Балким жаңы арип керектир

23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик тил болуп мыйзам кабыл алынганынын 20 жылдык салтанаты болуп өттү. Мага кыргыз тили азыркыга чейин орус тили менен тыгыз байланышкандай, айрыкча, интернетте эки тил аралаш колдонулгандай сезилет.

Кыргыз элинин улуттук салтын жана рухун бүтүн бойдон алып жүргөн кыргыз тили жаңы ариптерге муктаж эмеспи деген ой пайда болду.

Корея Республикасында тогуздун айынын тогузунда корей тилинин “хангыл” ариптеринин майрамын белгилешет. Үндү чыгарууга катышкан артикуляция органдарынын түзүлүшүнөн алынган үнсүздөр менен биргеликте, асман, жер жана адам деген маанини билдирген иероглифтерден алып түзүлгөн үндүү тамгалары гармонияга келтирилген жана корей тилине гана тиешелүү болгон үндөрү эң мыкты жол менен келиштирилген корей тилинин ариптери пайда болгонуна быйыл 517 жыл болот.

Кыргыз тили Алтай тилдер тобуна тиешелүү. Кыргыз тили менен корей тилинин окшоштуктары көп болгондуктан, хангыл ариптеринин күнүндө кыргыз тили, өзгөчө тилди жазууда колдонулган ариптер жөнүндө ойлоп көрдүм. Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде кирилл ариптери жана кошумча ө, ү жана ң үндөрдү белгилеген үч тамга колдонулуп отурат. Мындай ариптерди колдонууга чейин араб жана латын ариптери колдонулуп келгени маалым. Латын ариптери кыска мөөнөттө колдонуудан чыкканына Кыргызстандын Орусияга кошулганы себеп болгон. 70 жылдан ашык убакыт орус тилин колдонуп жана кирилл ариптери көнүмүш болуп калгандыктан орус тилинин ариптери колдонулуп жатат. Индо-европалык тилдердин тобуна кирген орус тилин мамлекетте колдонуу менен бирге, кыргыз тилин жазууда сөзсүз кирилл ариптерин да колдонуунун кереги барбы деген суроону кыргызстандыктар биргелешип ойлонуп көрүүсү зарыл.

Себеби, Кыргыз Республикасы СССРден көз карандысыз болгонуна 18 жыл болду. Адамдын жашы менен эсептесек, жетилген курак. Орус ариптеринин жана буга чейин кыргыз тилин жазууда колдонулган башка ариптеринин жакшы жана жаман жактарын бирге ойлонуп көрүп, жыйынтык чыгарганга убакыт жетти деп ойлойм. Анткени, орус тили жалпы коомдук тил болгону менен кыргыз тили андай эмес. Орус тилине сиңип бараткан кыргыз тили, орус ариптерин колдонуунун жакшы жактарынан да башка жактарын карасак, тилдин структурасы жана фонетикалык түзүлүшү таптакыр айырмаланган кыргыз тилинин орус тилинин рамкаларына салынуусу, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө жардамы тийбестен, тескерисинче, кыргыз тилин өнүктүрүүгө болгон аракеттерге тоскоолдук болуп жатпасын деген суроо боюнча кыргызстандыктар мамлекеттик деңгээлде ачык пикир алмашуусу зарыл деп ойлойм.

Ушундай жол менен жаңы негизди даярдап, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк көбөйүшүн каалайм. Алтай тилдерине караган түрк тилинде умлаут (umlaut) белгиси көп кездешкен латын ариптерин колдонуусу жана корей тилинин өз ариптерин колдонуусуна ушундай ойлор пайда болду. Кыргыз тили ү, ө жана ң тамгаларын мындан ары да колдонуу менен тилдин фонетикасына эң жакын ошондой эле дүйнө жүзүндө эң көп колдонулган ариптерди ырааттуу колдонууга өтсө жакшы болмок. Ошондо кыргызстандыктардын жана дүйнө жүзүнүн бардык элдеринин алдында кыргыз тили жаңыланып көрсөтүлмөк. Кыргыз тилине туура келген ариптер түзүлүүсү кыргызстандыктардын өз тилин сактап жана өнүктүрүүсүндө чоң жардамы тиймек.

Айтылган иш-аракеттер узак тарыхынын жана ата-бабалардын салт-мурасын сактап келген кыргыздарды, ошондой эле ар улуттуу мамлекетти жалпы руханий биримдикке алып келет деп ойлойм. Ошондой эле, глобализациянын кылымында кыргызстандыктардын компьютерди колдонуусу да жеңилдеп, көптөгөн дүйнө жарандары кыргыз тилин окуусу жеңилдеп, ушул аркылуу Кыргызстандын маданиятынын дүйнөгө таралуусуна өбөлгө түзүлөт деп ойлойм. Президент Бакиев тарыхта изин калтырган улуу президент катары дагы бир өбөлгө боло алат деп ишенем.

КИМ Бенг Хо, Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.