Жумадин КАДЫРОВ, “Бийиктик” басмаканасынын жетекчиси: “Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек”

– Капиталист болдуңбу?
– Болгон жокмун. Болоюн деген максат да койгон эмесмин. Максатым – коомчулукка, кыргызга керектүү китептерди чыгаруу болчу.

– Мен муну жакшы мааниде айтып атам, Жумаке. Себеби, капиталисттик өлкөлөрдүн сага окшогон басмачылары (басмакана ээлери. О.Ш.) эл окуй турган чыгармаларды көрө билген адамдар эмеспи. Силер бүгүн чакан ишкана катары бир гана буюртмалардын негизинде эмес, өзалдыңарча эл окуй турган, элди тарбиялай турган мыкты чыгармаларды жарыялап, ошондон киреше табуу деңгээлине жетиштиңерби?
– Туура, элдин келечеги – анын китеп окугандыгына байланыштуу. Мурда айылда болсун, шаарда болсун нарктуу, акылман карыялар болор эле. Азыр ошолор азайып отуруп, дүжүр чалдар көбөйүп, саясаттын тапшырмасын аткарганга өтүштү. Кыскасы, карылардын үлгүсүн-насаатын көрбөгөн коомго айланып баратабыз. Андыктан акылдын азыгын китептен көбүрөк издей турган убакыт келатат окшойт.

– Кыргызда бирок китеп окуу маданияты өспөй жатпайбы…
– Бул – элдин күнөөсү эмес, китеп маданиятын үйрөтчүлөрдүн жоопкерчилиги азайып кеткенинде. Кеп – китепти идеология, реклама жолдору менен элди китеп окууга ынандырып, китеп окутуу саясатын уюштурган, жайылткан адамдар аз болуп атканында.

– Алар кимдер?
– Алар басмакана кожоюндары. Биз ошол элге китеп окутуунун жолдорун ойлоно турган мезгил келди.

– Мисалга кандай жолдорун ойлонуп атасыңар?
– Азырынча жер-жерлерде, базарларда гезит-журнал, китеп саткандар менен алака мамилени үзбөй, ошолор аркылуу китеп сатууну гана жолго коюп келатабыз. Бирок бул да аздык кылат. Албетте, азырынча реклама жүргүзгөн жерибиз жок, бирок кырдаалга жараша ориентир жасаганга аракет кылуудабыз. Мисалга, өткөн жылы бир ийгиликтүү иш аткардык ал: Ч.Айтматовдун сегиз томдугун чыгардык эле, өкмөттүн саясатына ылайык келип калгандыктан, бардык жерде өзүнөн-өзү рекламаланып кетти. Натыйжада, элге бул маалымат тезинен тарагандыктан, Айтматовдун чыгармалары токтоосуз таркап кетти. Демек, чыккан китепти рекламалоону гана биринчи кезекте жолго коюшубуз керек экен.

– Учурда борбор шаарыбызда бир гана “Нуска” китеп дүкөнү бар. Ал эми региондордо таптакыр жокко эсе десе да болот. Силердин басмакана ушул жагын жолго коюуну ойлонгон жоксуңарбы? Себеби, өкмөт тараптан бул боюнча эч кандай аракеттер көрүлбөгөнсүйөт.
– Китепти дүкөн эмес, маркетинг түйүнү аркылуу сатуу жолу ыңгайлуу болгондуктан, биз ушул жагын жолго коюуну ойлонуудабыз. А китеп дүкөн курууга чоң каражат жумшоого туура келет, азырынчы биздин ага мүмкүнчүлүгүбүз жетпейт.

– Эл азыр мындан он жыл мурдакы мезгилге караганда бираз ирденип алды, китепке болгон талаптар да өсө баштагансыйт…
– Туура, 90-жылдарга караганда элибиз акча тапканды, оокат кылганды кыйла үйрөнүп алды. Эми-эми китепке болгон талабы ойгонуп, ал эмес жакшы китепти издеген адамдар көбөйгөнү туюла баштады. Андыктан бизге окшогон басылма ээлери да элге жакшы китептерди чыгарып, элдин башка көртирликке корой турган акчасын китепке жумшатуунун жолдорун ойлоно турган мезгил келди.

– Кыргызың бирок акчасын китептен мурда арак же тамекиге жумшайт эмеспи.
– Элдин аракка, тамекиге корой турган акчасы китепке корошу керек. Ал акчаларды китепке буруп алыш бизден.

– Кыргыз акын-жазуучулары балдар адабиятын унутту, эмне кылыш керек?
– Азыр жазып атпаса да эч болбосо мурдакы жазгандардыкын кайта басып чыгарууну ойлонушубуз керек. Албетте, жаңы жазып аткандардыкы чыгып турганга не жетсин, бирок жаңы жазгандар жок деп кол куушуруп отура бергенибиз болбойт. Китеп өндүрүшү Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп аткандыктан балдар адабияты эми жанданаарына толук ишенем. Азыр деле жалаң балдар адабиятына басым койгон басмаканалар пайда боло баштады. Алар быйылкы жылдагы китеп көрсөтмөсүндө да дүйнө адабиятындагы котормо жана элдик жомокторду басып чыгарган үчүн эң башкы сыйлыкка ээ болушту. Калыстар курамы да бул боюнча чыныгы калыс бааларын чыгарды.

– Силердин басмакана “Жаштар поэзиясынын антологиясын” чыгарууга камданып атыпсыңар, демилге өзүңөрдүкүбү?
– Муну көп эле адамдар ойлонуп жүрөт болуш керек, бирок демилге көтөрүлө элек болчу. Өзүбүздүн кызматкерлердин арасынан акын Нурлан Калыбеков ушул демилгени көтөрүп, 90-жылдардан берки жаштар поэзиясы менен прозасы унутта калганын айтып, “антология түзсөк кандай болот?” деген сунушун айтып, биз дароо макул көрдүк. Буюрса, азыр мыкты чыгармалар топтолуп атат. Эми аларды катуу адабий талап менен тандап алгандан кийин басууга даярданабыз.

– Биздин шартта силердей басылмалар өз кирешесине китеп чыгарып, андан пайда көрүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?
– Албетте бар. Мисалга, жүз сомго чыккан китептен эки жүз сом пайда көрөбүз. Бирок ошол 50% кирешенин эсебинен жумушчулардын эмгек акысы, тиешелүү салыктар, ж.б. чыгымдарга кеткенден кийинки 10%дан 30%га чейинки киреше өзүбүздө калат.

– Бирок ошого карабастан өкмөт тарабынан китеп өндүрүшүнө жеңилдиктер каралса кандай болмок деп ойлойсуң? Мүмкүн ошондон китеп баасы арзандап, элдин китеп сатып алууга болгон мүмкүнчүлүгү өсөт беле?
– Бирок ал жакта бул ишти бир багытка бурган саясат азырынча болгон жери жок.

– Өткөндөгү салык мыйзамындагы жаңы өзгөртүүлөр силердей чакан ишканалар үчүн терс таасир тийгизгени чынбы?
– Жок. Мага мисалы, жаңы салык кодексиндеги өзгөртүлгөн мыйзамдар мурдакысына караганда кыйла жакты. Көпчүлүк ишкерлер туура эмес чочулап эле нааразы болуп атышат. Тескерисинче, эгер сен ишкер катары өнүккүң келеби, биринчи кезекте салык төлөгөндү үйрөнүшүң керек. Жолуң ошондо гана ачылат. А баарын жашыра берсең, демек, өзүңдөн башкаларды ойлобойсуң деген кеп.

Айжан АТАКАНОВА, “Айат пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.