Бааланбаган баалуулук, алсыраган маданият

Дүйнө элдери бири-биринен тили, тутунган каада-салт, маданияты менен өзгөчөлөнүп, айырмаланат эмеспи. Ошол эле учурда сыймыктанышат, даңазалашат. Камкордук көрүп, аздектеп күтүп, кадырлап баркташат. Бизде тескерисинче, улуттук рухий баалуулуктарга, маданий мурастарга, искусствого жалпы эле мамлекеттин жүзүн көрсөтчү маданиятка оңдуу көңүл бурулбай, өгөйлөнүп келет.

Эгемендүүлүккө ээ болуп, эркин мамлекет болгондугубузга карабастан улуттук рухий асыл баалуулуктарыбыз өркүндөп-өсүп, канат- бутагы жайылып, кенен арыш таштай албай жатат. Буга өзүбүздүн мамлекет башындагы эл бийлеген төбөлдөрдүн кайдыгер, караңгы мамилеси кедергисин тийгизип, улутубуздун уңгусун улоочу маданиятыбыз көз жаздымда калууда. Маданиятка олуттуу маани берилбегенден улам, Маданият министрлиги бирде түзүлүп, бирде жоюла берип, улут кызыкчылыгы улагага сүрүлүп, кыргыз элинин руханий асыл дөөлөттөрүн, нарктуу салт-санаасын аздектеп, кадырлоого болгон көз караш солгун тартты. Айрым, учурларда улут кызыкчылыгына карама-каршы келген жүрүштөр жасалып, кыргыз элинин рухуна доо кетирип, башка улуттардын алдында беделин түшүрүүгө болгон аракеттер көп кайталана баштады. Буга мисал катары, кыргыздын тарыхында болбогон жосундун кейипкери жумуртка басып тургансыган чачы кесик, канаты бар түндүк көтөргөн аялдын айкели, борборубуздун чок ортосунда орун алганын айтсак жарашат. Калмак, кыргыз кырчылдашып турган жоокерчилик заманда, калмактар катының түндүк көтөрүп калсын деп каргаган дешет. Улуттун уңгусуна доо кетирчү дал ошол каргышты даңазалаган айкелди алдырып салгандын ордуна, Манастын айкелин орнотуп алгансып сыймык тутуп жүрөбүз. Анысы аз келгенсип, калмактардын Нескара, Жолой, Шыпшайдар баштаган кыргыздын душмандарынын айкелдерин борбордук аянтка койдуруп, элдин аң сезимин текшерип, анализ жасашты. Кыргыздык намысы барлар чуу салгандан соң, ал айкелдерди биротоло жок кылбастан, көпчүлүктүн көзүнөн далдоо, бирок, кыргыздын келечеги болгон жаштар көп жүрчү “Сүйүү паркына” орнотуп коюшту. Үн каткан эч ким боло элек. Ааламда жашаган асыл мурастардын көч башында турган, кыргыз рухунун туу чокусу болгон “Манас” эпосун кытайларга тарттырып жибердик, дале болсо бийлик башындагы “көзүрлөрдөн” үн чыкпай, дымыйт. Мына ушунун баары маданиятыбызга терең маани берип, кадырлап күтө албай жатканыбыздын кесепетинен чыгууда. Башкача айтканда “балык башынан сасыйт” деген көрүнүштөн арыла албай убара тартуудабыз.

Мына жакында Президенттин башкаруу системасын жаңылоого болгон реформасы аягына чыкты. Улуттук асыл баалуулуктарга кам көрчү маданиятыбызга дагы да болсо көңүл кош мамиле жасалды. Маданият жана маалымат министрлиги жоюлуп, агенттикке айланды. Президент чогулуш жыйындарда ата-бабабыздан келаткан нарк-насилдерге көңүл буруу зарылдыгы жөнүндө айтып калчу сөздөрүн, өзү жокко чыгарды. Анан канткенде маданиятыбыз өнүп-өсөт. Дүйнөдө Маданият министрлиги жок мамлекет болбосо керек. Маданияты, тарыхы, тили жок мамлекет – толук кандуу мамлекет болушу кыйын. Андыктан, мамлекеттик мүлкү калбай калган соң, жеке адамдардын мүдөөсү үчүн Мамлекеттик мүлк министрлигин түзүп, жалпы улуттун кызыкчылыгын көздөгөн Маданият министрлигин жоюунун кажети бар беле? Албетте, жок. Кийип жүргөн чапаныбыздын бир өңүрүн үзө чапкандай кылып, маданиятыбыздын тизгинин кыскартканга муктаж эмес элек. Ал аз келгенсип, мамлекеттик тилдин 20 жылдыгына барып Ташбоо мырзага “Даңк” медалын ыйгарып, сөз сүйлөгөн ажобуз Мамлекеттик тил комиссиясын да жоюп жиберди. Мамлекеттик чиновниктерди кыргыз тилинде сүйлөөгө мажбур кылган кыргыз тилине арналган үч айлык аягына чыкпай, кыргыз тилине кыжынгандардын курмандыгы болуп кетти. Кыргыз тилинде сүйлөөгө үч айлык жарыяланганда Максим Бакиев, Татьяна Бакиева эми кантет деп “тынчсыздандык” элек, бирок, “кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты” болду да калды. Такталбаган маалыматтарга караганда Мамлекеттик тил комиссиясын, эң кур дегенде агенттик кылып коёлу деген ажого таасири күч, кыргыз дегенде куйкасы курушкан айрым бир күчтөр караманча каршы чыгышып, жойдуруп жиберген дешет. Бекер жеринен Маданият министрлигинин да кулачы кыскарып, канаты кайрылып жаткан жок.

