Мурат менен Жеңижоктун айырмасы жокпу?

“Агымдын” өткөн сандарынын биринде “Угузуу” деген ыр Жеңижоктуку деп чыгып кетти. Бул ыр А.Токомбаевдин өткөн кылымда чыккан “Кандуу жылдар” романына “Мураттын ыры” деген тема менен кирген. Алыке Көлдө эл оозунда айтылып жүргөн ырга өзү да биртоп куплет кошумчалаптыр. Бирок айырмасы асман менен жердей. Албетте, манасчылардын духунда өскөн Мураттын деңгээлинде кошумчалаш советтик жазма адабияттан таалим алган Алыке үчүн ишке ашпас нерсе болгону көрүнүп турат. Анан калса, Мураттын ыры кошумчага муктаж эмес. Ал кооз куюлган алтындай кол тийгис болуп жаралган.

Бирок ушундай шедеврдин да, аны жараткан автордун да багы тайкы экен. Бири китебине өз ырындай киргизип, автордун атын жазган менен аны адабий каарман катары калтырып кетсе, эми аты-жытын өчүрүп туруп эле Жеңижоктуку деп салышты.

Ырды гезитке даярдагандар Мурат тургай Токомбаевди билбегендер же аны окубагандар. Окуса мындай кылышмак эмес. Ырдын чоо-жайын Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө уккам. Ананьево айылына концерт койгону барып калдык. Концерт башталарга аз калганда сыртта турсак, бир орто жашап калган киши мени четке чакырып чыгып: “Сен айылдарды кыдырып эле өнөрпоз издеп жүрөсүң, тээтиги аксакалды көрдүңбү, Акматаалы деген сөзмөр киши ушул. Илгеркиден тартып кечээки Муратка чейин айтып отурса таң атат да, күн батат. Кебин алып калбайсыңарбы” деди. Чынымды айтайын, мен ал кезде музыкадан башым чыкпай, издегеним эле ырчы-чоорчу, комузчу, манасчылар болчу. Сүйлөгөндөргө анча кызыкчу эмесмин. Атургай көп сүйлөгөн кишини жаман көрчүмүн. (Кийин бажылдап маңыз болуп каларымды анда кайдан билдим). Ошондон улам көп анча көңүлдөнбөй туруп калдым. Бирок мени кызыктырган Мурат деген ысым болду. Өмүрүмдө укпаптырмын. Ошону билиш үчүн эле тиги кишиге барып, концертке шашып аткан жаным учурашар менен “Мурат деген ким эле?” дептирмин го.

“Оюн салган музоодой эдиреңдеген сен кайсы баласың?” деди. Уялып кеттим. Жөн-жайымды айтсам, “араңарда акын барбы?” деди. “Жок” десем, “анда мен кансертиңерге кирбей эле үйгө тартайын” деди. “Концертти баштап коюп эле чуркап чыгам, кетпесеңиз, Муратты эле айтып берип кетиңизчи” деп жибердим.

Чыксам туруптур. Бакка кирдик. Кыскасы, аркы-берки сөздөн кийин Мурат жөнүндө айтып баштады. Ал кишинин сүйлөгөнүнө таңкалдым. Угуп эле отургудай, ушундай бир куюлуштуруп сүйлөйт, кулагыңды тартып алганга алың келбей калат экен. Мурат жапма челек акын болуптур. Эл алдына чыкчу эмес экен. Бирок анын күчтүү акын экенин көпчүлүк билчү дейт. Токсонго келгенде Текестин белинде эл алдында ооз ачкан экен. Эл үркүп бел ашып баратканда качкындарга баш-көз болуп келаткан Алымкул аттуу азаматка куугундун огу тийип, максатына жеткен орус аскерлери артка кайтып, Алымкулдун киши болбосуна көзү жеткен аксакалдар анын бел ашып кеткен үй-бүлөсүн кайра алдырып келгиче, тиги азамат үзүлүп, туугандарына Муратты угузасың дешкен тура. Ошондо Мурат:

Амандыкка келгенче
Алыстан кепти баштайын.
Айткызып жаткан чындыкты
Алыстан издеп казбайын.
Айта турган кебимдин
Ар жеринен жазбайын.
Албандардын өткөнүн
Абай салып уккула
Алдыңарга таштайын.

Токсонго келип бу күндө
Торгойдой болуп мөгдөдүм.
Жаман-жакшы көрсөм да,
Жазмыштан мурда өлбөдүм.
Ушунча жашка келгенче
Укмуштун баарын көргөмүн.
Өзүм көргөн өмүрдө
Өлбөй турган жандыкты
Өмүрүнчө көрбөдүм.

