Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаев: “Эне тилге кандай кам көрүлсө, улуттук маданиятка дагы ошондой камкордук керек”

d0b7d0b0d0bcd0b8d180Замирбек Үсөнбаевди улуттук маданиятыбыздын көрүнүктүү өкүлү десек болот. Бармактайынан төкмөлүк менен алышып, 40 жылдан бери ушул өнөрдүн аркасы менен элге таанылып, 20 жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы институтта сабак берип, өзүнүн шакирттерин тарбиялап келет. Улуттук маданият дегенде ичкен ашын жерге коюп, анын келечегине колдон келишинче кам көрүп, ар дайым калыс пикирин билдирип жүргөндөрдүн бири. Назарыңарды атактуу төкмөнүн маегине буралы

– Саламатсызбы Замирбек агай! Кыргыз маданиятын жогорку деңгээлге көтөрсөк деген тилек менен гезит ачтык. Акыркы учурларда маданиятыбыз тууралуу бийлик төбөлдөрү унутуп калышкандай таасир калтырат. Буга сиз эмне дейсиз?
– Бул тармак боюнча гезит ачканыңар абдан жакшы болду, ийгилик каалайм. Советтер союзунун учурунда маданиятка аябай көңүл бурулчу. Биз ал мезгилди да көрүп калдык. Кийин эгемендүүлүккө ээ болгон өлкөлөрдүн маданиятка кам көрүүсү чама-чаркына жараша болуп калды көрүнөт. Ошол жагдайларда биз улуттук өнөрдүн өкүлдөрү аябай кыйналдык. Элдин табити жеңил-желпи нерселерге ооп, комузду эч ким укпай калган мезгилдер болду. Ал тургай улуттук маданияттын фундаменти болгон фольклорду бир топ өгөйлөшкөнүн жашыра албайм. Эми башка өлкөлөрдү коюп, өзүбүз жөнүндө маданиятка болгон мамилебиз жөнүндө айтсак чекилик болбос. Мурдагы президентибиз бир топ жыл маданият министрлигин, билим берүү министрлигин кошуп коюп аябай туура эмес кылган. Ошондо улуттук өнөрдү алып жүрүүчүлөр бир аксадык. Көп таланттар мамлекеттик камкордуктун жоктугунанбы, же болбосо өлкөдөгү экономикалык абалданбы, айтор, жок болуп кетишти. Мен ушуга өкүнөм.

– Маданий чөйрөнүн өкүлү катары айтсаңыз, азыркы маданият министрлигинин иш алып баруусу сизди канааттандырабы?
– Эми маданият министрлигин өзүнчө министрлик кылып бөлгөндүгүн мамлекет маданиятка көңүл бөлө баштады деп түшүнсөк болот. Бирок, көңүл бөлүү канчалык деңгээлде экендиги чоң маселе. Кеп мына ушунда жатат. Министрликке атайын имарат берип, бир канча адистер мамлекеттен айлык алып иштеп жатышат. Иштегени эсеп болгону менен маданий төңкөрүштөр жасалбай жатпайбы! Маданиятыбыз жогорку деңгээлге умтулуунун ордуна төмөн көздөй зуулдап бараткандайбыз. Бул ойлончу маселе. Тээ ата-бабалардан келеаткан улуттук өнөрүбүздү өнүктүрүүнүн ордуна басмырлап коюп атышат. Менимче, эне тилге кандай кам көрүлсө, улуттук маданиятка дагы ошондой камкордук керек.

– Сиз өзүңүз төкмөчүлүк боюнча далай залкарлардан тарбия алдыңыз. Бул тууралуу эмнелерди айткыңыз келет?
– Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы агайлардын жакшы акыл-насааттарын угуп чоңойдум. Аларга таасирлендим, көп нерсени үйрөндүм. Алар кайталангыс залкарлар. Биз алардын көзү тирүүсүндө баркына жетпедик. Баскан-турганын, сүйлөгөн сөздөрүн, ырдаган ар бир ырын тасмага түшүрүп, министрлик ар бирөөсү жөнүнүдө документалдык фильмдерди тарттырып койсо, кыргыз маданиятынын тарыхында калышмак деп ойлойм. Алардын көзү өткөндөн кийин көздү чолок жаштап ыйлаштын, залкар эле, кайталангыс эле деген эскерүүлөрдүн кимге кереги бар? Бул эми алмустактан бери келаткан көйгөй. Муну чечүү жалгыз менин колумдан келбейт. Бирок, кол куушуруп олтуруунун да кажети жок. Маданий чөйрөдөгүлөрдүн бардыгы биригип залкарларыбызга кам көрүшүбүз керек.

– Сиз далай шакирттерди тарбияладыңыз. Төкмөлүк боюнча өзүнчө мектеп ачууга белсенип көдүңүзбү?
– Мындай ойлор менде бүгүнкү күнгө чейин жашап келет. Ошентсе да буга аябай чоң каражат керектелет экен. Мен чыгармачыл адаммын. Чыгармачыл чөйрөдөгүлөр материалдык жактан бай келишпейт. Эгерде чет өлкөдө жашасам балким мектеп ачып байымактырмын. .. А биздин өлкөдө мындай жол менен баюуга шарт жок.

– Азыркы учурда маданият багытта кандай кубанаарлык жагдайлар болду?
– Баятан бери экөөбүз жалаң гана көйгөйлөрдүн тегерегинде сүйлөштүк окшойт. Жашоодо жакшылыктар дагы бар эмеспи. Мени кубандырганы Юнесконун бизди көзөмөлгө алгандыгы болду. Алар улуттук өнөргө өз ата-энесиндей камкордук кылып жатышат. Ошондон улам “Улуттук өнөр өлбөйт” деген ишеним кайра пайда болду. Бул ишеним улуттук өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү өргө жетелеп баштады. Улуттук өнөрдү жоготуу-бул улутту жоготуу дегенди билдирет. Себеби, биз өзүбүзгө тиешелүү гана маданиятыбыз менен башка улуттардан өзгөчөлөнө алабыз. Эми президент Маданият боюнча улуттук программа кабыл алалы деп коңгуроо какты. Бул дагы жакшы саамалык. Президенттин сөзү ишке ашса маданиятыбыз өрдү көздөй багыт алат деп ойлойм.

Маектешкен: Фаризат Асанкалый кызы,
“Арт.kg” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 29.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.