Бүгүн Бишкекте көчө театрларынын эл аралык фестивалы башталат

Анын алкагында Ала-тоо аянтында Борбор Азия кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө менен бирге мастер класстар уюштурулат. “Место Д…” театр-клубдун директору Александра Багдасарованын айтымында фестиваль “Шаардагы орун” (“Место в городе”) деп аталып “Жашоодо өзүңдүн ордуңду тап” аттуу ураан астында өтөт.

Сахналар борбордун “Курманжан датка”, Уркуя Салиева эстелигинин алдында, эски аянтта, Ала-Тоо борбордук аянтта, Панфилов атындагы сейил багында, Держинский бульварында, ЦУМдун астында уюштурулат.

Фестивалда “Мо Нумент», «Чула-Чун айылы», «Профессорлор», «Салам, сенин атың ким?», «Бактылуу бололу» жана башка спектаклдар коюлат. Ага Кыргызстандын театралдык жана музыкалык коллективдери, цирк артистери, каскадерлор катышат.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 14.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.