Кайтпас күнгө калкып кеткен кайран Майра!

Майра Керим кызынын сейрек жаралчу төкмөлүк өнөрдөгү улуу акындардын жолун улаган талантынын жоргосу чыгып, атагы кыргыз менен казак элинде бийиктей баштаганында тагдырдын буйругуна айла жок экен, керемет ырларын калтырып асылган оору алмайынча койбой “кайтпас күнгө калкып кете берди”. Кантсе да элдин жүрөгүнө жеткен акын кыздын ааламдан эрте өткөнүнө кайгырбаган пенде жок. Ошентсе да артында калган не бир шекер-шербет ырлары, айтыштардагы ташка тамга баскандай нускалуу сөздөрү эл оозунда унутулбай жашай берери чындык.

Редакцияга Майра Керим кызын эскерген көптөгөн каттар келди, алардын айрымдарына гезит бетинен орун берип, таланттуу төкмө акын кыздын элесине таазим эткенибиз болсун.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу Казат АКМАТОВ:
Майраны Назарбаев да баалачу эле…
Жагдай кээде кыйчалыш болуп, жөнөкөй эле адамдык милдетиңди аткара албай каласың. Андай учурда жүрөк тынчыбайт.

өкмө акын Майранын кайтыш болгондугу жөнүндө мага кабар жетпей калды, кыркында дагы бир чоң жыйындын айынан батага катыша албадым. Анын катуу ооруп, операция болгонун Онкология борборунун башкы врачы, жубайым Бактыгүлдөн уккан элем. Догдурлар бардык күчүн аябастан оңдоп-түздөп чыгарышкан экен. Бирок, асылган жаман оору акыры албай тынбаптыр.

Мен азыр атайылап колума калем алып турган себебим – Майра жөнүндө айта турган эстен кеткис эскерүү сөзүм бар. Бул окуя 1993-жылы казактын Желтоксон окуясынын жети жылдыгында болгон эле.

Улуттук тарыхый датаны казак эли Алматынын бери колтугундагы Узунагач ооданынын борборунда ондогон боз үйлөрдү тигип, чоң расми менен өткөрдү. Кыргызстандын Президенти А.Акаевди, Кыргызстандын демократиялык кыймылынын теңтөрагасы катары мени, андан соң коңшу облусу болгон ысык-көлдүктөрдү чакырышып, облустун губернатору Жумагул Сааданбеков баш болгон делегациянын курамында ал кезде атагы чыга баштаган Майра дагы бар экен.

Менин милдетим – Желтоксон окуясына катышкан кыргыздын он эки патриот жигитин ала барышта экен. Казак боордоштор аларга баатырларга сый көрсөткөндөй урмат менен күтүп жатышты.

Бизди Узунагачта Президент Н.Назарбаев баш болуп тосуп алышты. Жолугаар менен эле уятыбызды моюнга алдык. Анткени, он эки баатырдын экөөнү гана араң тапканбыз. Калгандары аты-жөнүн, изин жашырып, көбү Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болушуптур. Анткени “Желтоксончуларды” кай жерде болбосун СССРдин КГБсы аёосуз куугунтуктаган болчу. Ошого карабастан караколдук Таалай Ылайтегин деген жигитибиз аман “сакталып” калган экен. Сыйды, урматты, белек-бечкекти казак туугандарыбыз андан аяшкан жок.

Ырасмий иш-чаралар бүткөн соң оюн-зоок башталды. Майранын келээрин күн мурун билишкенби, айтор туугандарыбыз дагы ырчы кыздарын алдыга коё беришти. Алар бир сыйра ырдап бүткөн соң кезек Майрага келди. Ошондо ал келинибизди туулуп-өскөн кең мекенинин добушу үндөдү окшойт, турган эле жеринен арышын кенен да, бийик да таштады. Эсимде, адегенде ал төркүнү казак элине жүрөктөн чыккан саламын айтты. Андан соң даркан казак жерине ыр менен жүгүндү, ошентип келип анан эки элдин достугун, туугандыгын, кыргыз кайын-журтунун асыл жактарын термеге салып, адам издеп таппай турган керемет сөздөр менен узакка эледи эле Н.Назарбаев ордунан биринчи болуп тура калып кол чапты. Кантсе да ал келин көкүрөгүндө рух дүйнөсү бар, ыр өнөрүн аздектеген, өзү да домбурада кол ойноткон таланттуу инсан эмеспи.

Аңгычакты эле бир шыңга бойлуу галстукчан казак жигит (Алматы облусунун жетекчилеринин бирөө экен) домбураны ала коюп Майраны көздөй умтулуп калды. Ичинде өтүп жаткан үлпөттүн бир топ күүсү бардай. Анын үстүнө Президенттин көзүнө түшүп калышы облустук чиновник үчүн түшүнө киргис ажеп эмеспи.

