Бишкекте К.Орозов атындагы оркестрдин концертти өтөт

17-ноябрда кечинде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Карамолдо Орозов атындагы Мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концертти болот. Бул туурасында бүгүн “КАБАР” агенттигинин кабарчысына филармониянын коомчулук менен байланыштар боюнча менеджери Светлана Ситоленко билдирди.

Концерттик программада дүйнөлүк классиктердин жана ата мекендик композиторлордун чыгармалары жаңырат. Ошондой эле кечеде республиканын эл жана эмгек сиңирген артисттери меймандарга ыр тартуулашат.

С.Ситоленконун билдирүүсү боюнча, 19-ноябрда “Музыка өнөрү балдарга” долбоорунун алкагында филармониянын камералык оркестринин концертти өтөт. Жаш көрүүчөлөр үчүн программа композиторлор жана алардын чыгармалары, музыкалык аспаптар жөнүндө кызыктуу аңгемелерден түзүлгөн. Өткөрүлө турган концертке балдардын өзүлөрү да түздөн-түз катышат.

ЭАйыпова, ЖТ, “Кабар” МА, 16.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.