Кыргыз тил сөздүгү жаңырды, кыргыз киносу жанданды

Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунан 40 басма табак көлөмүндө “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” чыгып жатат. 6-ноябрда кыргыз киносуна арналган иш-чаралар башталат.

Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунан кырк басма табак көлөмүндө “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн”академиялык басылмасы даярдалып, басылып чыгуунун алдында турат. “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн” жаңыланып чыга элегине кырк жылдай убакыт болуп калды. Сөздүктү даярдоого адистер Жүзөкан Осмонова, Садыбакас Шатматов, Сыртбай Мусаев, Ибраим Абдубалиев жана Абдылдажан Акматалиевдер катышты. Аталган сөздүк 10 миңдей сөздөн турат. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиевдин  айтымында, “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн” жаңыланып чыгышы – мезгил талабы болду:

– 40 жыл убакыттан бери коомубуз, ага жараша аң-сезимибиз өзгөрдү. Кыйла жаңы сөздөр кирди. Мына ошол жаңы сөздөр кайсылар, маанилери кандай – биринчиден сөздүктү даярдоо ошол багытта жүрдү. Экинчиден,  совет учурунда, айрыкча атеисттик планда каралган диний сөздөр, “Манастагы” жана айрым залкарлардын сөздөрү кирбей калган. Мына ошолор кайра иштелип киргизилди.

Учурда “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнүн” сигналдык нускасы чыкты. Жакын арада Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда аталган сөздүктүн бет ачары да өтмөкчү. А негизи “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” жалаң эле тилчилерге, адабиятчыларга гана керектүү эмгек эмес, ал жалпы эл, коомчулук үчүн керектүү:

Мына кечээ жакында телени карап отурсам, айрым жаштар “мүнүшкөр” деген сөздүн маанисин билбей жатышат. Буга окшогон канча сөздөрдүн маанилерин билишпейт учурдагы жаштарыбыз. Андыктан бул сөздүк жаштарыбызга, жалпы эле элибизге, коомчулукка абдан керектүү эмгек болуп саналат деп ойлойм.

Бул аптада жана келе жаткан жумаларда Кыргызкино департаменти өлкөдө, 17-ноябрь эл аралык кино күнүнө карата бир канча иш-чараларды өткөрөт. 6-ноябрда Кино үйүндө “Бетме-бет” сериясынан Айтматовдун чыгармалары боюнча тасмага алынган киноактер Токон Дайырбеков менен жолугушуу өтөт.

Ошондой эле келерки жумадан Сүймөнкул Чокморов тартылган кинофильмдердин жумалыгы башталып, Кыргызкино департаментинин директору Абибилла Пазыловдун “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча Сүймөнкул Чокморов менен кинофильмдерге кошо тартылган айрым атактуу актерлордун Кыргызстанга келери да күтүлүүдө:

Жакынкы күндөрдө Сүймөнкул Чокморов тартылган “Жетинчи ок” кинотасмасынын режиссеру Али Хамраевдин, атактуу киноактер Армен Джигарханяндын, дагы башкалардын Кыргызстанга келиши күтүлүүдө.

17-ноябрь Эл аралык Кино күнүнө карата Кыргызкино департаменти тарабынан республиканын аймактарында, балдар үйлөрүндө жана карылар үйлөрүндө кыргыз кинофильмдерин бекер көрсөтүү жүрмөкчү.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 04.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.