Техастык “Сирокко” тобу Кыргызстанда

Учурда Кыргызстанда АКШнын Техас штатынан чыккан белгилүү “Сирокко” музыкалык тобу жүрөт. Аталган топ Бишкек, Токмок шаарларынын тургундары жана Транзиттик жүк ташуу борборунун аскер кызматкерлерине өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Ар кайсы стилде, анын ичинде рок-н-ролл, поп жана кантри музыкаларын аткарган “Сирокко” тобу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен Транзиттик жүк ташуу борборунун колдоосунда Кыргызстанга келип отурат.

Бул топ музыка жаатындагы чыгармачылык ишмердигинен тышкары Кошмо Штаттардын аскер-аба күчтөрүндө кызмат өтөп келишет.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, техастык музыкалык топтун концерти кечээ күнү Кыргыз-Россия Славян университетинде болгон. Бүгүн, 14-ноябрда, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр борборунда, 16-ноябрь –   Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында, 17-ноябрь – Токмоктогу Маданият сарайында, 18-ноябрь –ИИМдин Академиясында болот.

“Сирокко” тобунун бардык концерттерине кирүү акысыз.

“Кабар” МА, 14.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.