. Кичинемден тарта талаада кой кайтарып жүрүп да ырдайт элем. Кой кезүүгө чыкканда буулуккансып, талааны жаңырта ырдап-ырдап алчумун. Ошол сезимдер азыр да эсимде. Оюма бир кайрыктар келе берчү. Көрсө, обончулук шык ошондо эле ойгонгон экен. Кыргыз шоу-бизнесине аралашканча, 2-3 обонум бар болчу. Элге уят болбоюн деп элге чыгаргандан чочулап койгом. Азыр ойлосом, туура эле кылыпмын. Ошентип, атамдын ырларынан баштап калгам.

– Жаңылышпасак, элге алгач атаңыздын “Түштүк кызга” ырын сунуштадыңыз…
– Бул менин өмүрүмдөгү эң эсте каларлык ыр, ага тартылган клип унутулгус. Себеби, маңдай тер, таман акы менен жаралган. Эч ким мени тааныбайт, жардам бере турган киши жок эле. Бир аз элге таанылган соң, бул чөйрөдө мага бир топ жеңил боло түштү. Адам иш баштаганда кыйналат экен, оомат келгени ал кыйынчылыктардын катары сууй түшөт. Кийинчерээк патриоттук темада ырдап жүрдүм. Тойлордо “Ак батаны” көп сурашат. Ушул өңдүү мазмундуу ырларга көп ыктай баштадым. Элге ырахмат, эл ичинде ырдын маанисин түшүнгөн, баалагандар көп. “Кыргыздын колоритин сактап, атаңдын атын алып жүрөсүң” деп батасын берген адамдар, жардамын аябаган аяш аталарым бар. “Атаң өлсө да, атаңды көргөн өлбөсүн” деп ошондон улам айтылат окшойт.

– Эгер тирүү болгонунда Чубак агабыз азыр канчада болмок?..
– Келерки жылы 14-январда 50 жашка чыкмак. Туулган күнүнө карата өз убагындагы сахналаш досторун, акыркы кездери атамдын ырларын ырдап жүргөн жаш жигиттерди чакырып, бир жакшы концерт уюштуруп, атамдын ырларын жаңыртып ырдагандар арасында сынак өткөрсөмбү деген ой-тилектерим бар. Албетте, мунун баарын келечек көрсөтөт. Китебин чыгаралы деген максат бар, көп жыл мурун баштап, иш токтоп калган эле. Ырларын нотага түшүрүп койгом, басып өткөн жолу менен бирге атамдын ырлары да ошол китебине камтылат. Себеп дегенде, элге жетпей калган да ырлары көп. Кудай буюрса, денсоолук болсо, бул тилектеримдин баары акырындап ишке ашат деп ойлойм.

– Чубак аганы коштоп барган чыгармачыл адамдар үйүңүздө көп болушкандыр. Кимдер келгени эсиңиздеби?
– Атамдын жанында шылдырак уруп жүрчү кишини эстейт чыгарсыздар, Каныбек Мамбетов үйгө эң биринчи келген. Жакын досторунан ошол киши, Болот Алыкулов эле. Борончу Кудайбергенов атамдын өкүл баласы болгондуктан, биздикинде көп болчу. Жаныбек Алыкулов, Жетимиш Таскаев, Медербек Кадыршаев, Абидин Темировдор келгени эсимде. Абидин байкенин атамды эскергени бар. Жаныбек байке “Шорпо” ыры менен дүңгүрөп турганында чогулуп, Таласка келишет. Атам сөгүнүп сүйлөөр эле. Аларды тосуп атып дагы таластыктарча сөгүнүп алат. Абидин байке анысына адегенде таарынып калат. Анда жанындагылары: “Абидин, таарынба! Чубак эки сөзүнүн биринде сөгүнөт” деп түшүндүрүшкөн дейт. Эртеси экөө тил табышып, досторчо сөгүнүп калышыптыр. Шахризада Аскарова эженин да келгенин билем. Бир ирет “Кызбурак” тобу менен биргелешип, стадиондо концерт койгону эсимде. Ошол убакта эле шоу концерттерди уюштурган экен. Азыр стадионго концерт коюш кыйын. Азыркылардан эч кимибиз андай концерт кое албасак керек. Ал кишинин концерти болсо, эл ири стадионго деле толо келип берчү. Эл аны ушунчалык жакшы көрчү. Улуттук филармонияга 20 күн концерт берген. Бул жагынан да атам тарыхта калса керек. Жанында жүргөн аяш аталарымдын айтымында, 2 саат бою жандуу үн менен ырдачу экен. Күч келип, ошонун баары ден-соолугуна зыян болгондур деп ойлоп калам. Денсоолугуна караган да эмес, кам көргөн да жок. Эл деп эле жүрө берчү тура.

– Чубак аганын аккордеону азыр сакталганбы?
– Рысбай Абдыкадыров белек кылган аккордеону үйдө. Бирок, ал чоң ремонтко муктаж. Оңдосок, музейге коебуз.

