Бишкектеги Шубин атындагы музыкалык мектептин 70 жылдык мааракесин белгиленет

Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектеби 70 жылдык мааракесин белгилейт. Бул тууралуу мектеп деректиринин орун басары Ирина Хорошева билдирди. 17-ноябрь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында мааракелик концерт болот. “Программада мектепте тарбиялангандар менен бүтүрүүчүлөр, анын ичинде хор коллективдери, үйлөмө жана камералык оркестрлер жана солисттер катышат”- дейт Ирина Хорошева.

Кечеге Бишкек шаардык мэриясынын, Маданият мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү келишет. Концертке кирүү акысыз.

К. Ашырова, “Кабар” МА, 16.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.