Жапма челек жаңы эреже

“Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин” соңку редакциясы үстүбүздөгү жылы жарык көрдү. Буга ылайык мындан ары жазуулардын баары ушул 91 параграфтан турган эрежелерге ылайык жүргүзүлмөкчү. Көптөгөн талаш-тартыштар болгонуна карабастан жаңы эреженин да төгөрөгү төп деп айтуудан алыспыз. Муну жазуу менен алектенген маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жакшы билишет. Анткени бул боюнча карама-каршылыктар бир топ эле. Алар менен күн сайын кагылышып жатканыбыз анык. Ошондуктан жаңы эрежеде байкалган айрым пикир келишпеген түшүнүксүз учурларга токтолуп өтөлү.

2-параграфта (мындан ары §) йоттошкон е, е, ю, я тамгаларынын эмне үчүн тыбыш боло албайт дегендин түшүндүрмөсү жок.

8-§. Төл сөздөрдө р тыбышы сөз башына келбейт деп айтылат. Бирок Рахат, Рамис, Райкан, рух, рабат, рум, рун, рамазан деген сөздөрдү кантебиз. Же баарын эле өздөштүрүлгөн сөздөр деп тилибизди кемите беребизби. Эгер мындай болсо кыргыз тили араб, монгол, орус, фарс тилдеринин негизинде куралган болуп, төл сөзүбүз дээрлик жокко эсе болуп калат. Жада калса ата, апа, эже, ини деген сөздөр да бөтөн элдики болуп чыга келет.

14-§. Йоттошкон тамгалардын жазылышы орус тилинен кирген сөздөрдө колдонулуп, кыргыздын төл сөздөрүндө эки тамга менен жазылса деген пикирлер эске алынган эмес. Ошондуктан жаңы эреже боюнча кийет, чийет деген сөздөр киет, чиет болуп жазылышы керек. Ал турсун кеңейет деген сөз кеңеет болуп жазылат экен.

15-§. е тамгасы да эреже боюнча кыргыз сөздөрүндө кеңири колдонулат. Бирок йод, майор, район, Нью-Йорк, йогурт, Йошкар-Ола деген сөздөр орус тилиндегидей жазыла берет да сойот, тойот, жойот деген сөздөр соет, тоет, жоет болуп жазылат.

45-§. Тилкат, колкап, акчардак, бешбармак, аялзат сыяктуу бир маанини билдирген сөздөрдүн бирге жазылышына жаңы эреже жол бербейт. Аларды сөзсүз беш бармак, аял зат, кол кап, тил кат деп бөлүп жазуу керек. Ал тургай карагер деген сөздү да кара кер деп жазуу зарыл.

Жаңы эрежеде бири-бирине каршы келген же түшүнүксүз негизде киргизилип калган эрежелер көп. Мисалы, астрономиялык энчилүү аттар эки сөздөн турса, бөлөк жана ар бири чоң тамга менен жазылат: Саманчынын Жолу, Алтын Казык, Жети Каракчы.

Ал эми мифологиялык түшүнүктөргө байланыштуу татаал энчилүү аттардын биринчиси баш тамга, экинчиси кичине тамга менен айрым жазылат экен: Адам ата, Умай эне, Ойсул ата, Чолпон ата, Зеңги баба, Көкө теңир ж.б.

Негизинен мифологиялыкпы, астрономиялыкпы же жаныбарларга коюлган аттар энчилүү аттар. Демек, энчилүү ат болгон соң бир эле эреже менен жазылса дурус болмок. Мисалы, Тору-Айгыр деп жердин атын жазып, Торайгыр деп жылкынын атын жазат экенбиз. Ошол эле учурда Акшумкар деп куштун атын, Ак Шумкар деп партиянын атын жазабыз.

64-§. Географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат деген эреже да ынанымдуу эмес. Бул боюнча мектеп окуучуларынын башы айланат. Мисалы, жаңы эреже боюнча Алай-Куу, Кең-Кол, Кара-Кол, Мырза-Аке деген сөздөр бириктирилип жазылышы керек. Бирок куу, кол, аке деген сөздөр өзүнчө турганда лексикалык мааниге ээ экендиги маалым.

Андан ары дарыя, көчө, көл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат экен: Сары-Челек көлү, Суусамыр жайлоосу ж.б. Бирок Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл сыяктуу жер, суу аттарына жанагыдай сөздөр уланса, анда Ысык-Көл көлү, Соң-Көл көлү, Чатыр-Көл көлү болуп жазылышы керекпи? Же Ысык-Көлү, Соң-Көлү, Чатыр-Көлү болуп жазылабы? Мына ушундай суроолор эрежеде ачык көрсөтүлгөн эмес. Себеби, Ысык-Көл суунун, жердин, облустун, атургай райондун атын билдирет. Андыктан кайсы учурда кандайча жазыларын тактап кетишсе болмок. Бул мектеп окуучулары үчүн өтө маанилүү. Себеби: “Такси менен түз эле Ысык-Көлгө түштүк”, “Соң-Көлгө жайлоого чыктык” сыяктуу сүйлөмдөр айтылып жүрөт.

Негизинен, кыргыз орфографиясынын жаңы эрежесин кабыл алууда 90-жылдан кийинки абал эске алынган эмес. Конституцияны маалымат каражаттары Башмыйзам деп атап чогуу жазып келди. Бул жаңы кабыл алынган сөздөр окурман журтуна сиңип да калган эле. Бирок жаңы эреже Баш анан мыйзам деп ажыратып жазгыла деп жол көрсөтөт. Саясий деген сөздү кыргыз тилинин аталышындай саясый деп жазып келдик. Бирок жаңы түзүлгөн орфографиялык сөздүктө мурдакы бойдон саясий деп берилиптир. Бул сөздүн ушундай жазылышы кыргыз тилине мүнөздүү үндөштүк (сингармонизм) мыйзамына да туура келбейт. Мурда Алматыны Алма-Ата деп жазчу элек. Акыркы жылдары кошмок сөздөрдү бириктирип жазууга көнүп калганбыз. Чегара, тилгат, көзкараш, сарала, карала, колкап, эларалык, ачкөз, көкжал, ашказан, куржалак, колбашчы, жолбашчы ж.б. сөздөрдү эл кабыл ала баштаган. Мындан тил өксүп кеткен жери жок, Кара-Балтаны Карабалта деп жазуудан тилдин даараты бузулбайт. Эң негизгиси, коом өзгөрүп турат. Анын ичинде тил да өзгөрөт. Канткен менен бул акыркы чечим эмес. Кеч болсо да дагы бир жолу жалпы коомчулук өз ойлорун ортого салып, бир пикирге келер деп ишенип туралы.

Келдибек НАЗИРОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.