Тажикстандын таасири бизге тиеби, мамлекеттик тилге кыргыз бийлиги күйөбү?

Бүйүр кызыткан мыйзам
Орусияны экономикалык жана стратегиялык өнөктөш катары эсептеген, “Рогун” ГЭСин биргелешип курууга макулдашкан Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында “Мамлекеттик тил жөнүндө” жаңы мыйзамга кол койду. Мамлекеттик башчысы сунуштаган бул мыйзамды талкуулоодо парламенттин спикери Махмадсаид Убайдуллаев: “Республиканын жараны болуп туруп, анын мамлекеттик тилин билбегендик патриоттуулукка жатпайт” – деп белгилеген. Ошентип, “Тил жөнүндө” 1989-жылдагы “орус тили улуттар арасындагы пикир алмашуучу тил” статусу эми жокко чыгарылды. Натыйжада, бүтүндөй мамлекеттик иш кагаздар, укуктук актылар, билим берүү тармактары, менчиктин бүтүндөй формаларынын документациялары дээрлик тажик тилинде гана жүргүзүлө турган болду.

Тил боюнча бул мыйзам бир кыйла бүйүр кызыткан талаш-тартыштарды пайда кылды. Себеби, Тажикстанда жашаган 7,5 миллион калктын 1 миллионго жакыны өзбектер, 100 миңден ашууну орус тилдүүлөр болсо, калктын 2 пайыздан ашыгын кыргыздар, украиндер, кореецтер, немецтер жана башка улуттар түзөт. Албетте, калктын ушул катмарын бетине чүмбөт кылып, бул мыйзамга Тажикстандын Мажилисинин (парламентинин) 4 пайызын түзгөн Коммунистик партиясы каршы чыккан, бирок Мажилистин депутаты, Тажикстандын элдик акыны Гүлназар Кельди: “Арадан 20-30 жылдан кийин мыйзамды кабыл алганыбызга сыймыктанар учур келерин орус тилине расмий макамды (статусту) калтыруу” тажик тилинин өнүгүшүнө жана сакталышына кедергисин тийгизерин баса белгиледи. Жүйөөлүү айтылган бул пикир көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болду. Ошол эле учурда мамлекеттик тилди өнүктүрбөй туруп, эгемендүү мамлекет болуу мүмкүн эместиги тууралуу кеңири сөз козголгон эле.

Белгилей кетчү нерсе, мындан ары Тажикстанда мамлекеттик тилди билбегендер жооптуу кызматтарга алынбайт, ошол эле учурда тил мыйзамын бузгандарга 160 АКШ долларынын эсебинде айып пул салынат. Эгерде бул өлкөдө орточо эмгек акы 60 долларды түзөрүн эске алсак, мамлекеттик чиновниктер гана эмес, бүтүндөй жарандар кыска мөөнөттө тажик тилин өздөштүрүүгө мажбур болушат.

Орус журналисти Сергей Расов Тажикстанда жашаган башка улуттардын 30 пайызы тажик тилин билбей тургандыгына каңырыгын түтөтсө, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ боюнча иш алып баруу комитетин жетектеген Алексей Островский муну “чоң катачылык” катары санайт жана Орусия тажик мигранттарына иш берүүгө тыюу салууга аргасыз болот – деп ачыктан ачык коркутуу жасап отурат. Ал эми Россия Федерациясынын Президентинин жардамчысы Сергей Приходько “Тажикстандын орус тилине чектөөсүнө түшүнүк берүүнү” талап кылат. Негедир алар Тажикстан Орусияга көз каранды эмес, өз алдынча эгемендүү мамлекет экенин “унутуп” койгон көрүнөт. Ошол эле учурда бир мамлекеттин экинчи мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө жобосуна каршылык жасагандай таасир берет.

Тажикстанда мамлекеттик тил боюнча демилге биринчи жолу көтөрүлгөн жок. Өлкөнүн президенти Эмомали 2007-жылы Рахманов фамилиясын Рахмонго өзгөртүп, андан кийин орус тилиндеги географиялык аттарды тажикче которгону да учурунда резонансты жараткан. Ал өз улутунун чыныгы уулу катары тажик тилин чыныгы мамлекеттик тилге айландырууга чечкиндүү аракетин “орус тилинен баш тартуу” менен улантып отурат.

“Орус тили – улуттар ортосундагы байланыштуу тили” макамын (статусун) Өзбекстан 1995-жылы эле четке каккан, бирок мектептерде жана жогорку окуу жайларында орус тили окутулат. Түркмөнстанда бул макам сакталса да, алар 2003-жылы Орусия менен кош жарандуулукту алып салган, ушундан улам 100 миңдей орустар көчүп кетип, орус тили дээрлик колдонулбай калган. Казакстанда орус тили мыйзамда формалдуу расмий тилге айланган, бирок алар 2010-жылдан баштап, мамлекеттик кызматтарга казак тилинде сынак тапшыргандарды гана ала башташат. Ошол эле учурда алар казак тили “кубаттуу жана улуу тил” деп жарыялашкан. Ал эми Орусия менен кош жарандуулук жана орус тили официалдуу расмий мүнөзүн сактаган бир гана Кыргыз Республикасы болуп саналат. Ушундан улам, Тажикстандын тажрыйбасынын таасири бизге тиер бекен, же…

