“Айтматов ааламы” жарык көрдү

Маданият агенттигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасы Жусупбек Бакиев атындагы коомдук фонд менен биргеликте «Айтматов ааламы–Вселенная Айтматова» аттуу библиографиялык энциклопедиялык жыйнак чыгарышты.

Китеп бардык зарыл материалдар менен камсыздалган. Окуучу андан Айтматовдун чыгармачылыгына тийиштүү жана анын чыгармачылыгына байланыштуу бардык маалыматты таба алат. 498 беттен турган китеп 1 миң нускада басылып чыккан. Бул туурасында бүгүн маданият агенттигинин пресс-катчысы билдирди.

“Кабар” МА, 11.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.