Жеңишбек Жумакадыр: “Салт кармаган аталардын, сакалынан арак турса куюлуп, Мен алардын кантип алам батасын?”

Кантип көрбөйм, кантип укпайм
Жаным бирге, каным бирге кыргыз элди?
Ушул улуу кыргызымдын
Мээрими зор мекенине кимдер келди?

Үстөк-бүстөк азапты үйгөн келди,
Өз төрүндөй өтүгүн илген келди.
Балдарыңды өз динден чыгарышкан,
Пачкалаган акчаларга сугарышкан,
Бурмаланган туура эмес диндер келди.

Жашыңды да, карыңды да,
Жинди сууга азгырган жиндер келди.
Жинди кылган кыргыздарды,
“Жинди суу” деп айтпаска аргам барбы?

Калп, деп айтчы!
Калааңарда, айлыңарда,
Ичпеген чалдар барбы?
Ичкиликти унутушуп,
Иштеген балдар барбы?
Ичип жатат,
Балагатка толгон балаңар,
Ичип жатат,
Босогодо төргө отурар карыя.
Ичип жатат,
Энелер да, жеңелер,
Калбагансып уят-намыс, ары да,
Ала-Тоомду каптагансыйт,
Арак аттуу дарыя.

Касиеттүү мекенимде
Турчу эле го кут жанып,
Урпактарды ойлобостон Ушунчалык уктадык.
Кагылайын кымыз
жыттуу мекеним,
Бара жатат арак,
түтүн жыттанып.

Айтчы, аталар!
Кычкыл сууну
Кыйбай неге татасың?
Кыдыр салган жолду көрбөй,
Кыйшык неге басасың?
Кыбылага бутту керип,
Кудай берген кутту жерип,
Кесирленип жатасың.
Нарктуу дастан,
Санжырадан кеп кылбай,
Насбайыңды атасың.
Салт кармаган аталардын,
Сакалынан арак турса куюлуп,
Мен алардын кантип алам батасын?
Чыркыраган бүл дүйнөдө,
Чындык аз да, жалган көп,
Кубаныч аз, арман көп.
Ылайыгы эч келбеген,
Кыргыздардын арасында,
Ырым-жырым андан көп.

Кекиртекке шылтоо кылып,
Көргөн жерде ичишкен.
Өнөр болду өргө чапкан,
Өлгөн жерде ичишкен.
Жамандыкта жаман сууну,
Журтум неге койбойсуң?
Акыбалын арбактардын,
Журтум кандай ойлойсуң?
Арак менен көңүл айтып,
Айткылачы, арбактарды,
Журтум неге кордойсуң?

Акылга келген жандар,
Акыл болсуң укканың.
Тарбиябы кичүүлөргө,
Ачуу сууну жутканың?
Өзүңдү-өзүң өрткө салып,
Өзөгүңдү бузбагын,
Арак менен арам болот жегениң,
Арам болот кусканың.
Арак-арак дей берсеңер,
Бечел болот балдарың,
Безер болот кыздарың,
Эй, кыргызым,
Башка жактан эч бир душман издебе,
Арак сенин душманың!

Арагыңды ойлобостон,
Талабыңды ойлогун!
Учуруңду ойлобостон,
Тукумуңду ойлогун!
Кумарыңды ойлобостон,
Убалыңды ойлогун!
Келечекте келе турган,
Туягыңды ойлогун!

Дарты күчтүү ушул арак,
Дагы эмнени айтмакмын?
Түпкүрүнө жетсек деймин,
Тилек менен максаттын.
Аракты эч ким женген эмес,
Жеңген бирөө бар болсо,
Алтын медал такмакмын.

Ич аракты!
Ошончолук эгер бийик бааласаң!
Ич аракты!
Өзүңдү-өзүң кыргыз дебей,
Айбан кылып тандасаң!
Ич аракты!
Урпактардын маңкурттугун кааласаң!

Аллах бизди жаратаарда,
Чындык бол деп жараткан.
Акыл берип, адам кылып,
Кыргыз бол деп жараткан.
Түшүнгүлө ичкен жандар,
Түпкү атабыз өлгөн эмес арактан.

Билесиңер арак-арак,
Кол-бутуңду шал кылат,
Төрт аяктуу мал кылат,
Көкүрөгүң тар кылат.
Билесиңер, ысык болсоң муздатат,
Узун болсоң кыскартат.
Катуу болсоң жумшартат,
Түбү келип түшүнгүң,
Түбөлүккө уктатат.

Арак менен өтө албайсың төргө да,
Чыгалбайсың өргө да.
Баталбайсың жерге да,
Жагалбайсың элге да.

Көз жумган соң бүттү дебе,
Арак үчүн жазасы бар Кудайдын,
Тынч жаткырбайт көргө да.
Биз кыргызбыз,
Ийри жолду түзөгөн,
Жыртылганды бүтөгөн.
Мен кыргызмын,
Кыргыз үчүн чындыкты айтып,
Күчөгөнүм күчөгөн.
Жаратканга дуба кылам,
Ичкендерди чыгаргын деп шишеден,
Канча жоону жеңген кыргыз,
Аракты да жеңээриңе ишенем!

“Ислам маданияты” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.09.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.