Тил сакталбай, дил тазарбайт
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары кыргыз тили мамлекеттик тил катары статуска ээ болгон. Учурунда 10-15 жыл аралыгында башка улуттар жана элдер кыргыз тилинде “түш жооруп калат” деп ооз көптүргөнбүз. Ошол максатта “Кыргыз тили” коому түзүлүп, орус мектептерине чейин кыргыз тили сабагы киргизилген, бирок андан майнаптуу жыйынтык чыккан жок. Коңшу өлкөлөр өз тилин “улуу тил” деп жарыялаган учурда, тетирисинче, Кыргызстан орус тилин официалдуу “расмий тил” катары тааныган эле. Ошентип, өз тилибизди өгөйлөп, бүтүндөй бийлик өкүлдөрү чогулуштарда жана жыйындарда орусча сүйлөөнү адатка айландырышкан. Ага эл арасында отурган жалгыз-жарым орустардын жана маңкуртка айланган “киргиздердин” түшүнбөй калары шылтоо болду. Буга кошул-ташыл болуп, кыргыз тилин англис тили да “алкымдап” калды. Ал түгүл менчиктин кайсы түрүнө кызматка кирүү үчүн “кыргыз тилин билбесең билбе”, бирок орус жана англис тилин билүүгө милдеттүүсүң, бул эми тил артыкчылыкка ээ экени айныксыз далил. Ушундан улам, эне тилибиз мамлекеттик тил катары үстөмдүк кылбастан, бул эки тилдин таасиринде “өлүк тилге” айлануу коркунучуна дуушар болгонун ачык айтууга туура келип отурат.

Жакында “Кыргыз тили” коомунун 20 жылдык мааракеси белгиленип, анда адаттагыдай жетишкен “зор ийгиликтер” тууралуу кеп козголду. Өкүнүчтүүсү, ушул мааракеде чиновниктердин орус тилинде сүйлөгөнүнө күбө болбодукпу. Ушул шартта кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрү кадырлайбы? Эне тилибизди баркташабы? Мамлекеттик тилибизге дегеле кыргыз бийлиги камкордук көрөбү? – деген мыйзамдуу суроо пайда болот.

“Тууган күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат” – демекчи. “Накта” президентибиз К. Бакиев деле кырдаалга туура келеби, же келбейби, азыркы күндө жалаң орус тилинде сүйлөгөндү адатка айландырды. Жогорку Кеңештегилер сессия учурунда кыргыз тилин сейрек колдонушса, премьер-министр И. Чудинов орус болгондуктан өкмөттүн курамы жалаң орус тилинде сүйлөп калышты. Анан кантип мамлекеттик тилибиз өнүгөт, ушул шартта бир нече жылдан кийин “өлүк тилге” айланып каларын ойлогон патриот жетекчилер качан чыгат? Бул өтө коркунучтуу синдром, эне тилибизге мамиле ушул деңгээлде калса, дилибиз гана бузулбастан, кыргыз элинин жоголушуна алып келерин неге эске албайбыз? Эмомали Рахмондой чечкиндүүлүктү эмнеге биздин бийлик башындагылар көргөзө алышпайт?

Тажик туугандардан арданбай таалим алуу керек. Биздин өлкөдөгү диаспорлор мамлекеттик тилди өз тилиндей урматтоого талап катуу коюулууга тийиш. Ал башка чет тилдерди көп билгенине карабастан, кыргыз тилин билбегендерди мамлекеттик кызматтан четтетүү зарыл. Ошондо гана орус тилдүү “киргиздерден” тарта, өлкөбүздүн бүтүндөй жарандары мансап үчүн болсо да эне тилибизди үйрөнүүгө мажбур болушат. Өлкөдөгү мекеме-ишканалар гана эмес, чет элдик ишканалар Кыргыз Республикасынын аймагында Тажикстан сыяктуу иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө тез арада өтүү керек, себеби, белгиленген мөөнөт өтүп бүттү. Мажбурлоо жолу менен болсо да эне тилибизди барктоого жетишкенде гана, өлкөбүздө башка улуттар жана элдер кыргыз элин урматтоого аргасыз болот. Элибизди жана эгемендүүлүгүбүздү сактап калуу үчүн биз сыяктуу аз сандагы эл жарандык өлкөдөн улуттук мамлекетке өтүүсү, улуттук патриоттук сезим улуттук идеологиясы болуп калышы керек. Бизде азыр мындан башка ишенимдүү жол жок. Эне тилибизден үрккөндөрдүн көбү өздөрүн “эл каймактары” деп эсептешет, бирок алар чынында калк арасында “эл бузарлар” экендигин, эне тилин билбеген маңкурттар экенин ачыкка чыгарууга учур жетти көрүнөт…

Эртабылды Аттокуров, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.10.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.