“Түшүнбөгөнгө Канаттын аялы, түшүнгөнгө кыргыздын жылдызы өлдү”

Казактын кызы, кыргыздын келини, ак таңдай акын Майра Керим кызынын өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон жолдошу Канат байке “Жок” дебестен редакциябызга уулу Акжолтойун ээрчите келип, эжени эскерип берди. Майра эженин жанында да ыр сабында кошо жүргөн “Канатайынын” эскерүүсү окурмандардын назарында.

– Майра акыркы 1,5 жыл абдан кыйналды байкушум. Ичи ооруп, заң да, жел да чыкпай кыйналганынан операция жасатканбыз. Врачтар “рак” деп жаман илдетти айтышып, андан кийин онкологияга жөнөтүштү. Алар “Химиялык терапиядан өткүлө” деп айтышканынан 5-6 курсун алды. Ал ортодо ден-соолугу улам артка кете баштаган сайын тынчсызданып, бир кыйын табып уйгур чалга да алып бардым. Ал “Сенин ооруң рак эмес, бекер операция жасаттың. Эми химиялык терапияңды токтот. Мен өзүм чөп дарылар менен 100% айыктырып берем” деп жакшы эле айтты. Көрсө Майранын бутунун тамырлары ичкерип, жумуру кысылып, ичи ошондон ооруткан экен. Операциядан кийинки алган химия процедуралары өпкөсү менен боорун жанчып салыптыр. Майра өзү табыптарга көп ишенчү эмес. Курбуларынын көбү да врачтар болчу, алардын дагы “Медицина гана дарылайт” деп айткандарына муюп туруп алды. Тиги табып кишиге ишенбейин десең, андан айыгып кеткен көп сыркоолуу адамдарды көрдүм. Майранын диагнозу менен келген, баспай калган бир келинди бутунан тургузду. Өзүмдүн апама да так Майраныкындай диагноз коюп беришти эле, азыр куландан соо болуп айыгып кетти. Эми пендебиз да, өлгөндөн кийин “Минтсе болмок, антсе болмок” дей берет экенбиз. Асылган оору жанын алып тынды…

Майра эженин “Канат Кыргызстанга кеткен боюнча дайыны жок болгондугунан “Бул кыргыз мени алдап кеткен го” деп аркасынан келсем атасынын үйүн салып жатыптыр”-деп айтканын Майра эжени жакшы тааныгандар айтып беришти эле…
Атамдын эмес, кудамдын тамын салып жаткам. Кудам тоонун бетине үй салып жатыптыр. Мен ал кезде прораб болуп иштечүмүн. Жардамдаш деп калды. Фундаментин бүтсөк, кирпичи, кирпичин көтөрүп бүтсөк, дагы бир нерсеси чыгып, кармалып жаттым. Кайра эле келем деп кеткем да. Анан Майра курбу кызы менен аркаман келиптир. Сүйбөсө келбейт эле да. Эгиздердин жаны бирге деп коюшат го. Алар деле 20 жашка чыкканча чогуу жүрүшөт экен да, андан кийин өз турмушу менен кетишет тура. Ал эми мен эгиздер деп аял менен күйөөнү айтаар элем. Өмүр бою бири-бирине жөлөк-таяк болуп, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жашашат. Майра экөөбүз да эгиздердей элек. Жанагинтип элин-жерин таштап мен деп келип, мага тукум улап берген аялзатын кантип эгизим дебей кое алам.

Казактын кызын кантип таап алып жүрөсүз?
Нике кайып буюруп турса кайдан болсо да табышат экенсиң. Мен ал кезде Казакстанда иштеп жүргөн кезим. Курулушчу балдар менен мейманканада түнөп, кафеден тамактанып жашап жүрчү элек. Ошондой күндөрдүн биринде кафеде, маңдайымда татынакай бир кыз тамактанып отуруптур. Көздөрүбүз чагылыша түштү. Мен жалдырап эле отуруп калдым. Майра тамагын ичпей туруп кеткени эсимде. Андан 10 күн өтүп-өтпөй мейманканада кездешип калдык. Майра эжеси менен жездесинин үйүндө мейманда жүргөн кези экен. Ал күнү эже-жездеси алысыраак конокко кетип, үйдүн ачкычын таштабай, унутуп кетишиптир. Анан Майра айла жок мейманканага түнөгөнү келиптир. Ошол жерден атыбызды атап тааныштык. Жылдызыбыз келишип, көпкө чейин жылуу мамиледе жүрдүк. Анан Майраны Балкаштын жээгинен Ысык-Көлдүн жээгине алып келип алдым.

