Манасчы “Семетейин” элге сунат

Ошентип, мүдүрүлүп жыгылган болуп Семетейди сууга агызып, өзү суудан суурулуп чыгып, үйүрүн көздөй зыр бергенин айтуучу туруктуу болуп калган көркөм ыктарды пайдаланып, суунун киргенине дээрлик дал келишкен сүрөттөлүшүн бере алганын байкап көрөлү:

Семетей агып анетип,
Сел алган кандуу дайрага
Серпенди болуп
шар этип,
Алдатканга чочкого,
Ичинен кара кан өтүп.
Ак олпоктой себил тон,
Алма-чөлмө суу болуп.
Үйөр алып күркүрөп,
Үстү көбүк буу болуп,
Агыны катуу бороктоп,
Ак сорполоп, шороктоп,
Бирде шарга көмүлүп,
Бирде башы төрөңдүн,
Чыга калып короктоп.
Торпоктой таштар серпелип,
Ажыдардай оп тартып,
Алкымын ачып коркурап
Кандуу суу күч тилсиз жоо,
Кара жандан түнүлбөй.
Алачык үйдөй алп төрөң
Акса кантет дүмүрдөй.

Бул мисалга келтирилген үзүндүдө “Манас” эпосунда салтка айланган кээ бир туруктуу көркөм каражаттарды айтуучу суунун көбүктөп, аккан жандуу элесин чыгармачылык менен өнүктүрүп, таяныч катары колдонгонун көрөбүз.

Ушуга окшогон чеберчилик менен айтуучу Айчүрөктүн олжого кетишин да сүрөттөйт. Ал кетип бараткандагы табийгаттын көрүнүшү өзүнчө чеберчиликте кайгы-муң менен берилет “дарактар бүрүн каккандай”, “куштары сайрап үн катпай”, “тоолорунун бийиги бөксө тартып калгандай” деп, Айчүрөктүн ички санаасын Талас менен коштошкону, “аман-эсен көз жарсам” деген үмүтү берилет.

Жыйынтыктап айтканда, мурда оозеки айтып жүргөндөрүн, башка манасчылардан алган үлгүсүн, китептик таасирлерди бир бүтүн ыңгайга келтирип өзүнүн чыгармачылык ыгы менен жуурулуштуруп жазма түрүндө ишке ашыруу Уркашка оңой болгон жок го деп ойлойм. Ушул өзүнүн “Семетейинин” вариантын түзүүдө, жазма маданияттын кирип келген доорунда, менимче, бул эң туура чечим болгон. Мындай касиет-сапат баарынан мурда Уркашка табияттан берилген чоң чыгармачылык талант, мүмкүнчүлүк, акыл-эске сиңип сакталган “Манас” эпосунун айрыкча бай жана ар түркүн эпикалык мотивдерди, ошону менен бирге өзүнүн акындык шыгы менен жуурулушкан өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт. Ал кеңири окурмандарга акындык жеке чыгармачылыгы менен да белгилүү, анын “Көктөм”, “Тоо жылдызы”, “Таазим”, “Ашуу”, “Тулпар”, “Алтын аяк”, “Жол ырлары”, “Арча жыты”, “Семетей”, “Кабылан курак дүбүртү” аттуу поэзиядагы бир топ ыр топтомдору ж.б. басмада жарык көргөн.

1982-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү. Көп жылдык эмгеги өкмөт жана эл тарабынан жогору бааланып, 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти, 1994-жылы Эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылган. Ошондой эле үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин ээси. Демек, Уркаш чыгармачылык бир топ чыйыр жолун басуу менен улуу эпосту өздөштүрүп жана каныккан кезинде “Семетей” эпосунун текстин кийинки урпактарга кантип сактап, кантип жеткирүү керек экендиги жөнүндө катуу ойлонуп-толгонуп эң бир орчундуу жана эң бир келечектүү тыянакка келгенин көрөбүз.

Рахима КЫДЫРБАЕВА, филология илимдеринин доктору,
КРУИАнын
мүчө-корреспонденти,
профессор
“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.