Ошентип, башкаруу системасын реформалоо айтылып да, жазылып да ашмалтайы чыгып жаткан башкасын айтпаганда да, кыргыздын тили менен маданиятына тымызын сокку болду. Образдуу атканда, эки канаты тонолгон куштун кейпин кийди. Эгемендүү эркин мамлекет аталганыбыз менен тилибизге, маданиятыбызга оңдуу көңүл бурбай, кыргыздык асыл баалуулуктарыбызды, рухий дөөлөттөрүбүздү өзүбүз өгөйлөп, жерип келүүдөбүз. Болбосо, ошого жол берип жатабыз. Улуттук тилине, маданиятына бөтөн элдердей, башка мамлекеттердей болуп, камкордук көрүп, аздектеп, урматтап кадырлаган даражага жетпей, тескерисинче, көңүл кош, кайдыгер мамиле кылуудан такыр чарчабас болдук. Ага арданып, уялбай да калдык. Улуттук көрөңгөбүз бөксөрүп, намысыбыз тарып бараткансыйт. Ойлонбойбуз. Көздөгөн максатыбыздын баш-аягы билинбей, багытыбыз туңгуюк. Түбү көрүнбөгөн чексиздикте тирүүлүгүбүзгө ыраазы болуп, учу-кыйыры жок мунарыктаган деңизде калагы жок кайык минип калкылдап, баратабыз.


Маданият министрлигинин статусу төмөндөп, агентикке айланышына көз карашыңыз кандай?
Уркаш Мамбеталиев, манасчы:
– Мындай көңүл чөгөргөн жагдайга бүтүндөй көпчүлүк, өзгөчө маданият ишмерлери өтө нааразы. Анткени, искусство, маданият тармагы терең тамыр жаялбай, солгун тартып турганда, Маданият министрлигин төбөдөн ургансып ого бетер статусун төмөндөтүү, акылга сыйбаган жосун болду. Ансыз да маданиятыбыз гүлдөп кеткен жери жок. Манас атабызды кытайларга тарттырып жибергенибиз аз келгенсип, маданиятыбыздын, тилибиздин канат-куйругун тоноп салдык. Өзүбүздүн руханий баалуулуктарыбызды өзүбүз коргоп, кастарлап көтөрбөсөк, башка жактан бирөө келип гүлдөтүп жибербейт. Ошондуктан, Маданият министрлигин кайра калыбына келтирүү керек. Ансыз маданиятты көтөрүүгө, улуттук баалуулуктарды коргоого мүмкүн эмес.

Ишенбай Абдуразаков, коомдук ишмер:
– Менимче маданият жаатына көбүрөөк көңүл буруп, жакшылап маани бериш керек болчу. Анын ордуна маданиятка кайдыгер мамиле жасалып, статусун кичирейтип, артка тартып салышты. Тескерисинче, улуттук асыл дөөлөттөрдү жандандыруу, рухий пайдубалын чыңдоо зарыл эле. Маданиятсыз бул маселелерди чечүү мүмкүн эмес. Бирок, баары теңирден тескери болду. Мен бул кадамды жакшы түшүнбөй калдым.

Абдувахаб Мониев, “Пресс kg” газетасынын башкы редактору:
– Өткөн жайда ак үйдүн саясий технологу Сергей Масаулов Кыргызстан боюнча болжолдонгон жети долбоор жөнүндө жазып чыккан. Ошол долбоорлордун ичинде Кыргыз мамлекетин жоюп, башка мамлекеттердин курамына киргизүү жааты да каралганы айтылган. Конституцияны жана мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам баш болгон, башка мыйзамдарды тебелеп-тепсөө менен кыргыз тилин, кыргыз маданиятын арткы планга сүрүп, Мамлекеттик тил боюнча комиссиясын, Маданият министрлигин жоюу, Кыргыз мамлекетин жоготуу долбоорун аткарууга багытталган алгачкы кадам болушу да мүмкүн.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер:
– Бул өтө чоң адашуу, орой ката деп эсептейм.

Жеңишбек Токтобеков, төкмө акын:
– Бул жагдайга аябай капамын. Министрликтен агенттикке төмөндөгөн маданиятыбыз кантип өсөт. Мындай сабатсыз көрүнүштү чынында кыргыздын рухуна, баалуулуктарына бут тосуу катары санайм.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.