Төкмөлүк өнөрүн сүйлөшүп жүргөн кезде эле байкадыңыз беле?
Жок. Үйлөнгөндөн кийин экөөбүз алгач Казакстанда жашап жүрдүк. Теңтуштарыбыз менен отуруп калганда колуна домбрасын алып, куюлуштуруп калчу. Казакстанда биз жашаган Куртинский районунун маданият бөлүмүнүн башчысы кайнага болуп калчу. Бир күнү “Ага, карындашыңдын төкмөлүгүн билбейт окшойсуң, бир күнү бир айтышка алып чыгып ырдатсаң боло” деп өзүм айткам. Кайнагам көңүлдөнүп калган. Бир курдай Казакстандын Бөлтүрүк Атаханов деген атактуу инсанынын урматына “Айтыш” уюштурушуптур. Майраны ала кетишти. Жолду катар казактын белгилүү төкмө акыны Айтууган Шайымбетов менен айтыштырып, сынашкан экен. Айтууган башында өзү тийишип алып, Майра сазайын колуна бергенде “Машинени токтот, мен калам” деп чычалап дейт, анан Айтууган аганын таарынычын эптеп жазып жетишкен. Ошол “Айтышта” Майра биринчиликти алып, акын аталды. Ошондо да “Мага кылган сыйыңарды Айтууган агама көрсөткүлө” деп ага чепкен жаптырган. Андан кийин Казакстанда өткөн айтыштарга үч жолу катышып, үч жолу тең гран-приге ээ болду. Кийин 1991-жылы Кыргызстанга көчүп келгенибизде “Кыргыздар менин домбрамды, мени түшүнүп өздөрүнө кабыл алаар бекен” деп айтканында, “Кыргыздар эмне сокур же дүлөй беле” деген элем. Кийин менин сөзүм төгүн эмес экенин айтып, “Казакта жүрсөм көп Майранын бири болот элем, кыргызда бир эле Майра аталдым” деп ыраазы болуп жүрдү.

Эже катышкан айтыштарга “болеть” этип барчу белеңиз же өзүн жиберип үйдө калчу белеңиз?
Кийинки кездери жол узун болуп калса “Жол кире да азыр кымбат. Өзүң эле барып кел. Мен балдар менен үйдө эле болуп турайын” деп өзүн жиберчүмүн. Бул жакта болгон айтыштарга дайыма барып колдоп турчумун. Бирок, өзүнө көрүнбөй обочороок жака отуруп алчумун. Операторлор кантип таап алышат билбейм, кийин теледе Майра ырдап атканда мени көрсөтүп калат. Былтыркы Президенттин атынан уюштурулган айтышта гран-прини алганда “Жолодошу Канат кайда отурат” деп издеп калышты. Мен да ордуман атайын турбай койдум. Майра элеңдеп эки жагын карап койот… Ошол учурда бир киши ордунан туруп койду. Мен да ичимден “Бир мүнөт болсо да Майранын күйөөсү аталып, сүйүнүп калсын” деп тим койдум. 1992-жылкы айтышта Майра гран-прини алганда ордуман тура коюп жаман акыбалга калгам.

Эмне болуп?
Мен төкмөлөр айтышып жатканда, залда ким менен катарлаш отурсам алардан “Ким кандай айтышып жатат” -деп сурамжылап отурчумун. Элдин пикирин билгим келчү. Ошол күнү бир белгилүү эле бир генерал аксакал менен катарлаш отуруп калыптырмын. Анын жанында да сакалдуу кишилер толтура. Андан “Аксакал сиз ким утат деп ойлоп жатасыз” десем, “Жанагы казак келиндики дурус болуп жатат. Ошол алат го байгени” десе, мен “Тескерисинче өнөктөшү Табылды Актан кыйын айтты” деп ичимден Майрага тартып жатсам да, өз оюмду айтып койгом. Гран-прини Майра алды дегенде эле, айтышка демөөрчүлүк кылып жаткан Юруслан Тойчубеков агабыз “Казактын кызын кыргызга алып келген Канат инибиз экен. Сахнага чыгып бир ооз сөз сүйлөп кой” деп мени чакырып калды. Ордуман туруп атканымда жанагы генерал киши мени ушундай бир жаман көз-караш менен карады дейсиң. Сахнага чыкканда ошону эстеп сүйлөй албай калсам болобу.