– Айылда атаңыздын атын алган эмне жайлар бар?
Кудайга шүгүр, көп эле нерсеге атамдын аты ыйгарылды. Айылдык клуб, Боо-Терек айылындагы борбордук көчө атамдын атын алып, Талас шаарындагы Шевченко көчөсү да Чубак Сатаев болуп өзгөргөн. Футбол, волейбол турнири өтүп турат. Жыл сайын эскерип турган Талас элине ыраазымын!

– Атанын уулдары үчкө бөлүнөрүн билсеңиз керек…
– Атадан кем уулбу, тең уулбу же ашкан уулбу, эл баасын берет. Колдон келишинче атага тең уул болсок экен деп жүрөбүз. Бирок, талант жагынан атама окшогон адам жаралышы кыйын. Мындай бөтөнчө үн, ырлар бир гана Кудайдан. Айрыкча, “Ак бата” деген ыры түшүнө аян берип чыккан ыр болуптур. Атамдын таланты таякелер тарабынан ооп келген. Алар Таластын Арал деген айылынан болушат. Чоң апам да санжырачы, жамактап сүйлөйт, сөзгө чебер. Уламыштарды баштаса, таң атып кетет. Чоң ата-чоң апамдын колунда өсүп, көбүнчө ошолордун тарбиясын алдым. Чоң апам жол көрсөтүп, кеп-кеңешин айтып турат. Ошол кишинин мээнети чоң.

– Чоң апаңыз Чубак аганы кантип эскерип калат?
– Кичинесинде абдан тынчы жок болуптур. Деги ордунда турчу эмес дейт. Кийин деле ошол калыбында калган. Өтө шашма киши эле. Бул жарык дүйнөдөн да шашып кетпедиби… Ырлары да ошол мүнөзүндөй ыргакта эмеспи. Жети баланын улуусу болгон. Жетинин бири кыдыр чын окшойт деп калат чоң апам. Тыш иштер гана эмес, үй иштерине да кол кабыш кылчу экен. Абдан мээнеткеч, 8-9 жашынан эле колхоздо, кыркында, чөпкө иштеп, чоң кишилерче маяна алчу дейт. Кичинесинен үйбүлөгө күйүмдүү экен. Ошондой мээнеткечтиги менен элге эмгеги сиңген деп ойлойм.

– Жалаң уулдар болсо, үйдө аялзатына абдан аяр мамиле жасалчу болуш керек…
– Чындыгында эле ошондой. Кагып-урушкандарын көргөн эмесмин. Бизге да эч качан кол тийгизип, катуу айткан эмес. Гастролдон кайтканда үйдө өзүнчө эле той өтчү. Бүт достору чогулчу. Кайра-кайра кой союлчу. Ал кишинин жүргөн жери той эле. Кээ бир адамдар ичкенде башкаларга тийишип сүйлөп же агрессияга алдырып калат го, атам, тескерисинче, жайдары, боорукер боло түшчү. Чоңойгуча бирөөбүзгө да колу тийген эмес, бирөөбүзгө катуу айткан эмес. Акырын айткан кеби эле бизге жетчү. Турмушта айкөл адам болгон. Азыркыга чейин эле дос-тааныштары атамдан көргөн жакшылыктарын айтып түгөтө алышпайт. Өкмөттөн көзкарандысыз, жанын карч уруп, атамдай гастролдогон артист аздыр. Кыргызстанды канча ирет толук кыдырып чыккан. Алматыга тойго көп чакырышчу. Атамды казактар аябай жакшы көрүшчү. Акыркы үч жылда Казакстанга тойлорго мен да көп чакырылчу болдум. Ал жакта демөөрчүлүк кылып келаткан байкелерим бар. Казактар атамдын ырларын ушул убакка чейин эстеринен чыгара элек. Тойлордо баштан-аяк “Арманым” кайра-кайра жаңырат. “Музарт” тобу шаңдуу ыргакта ырдап чыккан, ого бетер жаш-кары дебей жактырып угушат экен.

– Кимиңерде Чубак аганын мүнөздөрү арбыныраак?..
– Таалайда шашмалыгы бар. Бир караганда иним сыртынан да атама көбүрөөк түспөлдөш. Ал эми менин ак көңүлдүк, көтөрүмдүүлүк, сабырдуулугумду атама салыштырып, баалап калгандар бар.

– Ата ысымын татыктуу алып жүрүү татаалбы?
– Оор. Биринчиден, сынчылар, салыштыруулар көп. Ошондуктан, аябай сак болуш керек. Сактанып, түз жолдо келатабыз. Атамдын ырларын кайра жасатып чыгарда да көп санаага батам. Жолдогу МАИчилерден тарта атамдын аккордеон менен ырдаган ырлар жыйнагын сурай беришет. Ошол ырлары өрт сымал эле. Аткарганычы! Элдин жүрөгүнөн терең түнөк таап алган. Ошондуктан, бул кишинин ырларын ырдап чыгыш да оор. Ушундан чочулап, башка ырчылар сураганда да абдан этиятмын.

Маектешкен Айым НУРЖИГИТОВА,
“Учур”
(“Кыргыз гезиттер айылы”), 17.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.