“Тилибиз-биздин дилибиз” аттуу методикалык окуу куралынын бет ачары өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата “Тилибиз-биздин дилибиз” аттуу методикалык окуу куралынын бет ачары өтөт. Бул жөнүндө “Кабар” маалымат агенттигинин кабарчысына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы билдирди.

Мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына карата иш планга ылайык мамлекеттик тилди окутуунун заманбап окуу куралын жайылтуу талкууланып, авторлор менен жолугушуулар өтөт.

Иш чара тил комиссиясы жана К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети тарабынан уюштурулган. Методикалык окуу куралы эки бөлүктөн турат – негизги бөлүк жана иш дептери. Анын авторлору Өмүралиева Сүйүмкан, Кундузакова Светлана, Абыкаимова Орункан. Эки усулдук колдонмо ОБСЕнин каражатына жарык көрдү.

К. Ашырова, “Кабар” МА, 07.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.