Жаңы “Ала-Тоо” жарык көрдү

Өлкөбүздүн Жазуучулар союзунун жана Маданият министрлигинин адабий-көркөм журналы «Ала-Тоо» узак жылдар эл үчүн кызмат кылып, көпчүлүктүн колдон талашкан басылмасына айланып, бирок, жергебизде эгемендик түзүлүш орногондо финансылык каатчылыкка байланыштуу жабылып калган эле. Андан бери 15 жылга чукул мезгил өтүп, жер-жерлерде, анын ичинде Бишкек шаарындагы адабий, маданий чөйрөлөрдө журналды кайра чыгаруу туурасында демилгелер көтөрүлүп келаткан.

Эми ошол ой-тилек ишке ашып, быйыл жыл башында Бишкек шаарындагы ири бизнесмендердин бири Тилек Мураталиевдин директорлугу, башкы редакторлугу жана каржылоосу менен ушул «Жаңы Ала-Тоо» журналынын №1 саны жарык көрдү. Журналдын редакциялык кенешинин башчысы Кыргыз Эл акыны Омор Султанов, редколлегиясынын мүчөлөрү Азербайжандан Чингиз Абдуллаев, Туркиядан Якуп Делиемероглу, Казакстандан Нурлан Орозалин, Израилден Давид Маркиш, Тажикстандан Бахти Мехмон, Россиядан Вадим Ковский сыяктуу көрүнүктүү акын-жазуучулар, Кыргызстандан Төлөгөн Касымбеков баш болгон калемгерлердин чакан тобу болуп саналышат.

Айына бир жолу жарык көрүүчү эл аралык маанидеги журналдын №1 санына анын чыгышына байланыштуу түшкөн куттуктоолор, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романынын жазуучу Самсак Станалиев которгон вариантынын үзүндүсү, Кыргыз Эл акыны Омор Суптановдун жаңы ырларынын топтому, Кыргыз Эл Жазуучусу Мурза Гапаровдун «Эки ирет гүлдөөчү алмалар», «Газала» ангемелери, адабиятчы Болотбек Акматовдун «Азыркы мезгил жана кыргыз повесттери» деген темадагы адабий талдоосу  чыккан. Окурмандар  журналдын бул санынан  акын Биримкул  Алыбаевдин  сатиралык  маанайдагы  ыры,  жазуучу  аман Саспаев  которгон  Ливан  жазуучусу  Михаил  Нуайменин  “Өтүнүч” новелласы, акын  Карымшак  Ташбаев которгон  түрк адабиятынын  классиги  Низим  Хикметтин  “Ачылат  адам турпаты” ыр китебинин  өзүндүсү,  Абдыкерим   Муратовдун  “Акыркы  адам жапайынын  арзуусу” аңгемеси  менен  да тааныша  алышат.

Журналдагы  философия  илиминин  доктору Кадырбек  Матиевдин  “Рухий  мазмундун  аксиологиялык  насили” аттуу  көлөмдүү сын-макаласы, Кубатбек  Табалдиевдин  “Енисей  Ысык-Көлгө куят…”  аттуу  тарыхый изилдөөсү, жазуучу  Айдарбек  Сарманбетовдун  “Дүр дүйнө”  деген  рубриканын  алдында  жарыяланган чакан ой тамчылары  ж.б. материалдар  да  окурмандарды  кайдыгер  калтырбайт.  Азыр  “Жаңы ала-Тоонун”  №2 жана №3 сандары  көлөмдүү  болуп чогуу  чыгарылып, №4  жана №5  сандары  окурмандардын  колуна  тийүү алдында турат.

Журнал көп жылдан бери  чыкпай калгандыгына  байланыштуу  ага жазылуу жүргүзүп, окурмандарга  толук жеткирүү  дагы азырынча кыйын болууда. Андыктан ысыккөлдүк адабият  күйөрмандары  журналдын жарык көргөн сандарын  алып окугулары келсе Улуттук Жазуучулар  союзунун  Ысык-Көл областтык  бөлүмүнө кайрылуулары тийиш.

“Ысык-Көл кабарлары”, А.Эгембердиев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.