Бишкекте япон, кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт

Бишкек шаарындагы Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт искусство музейинде кыргыз жана япон кол өнөрчүлөрү даярдаган “Ийне, жип, кездеме – турмуш тиричилигине даярдалган буюмдар” аттуу көргөзмө өтөт.

Көргөзмөдө 20дан ашык кыргыз кол өнөрчүлөрү – шырдак, сайма, курактарды тартуулашат. Алардын эмгектери буга чейин эл аралык көргөзмөлөргө катышып келген.

Ал эми япониялык чеберлер пахта менен шайыдан эмгектерди жазашкан. Авторлор ар бир буюмдун өз тарыхы бар дешүүдө. Бул тууралуу көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири «Okada Quilt Square» коомунан билдирди. Көргөзмөнүн ачылышына Япониядан коноктордун келиши күтүлүүдө. Көргөзмө 2-14 октябрга чейин өтөт.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 01.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.