Майра эженин ырларында сөзсүз сиздин атыңыз аталчу эле?
Ал мени ырларында гана сыйлабастан, чыныгы турмушта да сыйлап “Абышкам” деп турчу. Аны эл тааныйт, тойлорго көп чакырат дегендей. “Жалгыз баргыдай эмне мен жесир аял белем” -деп менсиз басчу эмес. Отурганда да Майраны төргө чакырышса, менден өйдө өтчү эмес. Биринчи ага тост беришсе да, “Менин жанымда калпак кийген жолдошум бар. А калпактуу эркектен озуп сүйлөй албайм” деп турчу. Үйдөн аны мен сыйлап турчумун. Китеп да жазчу да. Илхому келгенде бир бөлмөгө тынч калтырчубуз. Балдарым менен тамак жасап, “Биздин сулуу тамак ичеби?” деп тамашалап калчумун. Чыгармачыл адамдар кээде өзүнө-өзү батпай ар кандай болушат эмеспи. Кээде ар кандай үй-бүлөлүк маселелерден улам бир нерсеге жинденип, сүйлөнүп калганда унчукпай эшикке чыгып кетчүмүн. Аныкы да туура, убагында айтып калбаса “Сөз атасы өлөт да”. Кайра үйгө киргенимде жанагынын бири жок “Ой абышка каякка кетип калдың, кел чай ичели”-деп жаркылдап калчу. Көк беттиги жок болчу. Кийинки күндөрү тез-тезден эле жинденип калган, көрсө химия терапия алган кишинин нерви жукарып ачуулу да болуп калат экен. Анда да теңелбей көңүлүн улаганга аракет кылдым. Балдарыбыздын ысык чайын эми ичээрибизде кете бербедиби. Күйүткө малынып жүрө берсең болбойт экен. Анда өзүңдү кыйнаганың аз келгенсип, балдарыңды да кыйнайт экенсиң. Андан көрө балдарга баш-көз болоюн деп айла жок белимди бекем бууп отурам. Майра барда майда-чүйдө жумуштар менен ишим жок эле. 25-сентябрда өзүнүн кыркылыгын өткөрүп жатып, аялдын түйшүгү оор экенин түшүндүм… “Концерт берип калсам” деп сүрөтүн чоң портрет кылып жасатканбыз. Ошол портрети сахнага илингенге буюрбай боз үйгө илинип калды. Көлдөгү үйүбүз жолдун боюнда жайгашкан да. Ары-бери өткөн элдер, биз тааныбагыны деле Майранын сүрөтүн көрүп алышып, машинесин токтотуп, көз көрсөтүп, “Жолдошу ким экен, уулдары ким экен” -деп сураштырып, жаныма келип кайрат айтып жатышты. Майраны сыйлаган кыргыз элиме рахмат.

Уул-кыздарыңыз чоңоюп калышса керек?
Улуу балабыз Эркебулан мени үчүнчү баласына чоң ата кылам деп кубантып турган чагы. Кызыбыз Торгун жогорку окуу жайын быйыл бүттү. Тайэжелери “1,5 айдай бизде жүрө турсун уруксат бер” дегенин жакында эле Казакстанга жибердим. Ал эми батадан бүткөн уулубуз Акжолтой жанымда. Батадан бүткөн дегеним 1992-жылы 20-майдагы айтышта Майранын өнөктөшү Абдылда ыр арасында “Эмки жылы буюрса Канат байкеме уул төрөп бериңиз” деп батасын берген эле. 1993-жылы ошол айтыштан бир жыл өткөндө так 20-майда Акжолтойум жарыкка келген. Анын да апасына окшоп төкмөлүк жайы бар. Түркүстанга эки жолу, Алматыга бир курдай балдар арасындагы айтышка барып катышып келген. Орус-кыргыз тилинде ыр да жазат.

“Майра Керим кызынын наамы жок экен” деп каза болгондон кийин көп эле гезит жазып чыкты. Майра эже өзү наам тууралуу кеп козгоп калчу беле?
Түшүнбөгөнгө Канаттын аялы, түшүнгөнгө кыргыздын жылдызы өлдү. Менин бир таарынычым бар. Майрага ошол бир барак кагазды Маданият министрлиги аябай берип койгондо, көрүнө деле көтөрүп кетпейт эле. Өзү кеп козгоп-козгобогону менен берип койсо ооруп жүргөн адамдын көңүлү көтөрүлүп калат эле. Былтыркы президенттин баш байгесин жеңип алганда да К. Бакиев Досбол Нур уулунан “Гран-прини ким алды” деп сурап, Майранын атын укканда “Ал келинди жакшы тааныйм” деп, наамы жок экенин укканда “Тезирээк наам бергиле” деп С. Раевга тапшырган экен. С. Раев “Карап жатам, жакында болот” деп жатып, былтыртан бери ушул убакка чейин созуп туруп албадыбы. Президентибиз “тааныйм” деп айтып жаткан себеби да бар. Ал Жалал-Абадда губернатор болуп турган убакта Майра ал жакка барганында өнөрүн көрүп, “Жылкыны самолетко салып кете албайсыз” деп, мойнуна алтын чынжырча салган. Андан кийин 1996-жылы Жалал-Абадга курортко келгенибизди угуп, чакыртып, “Түгөйүңүз менен келген экенсиз” деп бир кутучага салынган эки калемсап белек кылган эле. Аскар Акаев президент болуп турганда да Орто Азиянын президенттери келгенде сөзсүз Майраны да кошо чакыртып ырдатчу. Майра дайым орундуу, маданияттуу ырдачу да. Анан эле эли менен кошо президенттер өнөрүн баалаган жубайыма Маданият министрлигинин бир барак кагазы көптүк деле кылбайт эле.

“Асман пресс” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.