Кыргызстанда “Чолпон жылдыз” эл аралык сынагына тандоо өтүүдө

“Чолпон жылдыз” эл аралык сынагына катышуу максатында Бишкекте кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү арасында тандоо өтүүдө. Бул тууралуу сынактын продюсери Адил Чекилов билдирди.

Кыргызстандын демилгеси менен түрк элдеринин арасында “Чолпон жылдыз” сынагы уюштурулуп, алгачкы жолу ал Ысык-Көлдө өткөн. Былтыр гран-прини Түркменстан жеңген. Анын айтымында жобого ылайык бул ирет сынак ал жакта өтмөк. “Кризиске байланыштуу Түркменстандын Маданият министрлиги сынакты өткөрүүдөн баш тартты. Аны үзгүлтүккө учуратбаш үчүн аны дагы бир ирет Кыргызстанда өткөрүүнү чечтик”, – деди ал.

Быйылкы иш чарага катышууга 20 ашык мамлекет өз макулдугун берген. “Чолпон жылдыз” телевизиондук чоң конкурс болуп саналат. Былтыр ал спутник аркылуу 34 мамлекетке көрсөтүлгөн. Конкурстун жобосу боюнча онлайн-добуш берүү болушу керек эле. Бирок, бул телеканалдардын техникалык себептерине байланыштуу азырынча болбойт. 2-3 жылдын ичинде түз эфирде добуш берүүгө жетишебиз. Былтыркы конкурска конок катары жалаң эле биздин эстрада жылдыздарыбыз катышкан. Быйыл Өзбекстандан, Казакстандан, Түркиядан да эстрада жылдыздарын күтүп жатабыз”, – деди ал.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 28.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.