Жигит Майраны түз эле сүзө качырды. “Сен чырагым, казактын кызы болуп туруп казактан кыргызга барып өлөң айтып жүрөсүң. Сендей кыздар өзүбүзгө керек. Кайра кел өз жериңе” деген мааниде дурус эле ырдагансыды. Назарбаев көзүн алаңдатып, Майра эми буга кандай жооп берет болду экен дегендей кабатыр боло түштү.

Ошондо биз Майранын зор талантына, акылынын зиректигине, ыр саптарынын тунук булактай төгүлүп турганына дагы бир мерте күбө болдук. Атаганат, ыр жаттай ала турган шыгым болсо кана? Анте албаган соң Майранын өлөңүнүн маанисин гана айтып бере алам. “Акетай деди ал аягында: казак жеринде канатым торолуп, уча турган маалым келгенде сендей азамат жигит кайчуңкурда жашынып жатты эле? Эми болсо кыргыз деген элим бар, Ысык-Көл деген жерим бар, өзүм сүйүп кошулган, Канат деген эрим бар. Ошондуктан эл көзүнө баатыр көрүнүп, түштөн кийин бакылдап койгонуңа да болсо рахмат”. Ошенткенде баягы жигит колун бооруна ала коюп Майранын алдына чөгөлөй калды да, кыздан кечирим сурап, алдына бир жорго тартаарын жарыя салып жиберди.

– Карагым Канат! Блокнотуңду алып, жоргонун адресин жазып ал! – деп Н.Назарбаев акиминин убадасын төгүнсүз кылып бышыктап салды да, Майрага ыраазы болгонун жашырбай, тез-тез басып келип колун кысып, бетинен өптү.

Бул элес чыгаан-акыныбыздын өмүрүнүн бир гана учкуну. Айта келсек Майранын бүткүл жаркын өмүрү мына ушундай эстен кеткис элестерден тураарын көрүп жүрдүк. Акырында бир талаш пикир жөнүндө. Майра кыргыз акыныбы же казак акыныбы? деген собол салып, эки ача тартыш сөз жүгүртүп жүргөндөр бар экен. Менин буга айтаарым мындай.

Ар бир талант, кайсы гана элден чыкпасын жалпы адам баласына таандык. Ошол себептен БУУнун астындагы ЮНЕСКО жер үстүндөгү бардык улуттардын элдик таланттарын каттап, тандап, электен өткөрүп, чыгармаларын чогултуп, электрондук архивге түшүрүп, түбөлүккө сактоого алып келатат. Ошол бүткүл дүйнөлүк казынага эң оболу биздин манасчылар барып кошулду. Кудай буюрса, кезек төкмөлөрдө, элдик аспаптарда, улуттук ыр-бий ж.б. өнөрлөрдө. Кезеги келгенде биздин улуу акындарыбыздын сабы менен Майранын өлбөс мурасы дагы кыргыз-казак атынан ошол жалпы адамзаттын көөнөрбөс алтын сандыгынан барып орун алгысы бардыр. Иншалла, тилек кылалы.

Кыргызга сиңген эмгеги
Кайран Майра, кайран акын казак кыз,
Казак болбой кыргыз болуп жашап Сиз,
Айтыштарда кыргыз сөөгүн агартып,
Казактарды далай жеңген казаксыз.

Сүйгөн кезде кыргыздын бир жигитин,
Кыргызга бүт бериптирсиз дил-дитиң.
Кыргыз туруп элин Сиздей сүйгөн аз,
Кадырыңыз каалайм кыргыз билишин.

Көзүң тирүү кезде Сизди сыйлабай,
Казак-кыргыз Сиз өлгөндө ыйлады ай,
Кайран гана кыргызчылык, пенделик,
Качан болот тирүү кезде сыйламай!

Комуз менен домбураны кош ойноп,
Кошкон кезде көзүңүздө от ойноп,
Арген үндүү, айтыш көркү элеңиз,
Ашык болду Сизге канча бозойлор.

Эми минтип, алаканды шак коюп,
Казак-кыргыз улуу-кичүү баш болуп,
Умсунабыз алдырган соң ажалга,
Улутунуп, көзүбүзгө жаш толуп.

Кыргыз элге небак сиңген эмгеги,
“Эл артисти” болгон Сиздей пендени
Кыргыз өкмөт тирүүңүздө бир баалап,
“Эмгек сиңген…” деген наамды бербеди…

Эми Майра эл деп тилин безебес,
Эл бар кезде өчпөйт Сиздин эс, элес.
Элдин сөзүн эл башылар угушса
Эми деле наамын берсе кеч эмес.