Билгеним жалган болбосо
Берекелүү жер өлбөйт.
Укмуштун баарын жомоктоп
Учуп жүргөн жел өлбөйт.
Миң жылдап өмүр сүрсө да
Бирдиги бар эл өлбөйт.
Элдин туусун көтөргөн
Арбагы бийик ар качан
Эзелтен бери эр өлбөйт.

Учуп жүрүп кутулса
Жумуртка салып кышында
Аскалуу-зоого түнөткөн
Кайраттуу балбан канатын
Калкып жүрүп түлөткөн
Жан-жаныбар куштарга
Жай алдырбай күн өткөн
Шаңшып учкан кылыч кол
Бүркүт өлбөй калбайбы.
Сүзүп жүрүп кутулса
Балырлуу камыш, шыбырга
Уругун төгүп таштаган
Тоодой толкун болсо да
Толгонуп кайра качпаган
Суу түбүндө термелип
Желге бетин ачпаган
Бедерлүү күмүш жамынган
Балык өлбөй калбайбы.

Коркоктуктан кутулса
Батыш менен чыгышты
Бир күндө баскан жетиден
Жылаңайлак, жылаңбаш
Өлүмдөн качып тентиген.
Кайда барса даяр көр
Күтүп турган бетинен
Комузун чертип ыйлаган
Коркут өлбөй калбайбы.

Соргоктуктан кутулса
Көлдү соруп тойбостон
Балыгын терип жечү экен
Бутум турар жер болсо
Жерди жесем дечү экен
Бүт дүйнөдө жандыктын
Баары ушуга өч экен.
Ата-энесин жеп койгон
Зорун өлбөй калбайбы.

Таамайлыктан кутулса
Асман менен закымдап
Учкандын жанын койбогон
Тоо талашып ыргыштап
Качкандын жанын койбогон
Ийининде жашынып
Жаткандын жанын койбогон
Кайыпты кууган мергенчи –
Кожожаш өлбөй калбайбы.

Табыптыктан кутулса
Дарбыз бөлгөн немедей
Адамдын башын бөлчү экен
Андан оору таппаса
Жүрөгүн тилип көрчү экен
Буту-колсуз мунжуга
Буту-кол жасап берчү экен
Миң бир жашты жашаган
Улукман өлбөй калбайбы.

Пашаалыктан кутулса
Он сегиз миң ааламды
Жалгыз өзү бийлеген
Курт-кумурска, чөп-чардын
Тилдеринде сүйлөгөн
Капаска салып шайтанды
Кайгырып муңга күйбөгөн
Так Сулайман – алтын так
Пашаа өлбөй калбайбы.

Баатырлыктан кутулса
Тегеренип жөтөлсө
Тыңдаймын деген тыңчы өлгөн
Ылайык сөзүн айталбай
Ырдаймын деген ырчы өлгөн
Алыстан келип атайы
Сындаймын деген сынчы өлгөн
Жолборс мүнөз, албарс көз
Манас өлбөй калбайбы.

Сынып калган балтадан
Сынар чырпык чабылбайт
Сызып өткөн кайран жан
Сыздаган менен табылбайт
Мунун баарын эстесек
Кансырап жүрөк кабылдайт.

Тегерете байкасам
Текесте көчмөн эл жатат
Тээтигинде өзгөчө
Телмирте турган бел жатат.
Ошол белдин үстүндө
Олчойгон кара көр жатат
Азыр коюп биз кайттык
Ал жерде
Алымкул аттуу шер жатат, – деп угузган экен деди.

Аңгыча мени концертке чакырып кетишти. Бир жайчылыкта келип Акматаалы аксакалдын кептерин магнитофонго жазып алмай болдум. Аз өтпөй ал кишинин дүйнө салганын угуп, арманым аттын башындай болуп кала бергем. Мураттын мындан башка да керемет ырлары бар деди эле. Аксакал менен кете берди. Армандын арманы ушул болду. Эми ал кишиден жападан-жалгыз ыр калган экен, тытмалабай жайына койбойлубу. Анан калса Жеңижок бирөөнүн ырына муктаж эмес, теңи жок кеткен алп акын эмеспи. Андан көрө Мураттын ырын кыргыз поэзиясынын классикалык үлгүсү катары жыйнактарга киргизгенди ойлонсок дурус болор эле.

Түгөлбай КАЗАКОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.