“Тунгуч” театрынын жамааты Алмата шаарына жөнөп кетти

Аталган театрдын жетекчиси , Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматованын “КАБАР” агенттигинин кабарчысына билдирүүсү боюнча, кечээ театрдын чыгармачыл тобу Казакстандын Алмата шаарына чыгармачылык гастрол менен жөнөп кетти. 26 – сентябрдан 29 – сентябрга чейин созулган гастролдун учурунда “Тунгучтун” артисттери “Манасчы”, “Ханышанын көз жашы” жана башка бир топ спектаклдерди казак көрүүчүлөрүнө тартуулашмакчы.

“Эгер бизде театрга эл барбаса, Алматада Мусрепов атындагы театрда боло турган спектаклдерге билет эбак эле сатылып кетиптир. Бирок мен театр жетекчилиги менен сүйлөшүп, бир нече билетти кыргызстандык мигранттарга сатууга жетиштим. Анткени биздин негизги максатыбыз – ал жакта көптөгөн жердештерибиз мигрант болуп иштеп, кыйынчылыктарды баштан өткөрүшүүдө. Ошондуктан биз Алматанын тиешелүү жетекчилерин бир тууган эл болгондуктан мигранттарга жеңилдик берүү жагын суранбасак да, ойлонууга мажбурлайбыз деп ойлоймун.

Кошумчалай кетүүчү маалымат, “Тунгуч” театрынын Алматыга болгон гастролуна “Жусупбек Бакиев” атындагы республикалык кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк көрсөтүүдө. Дагы бир өзгөчө жагдай, Жамал Сейдакматова  ушул күндөрү 70 жашка чыгып, юбилейин Алмата шаарында белгилемекчи.

Э.Момунов, “Кабар” МА, 25.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.