Майра Керим кызы ийрим жетектеп иштеп жүргөн
Чүй университетинин жалпы жамаатынын атынан
Жедигер Саалай, акын,
Чүй университетинин ректору

Ак булбулдан айрылдык
Төкмө акын Майра Керим кызынын жаркын элесине арнайм
Аман-соо кезде Майраке,
Ак домбура колго алып,
Акындык күүгө толгоду.
Аралап, ырдап гүлдөттү,
Ак калпак кыргыз ордону.
Айласын кандай кылалы,
Асылган оору койбоду!

Ак таңдай тилди сайратып,
Айтышып далай ырдаштык.
Аял, эркек болсок да,
Аккан дос деп сыйлаштык.
Бар эле бизде Майраке,
Бирибизге бирибиз,
Кылчактаган кыйбастык.

Маанайың жаркып ыр менен,
Марытчы элең элиңи,
Марага чыга келчү элең,
Манастынмын деп келини.
Мезгилсиз кетип дүйнөдөн,
Муңканттың жалпы элиңи.

Торгойдой таңшып ыр менен,
Толкутчу элең элиңи.
Топ жарып чыга келчүсүң,
Токтогулдунмун деп келини.
Тобуңдан кетип бөлүнүп,
Томсорттуң жалпы элиңи.

Өмүрлүк жолдош карааның,
Калдайып Канат дос ыйлап,
Кайгырып турат баарысы,
Калайык-калкың кошо ыйлап.
Торго түшкөн торгойдой,
Торгунуң ыйлайт чуркурап.
Акжолтой, Эркебуланың,
Апакелеп зыркырап.
Кандашың казак туугандар,
Катар турат чуркурап.
Талабы күчтүү өлүм ай,
Таштан да добуш үн чыгат.
Кайгыргансып көл эне,
Карамтыл тартып булкунат.
Торгоюнан ажырап,
Тоң жери турат тунжурап.

Атыңды билген Майра деп,
Алыс жол кетип жатса да,
Айылыңа бурулат,
Айланчыктап боз үйдү,
Буркурап үнү угулат.
Кечээ эле жүрбөйт беле деп,
Кейисе жүрөк зыркырайт.
Бир тууган ага тутунган,
Эркин агаң кайгырып,
Көзүнөн жашы сыгылат.
Баркыңды билер акындар,
Башыңда турбуз буркурап.
Тамаша айтып ырдаган,
Таланттуу келиним элең деп,
Табылды турат муңканып,
Сакалынан эй жаш чуурат.
Аккан досуң мен Раш,
Аптыгып ыйлайм алсырап,
Күкүктөй жеңем элең деп,
Күйүтүн айтып Амантай,
Күйүгүп турду ыр курап.
Жеңишбек кайниң кайгырып,
Жез таңдай үнү кубулат.
Эстекем, Ашкем, Тукамдар,
Алдыңан тосуп алсын деп,
А дүйнөдө утурлап.
Жаннаттан берсин Кудай деп,
Жараткандан жай сурап.
Балакай Максат акының,
Балбылдап көздөн жаш кулап.
Желе тартып акындар,
Жаш төгүп кошок айтканда,
Жаш-кары бирдей буркурап,
Жерден да кайгы үн чыгат.

О дүйнө кеттиң Майраке,
Ордолуу журтуң күйгүзүп,
Бейишиң берсин Кудайым,
Берешендигин билгизип,
Булбулдар тобу тосушсун.
Мейликан, Мыскал апалар,
Бешенеңден сүйүшүп,
Жалпы залкар чогулуп,
Жаткандыр “отко киргизип.”
Арстанбек, Токо, Жеңижок,
Эшмамбет, Калык, Коргоолдор,
Аталар баары биригип,
Алымкул, Барпы Осмонкул,
Калмурза, Токтоналы, Ысмайыл,
Залкарлар баары сүрүлүп.
Токтосун ага, Эстекем,
Тосушар жолуң биригип.
Ашыкем менен Тукам да,
Келишер кошо жүгүрүп.
Кандашым казак боорлорго,
Жеткирер кабар билдирип.
Жамбыл, Абай аталарга,
Салам айтып кирерсиң,
Булбул тил акын Майраке,
Баарына тегиз жүгүнүп.
Жаннаттан берсин Кудайым,
Кантели.
Жалпы журт калдык күйүнүп.
Ак булбулдан айрылып,
Арман ай,
Атпай журт калды түңүлүп.

Рахматилла Козукеев,
“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.