Бишкектеги эл аралык көчө театрларынын фестивалы “Жашоодо өзүңдүн ордуңду тап” аттуу ураан астында өтөт

14-17-октябрда Бишкек шаарында көчө театрларынын эл аралык фестивалы өтөт. Ал “Шаардагы орун” (“Место в городе”) деп аталып “Жашоодо өзүңдүн ордуңду тап” аттуу ураан астында өтөт. Бул тууралуу “Место Д…” театр-клубдун директору Александра Багдасарова билдирди.

Анын айтымында, уюштуруучулар көрүүчүлөрдү бул жашоодо өз ордуңду табуу менен өз ойлорун, алдыга койгон пландарын ишке ашырууга чакырат.

“Фестиваль шаардын бир нече жеринде өтөт. Аны менен бирге көрүүчүлөр өздөрү да артистик кесипти аркалап көрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мындай фестиваль борбордо буга чейин да уюштурулган. Бирок ал фестивалга Борбор Азия мамлекеттериндеги театрлардын труппалары гана катышкан. Бул ирет ага 10дон ашык мамлекеттердин – Франция, Словения, Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн театрларынын труппаларынын катышуусу күтүлүүдө”, – деди ал. Фестивалга Кыргызстандын теаралдык жана музыкалык коллективдери, цирк артистери, каскадерлор катышат.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 07.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.